КЫТАЙДА ҮЧ МЕКЕНДЕШИБИЗ АТУУГА БУЮРУЛДУ

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Акыркы мезгилде чет өлкөлөрдө мыйзам бузуп, абактарда камалып жаткан мекендештерибиз көбөйүп бараткандыгы өкүндүрөт. Өткөн аптада Тышкы иштер министрлиги кытай соту кыргызстандык 3 жаранга карата атууга өкүм чыгаргандыгын кабарлады. Биз бул иштин чоо-жайын билип, чакан изилдөө жүргүзүп көрдүк.

ӨКҮМ АТКАРУУ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ТОКТОП ТУРДУ?
Кыргызстандык 3 жаран кандайча Кытайда өлүм жазасына тартылды? Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда аталган мекеменин Консулдук кызмат департаментинин директору Айдит Эркин төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыргызстандык үч жаран Кытай өлкөсүндө эки кытай бизнесменди өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Кытайда иштеген кыргызстандык бизнесмен менен кытайлык өнөктөштөрдүн ортосунда келишпестик чыккан. Анан ал Кыргызстандан эки кишини Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна чакырып, аларды кытайлык эки бизнесменди өлтүрүү үчүн жалдаган экен.
Алар 2007-жылдын 15-октябрында ошол кытай бизнесмендерин өтө мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Жалданма киши өлтүрүүчүлөр 3 күндөн кийин чек арадан чыгып кетерде полиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар кармалгандан кийин тергөө иштери болуп, 2008-жылдын 10-мартында биринчи сот отуруму болгон. Иш кайра тергелип, биздин жарандардын күнөөлөрү далилденип, 12-июнда үчөөнү (буйрутма берген бизнесмен жана ал жалдаган 2 жаран) өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан. Мекендештерибиз Кытайдын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз жазышат. Арыз каралып, өкүм өз күчүндө калтырылган. Анын үстүнө өлгөн кытайлык бизнесмендердин туугандары да “күнөөлүүлөр өз жазасын алышы керек” деп арызданышкан.
Ошентип, 2010-жылдын апрель айында соттун өкүмү аткарылмак, бирок бизде революция болуп кетип, өкүм дагы узартылган. Биздин министрлик өлүм жазасын өмүр бою абакка алмаштырууну кытай өкмөтүнөн суранган. Бирок кылмыш аябай мыкаачылык менен жасалгандыгына байланыштуу биздин суранычыбызды аткаруудан баш тартышкан. Андан кийин дагы өтүнүч менен кайрылып, президентибиз Роза Отунбаеванын, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин жана Тышкы иштер министринин атынан үч кат жөнөткөнбүз. Ошондуктан бир жарым жыл өкүм аткаруу токтоп турду. Эми өлүм жазасы каалаган күнү ишке ашырылышы мүмкүн. Өлтүрүлгөн кытайлык бизнесмендердин туугандары да “эмне үчүн өкүм аткарылбай жатат?” деп сотко басым жасап жатышыптыр. Камалган жарандарыбыз азыркы тапта Гуандун провинциясындагы Фошань шаарынын түрмөсүндө камалып жатышат.
Айдит мырзадан өлүм жазасын күтүп жаткан жарандарыбыздын аты-жөнүн сурасак, “туугандарынын кызыкчылыгы үчүн алардын уруксаты жок атай албайбыз” деп баш тартып койду. Болгону, буйрутма берүүчү башка улуттун өкүлү, аткаруучу экөө кыргыз экендигин билдик.

ЧЕТ ЖЕРДЕ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛГАН БООРДОШТОРУБУЗ КӨП
Кытайдын мыйзамдары катуу экенин сиз да угуп жүрсөңүз керек. Учурда калкынын саны жагынан биринчи орунда турган өлкөдө кылмыштын 59 түрүнө өлүм жазасы каралат. Кытайдын түрмөлөрүндө жогорудагы мекендештерибизден сырткары дагы 12 жараныбыз ар кандай кылмыштары менен камалып жаткандыгы маалым. Алардын көпчүлүгү контрабанда менен кармалгандар. Өкүндүргөн нерсе, ушул тапта чет өлкөлөрдө баңгизаты менен кармалган кыргыздардын саны барган сайын көбөйүүдө. Кытай, Орусия жана Казакстанда баңгизатына байланыштуу кылмышка шектелип же соттолуп абактарда жаткандардын саны 200дөн ашат (көбү Орусияда).

БИЗДЕ “ЗАКАЗЧИКТЕР” СУУДАН КУРГАК ЧЫГЫП КЕТИШЕТ
Кытайда буйрутма киши өлтүрүүнүн ачылышы кадимки көрүнүш сыяктуудур, биздин өлкөдө болсо жалданма киши өлтүрүүлөрдүн саны көп болгону менен, алардын көпчүлүгүнүн бети ачылбайт. Ачылган күндө да заказды аткаргандар гана кармалып, ал эми буйрутма бергендер көшөгө артында кала берет.
“Жалданып киши өлтүргөн” деп шектелип кармалган адамдардын көпчүлүгү да убактылуу камоо жайларында же СИЗОдо ар кандай себептерден улам каза болуп калышат. Буйруртма берген адамдар ушундай жол менен артын тазалашары айтпаса да түшүнүктүү. Тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү буйрук берген кишилерди кармап, аларга айып тагуу өтө оор экендигин белгилешет. Айрым бир жалданма киши өлтүрүүнүн артында ким тургандыгы оперативдүү маалыматтардан билинген менен, далилдөөчү так фактылар болмоюнча алардын күнөөсүн мойнуна коюу кыйынга турат.

2005-2006-ЖЫЛДАР – КИШИ ӨЛТҮРҮҮ БОЮНЧА РЕКОРД
Бакиевдин убагында 30 буйрутма киши өлтүрүү катталган. Бул боюнча 2005-­2006-жылдар рекорд койгон. Март ыңкы­­ла­бынан кийин белгилүү каскадёр Үсөн Кудай­бергенов, милиция кызматкери Уран Алиев, кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болуп каза болушкан. “Буйрутма киши өлтүрүүлөрдү аткарган” деп шектелген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн көбү кайра эле жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан каза болушкан.

Буйрутма менен өлтүрүлгөн белги­лүүлөр:

  • “Кара-Суу” базарынын директору Абдалим Жунусов (2005-жыл, сентябрь, белгисиз адамдар үйүнөн атып кетишкен);
  • Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев (2005-жыл, сентябрь, үйүнө кирип бара жаткан жеринен атылган. «Б.Эркинбаевди өлтүрдү» деп соттолуп абакта отургандардын бири С.Батыров быйыл 20-майда спортзалдагы турникке асынып өлгөн. Ал эми экинчиси М.Рузиметов андан 5 күндөн кийин тигүүчү цехте асынып өлгөн);
  • Депутат Тынычбек Акматбаев (2005-жыл, октябрь, №31-колонияга барган жеринен үч жан сакчысы менен кошо атылган);
  • Белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев (2006-жыл, январь, Бишкектин 7-кичирайонунда инисинин үйүнүн алдынан окко учкан);
  • Экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун баласы Бактияр Амражанов (2008-жыл, сентябрь, белгисиз адамдар тарабынан уурдалып өлтүрүлгөн);
  • Депутат Руслан Шабатоев (2008-жыл, сентябрь, борбордогу кафелердин биринде отурган жеринен бирөө телефон чалып чакырган боюнча кайра кирген эмес);
  • Бакиев кезинде Президенттин администрация башчысы болуп эмгектенген Медет Садыркулов (2009-жыл, март, Казакстандан келатып табышмактуу шартта көз жумган);
  • Депутат Санжар Кадыралиев (2009-жыл, апрель, күпкүндүз Бишкектин борбордук бөлүгүндө киши колдуу болгон).

Бул белгилүү адамдардын кээ бирин өлтүргөндөр кармалышты делгени менен, анын бирөөсүнүн да “заказчиги” кармалып, сот жообуна тартылган эмес. Бул жагынан алганда Кытайдын укук коргоо жана сот органдары бир топ адилеттүү экенин моюнга алуу керек.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(39)
22.06.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ozu bizge da olum jazasy kerek .oshtogu kyrgyzdardy olturgon sarttardy da 25jylga kamabayi atysh kerek kyz zorduktagandardy biroonu olturgondordu bardygyn atysh kerek
22.06.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С.Батыртун аты Сабыр эмес бекен Базар Коргондук,ал асынбай эле эки колтугуна укол сайылып олтурулгон,ал да 3аказ экенин билесинерби?
22.06.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийликтер да кытайлыктардан сабак алышса.Күнөөлүүлөрдү ошентип жазалашса кылмыштуулук тыйылмак.
22.06.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыргыздарды олтургонун олтуруп , зордуктаганын зордуктап жатса деле бизде олум жазасына тартылбайт . Аябай окунучтуу ,
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
закзчиктердин баары бийликтегилер оздору да, аны айтпаса да тушунуктуу
25.06.2011. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
scorpiondor сага кошулам
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана жакшы инсандар олуп кетти окунучтуу.
Заказчиктерди Жаратканым озу жазаласын.
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да Баяман олгонуно ичим атышат ал тируу болсо озбектер да озунун местосун билип бироонун жеринде экенин унутпайт эле ....Санжарга да жалко
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olum jazasi bolush kerek, bolgondo da eldin koz aldinda olturulushu kerek kilmishkerler. Islam dininde "kasas" je och aluu d.n nerse bar. Mina ushul nersege tayanip turup, kim kanday kunoo kilsa oshol jol menen olturulushu kerek.
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын киргизбей наоборот омур бою абактан чыкпай ошол жерде чирип олушу керек. А то оной эле атып салса алар жыргашпайбы. Кыйналышып азап тартыш керек!
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
olup atsa emnesine jyrgamak ele,olup atabyz deppi))).
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да негизи олум жазасын колдонуу керек,антпесек озубуздун баатырларды озубуз жок кылып,бири бирибизди кырып жатабызго мекендештерим.Оз олкобуз учун озубуз кам корбосок емне биздин жерибизди башка адамдар келип онуктуруп бермек беле.Оо кыргызым ойлонолу ойгонолу!
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо закон чыгара тургандар арасында болгон учун олум жазасы жана закон кучуно кирбейт.балык башынан сасыйт.
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда качан адилеттуулук орномойун баш аламан боло берет...
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын киргизбей эле андан женил жазаларга эле адилеттуу тартышса ошого эле ыраазы болмокмун ,эмне олум жазасы киргизилсе мыйзамдуулук менен адилеттулук орноп ,социалдык статусуна карабай жазаланып калышат дейсинерби Баягы эле байкуш кедей-кембагал баласы шору куруйт,Бийликтегилер жана башка улуттагылар жыргап куунап жашоо уланта беришет,Абсалюттук турдо каршымын
22.06.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин олкодо олум жазасын белгилоодон мурун, куч органдарыбызды жакшылап калыбына келтируу керек. Антпесек атка минерлерге каршы суйлогондордун баарына жасабаган кылмышты илип, олум жазасына тарта берет.
Ошондуктан аны киргизуу бир аз эрте ушундай кебетебиз менен.
22.06.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто болгон кыргындын уюштурулганы,озбектердин ал кагылышууга даярданганы,бир кочодон экинчи кочого чыккан окоптор курулганы,оружие заранее таркатылганы мисалы мага белгилуу,окоп это мини тоннель, ал бир кундо курулбайт.делайте выводы.
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
подкрепление келгиче алар автомат менен биздин коп адамдарды кырып салган.биздикилер колунда таш,чозмо,бычак ж.б ушундай куралдар болгон.союлган аял,бобок,жаш кыздарды коруп колунан эч нерсе келген эмес!алар олумго кокурогун тоскон!а тема боюнча айтсам олум жазасы болуш керек.адам кылмыш жасагандан коркуш керек,олум жазасы кылмыштуулукту азайтат.
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен озунун созуно озун ответ кылыватасын не лезь в чужой монастрь деп сарттар оз жеринде кылватабы ушунун баарын озунун созуно озун анализ берип корсон
22.06.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул макалды кытайдагы биздин кыргыздарга тийиштирип айткан,
22.06.2011. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен тушунбой калдын ал озбек эле эмес кыргыздардын деле мыкачысын кордум дейт кыргыз оз жери учун патриотизм менен кылватат а озбек биронун жеринде кайра ошол калкты кызын зордуктап жигиттерин мууздап жатат
22.06.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа.
22.06.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаза кандай болсо адам ошого конот эмеспи ошондук законго элди кондуруш керек
22.06.2011. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'ээ Адамдар озбектер не толька кыздарынарды зордуктады ,1 эркек балдардан баштаган ,Супер инфо сураныч комментариймди алып салбай жеткиришинерди кутом болбосо силерди да сатылган деп ойлоп калам
22.06.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба жаш 8 9 жашар балдарды зордогон.ал балдар айтып бере албайт себеби алар мыкаачылык мн олтурулгон.
24.06.2011. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubikke tuura ojun bildiret.
A olum jazasy bojun4a:
"Kytajda 59 oor kylmyshka olum jazasy karalat"- eken dejt.
"Kolu m-n kylgandy,mojunu m-n tartyshy" kerek.
Olum jazasyn kirgizuu tuura dep ojlojm.
Birok,birin4i bizde adilettuu sot bolushu kerek,korrupzijasyz.
24.06.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин кандай гана азаматтар эле!Баяман Эркинбаев,Санжар Кадыралиев,Рыспек Акматбаев!азыр да эстесем ичим туз куйгандай ачышат!Бакиев мыкаачы ошолордун да тубуно жеттин!алар кыргызга керек болчу билсен!ишенсенер туугандар Санжар олгондон 3-4айдан кийин сарттардан жаны-жаны кыргыздын депутаттары минбеген машинелерин минип баштаган болчу,адамдарга жол да бергиси келбей кооп кетишкен эле!аттин арман жаткан жеринер жайлуу болсун!
24.06.2011. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу кыргыз элим ошонун баарын чондор кылып жатса кайра чондор олум жазасына оздорун тартмак беле
26.06.2011. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка баш!.. Айтмакчы, РЫсбек жана анын туугун туушкандарын да заказ менен олтурулгонун жазбай кетипсинер да.
26.06.2011. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура
26.06.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон есть ЗАКОН!!!
07.08.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Б.Эркинбаевди сарттар заказ кылып олтурушкон деген имиш бар. Ал олгондон кийин сарттар бука сойуп той кылышкан дешет. ким билет чындыктыр бул.
07.08.2011. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондордун баары эле кримчоройдо жургон адамдар. Бир нерсени туура эмес кылып койдубу, "сразу" олтурушот. Бизде "закон", "конституция" авторитет эмес.
19.08.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да. Баямандын олгону окунучтуу.ал тируу болгондо сарттар кысып журмок
25.10.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010-2011- жылдары биздин эки кыргыз бала Дубайда тюрмого камалган. Бул жерде атуу закону жок болгондуктан бир жылда бошотулуп Кыргызстанга жонотулгон бир жигитибиз.
27.10.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ba9man olup SARTTAR kuturup ketpedibi,Ba9man olgondo OWTOGU sarttar 3 KUN toi kylywkan...EH KYRGYZYM kaida baratabyz,bizde NAMYS BARBY? SARTTARDYN baaryn OZUM KYRAM,buyursa...
01.11.2011. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да Тынычбек Акматбаевге ичим ооруйт, ошонун артынан да белгилуу Рысбек агабыз олтурулду!!! Ал кыргыздар учун чон жоготуш деп мен ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо