Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПЛАСТМАССА КҮРҮЧТӨРДҮН БАР ЭКЕНДИГИ АНЫК

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Пайда табуу үчүн кытайлык кээ бир өндүрүшчүлөр адамдарды пластмассалык күрүч менен ууландырууга да даяр. Алардын мындай жаңы технологиясы кытай продукцияларына болгон акыркы ишенимди өлтүрүүдө.

Кытайдын колдонууга жараксыз тамак-аштары боюнча талкуулар актуалдуу болууда. Эске сала кетсек, 2008-жылы Кытайда меламин кошулган кургак сүттөрдөн улам ондогон кичинекей балдар каза таап, 300 000ден ашык адам жабыркаган эле. Эми көптөн бери эл арасында пластмасса күрүчтөр боюнча сөздөр жүрүүдө. Мындай имиштердин башталышы 2010-жылдын аяккы айларында жана 2011-жылдын башында Кореянын жана Сингапурдун басылмаларында жарык көргөн материалдарга барып такалат. Аларда Кытай көп убакыттан бери жасалма күрүчтөрдү чыгарып, сатыкка жиберип жаткандыгы жазылган.
Ызы-чуу жараткан андай материалдардан кийин Кытайдын тиешелүү органдары көптөгөн күрүч өндүрүүчү ишканаларды текшерүүдөн өткөргөн. Натыйжада алардын кээ бирлери жасалма күрүчтөрдү жасап жана аларды сатыкка чыгарып жатканы аныкталган. Андай ишкана ээлерине тиешелүү чаралар көрүлүп, сатыктагы жасалма күрүчтөр жок кылынган. Бирок текшерүү болгонго чейин андай күрүчтөр экспортко көп чыгып кеткен. Андан бери деле жасалбай калды деп айтуу да болбогон нерсе. Жашыруун жолдор менен чыгарып, сатыкка (анын ичинде экспортко) жиберип жатышы толук мүмкүн.
Кантип жасалат? Маалыматтарга караганда, алгач картошканын крахмалын күрүчтүн формасына жана өлчөмүнө келтиришет. Анан ал катуу болуп, бышканда эзилбеши үчүн өнөр жайда колдонулуучу жасалма чайырды кошушат (ушул эле чайырдан пластмасса алынат!). Даамы жакшы болушу үчүн даам берүүчү каражаттарды кошууну да унутушпайт.
Үч тарелка мындай күрүчтү жеш 1 пластмасса баштыкты жеген менен барабар!
Маалыматтарга таянсак, айыктырууга өтө кыйын түркүн ооруларды (анын ичинде рак) жаратат. Сыртынан мындай күрүчтөрдү табигый күрүчтөн айырмалоо кыйын. Болгону, канчалык кайнатса да эзилбей бүтүн бойдон калганы менен айырмаланат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
20.06.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыыыы, күрүч да жегим келбей калды. Кытайлар кайда барат ыя?!
20.06.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kytailar ozdoru kuruch jeit go kantip aiyrmalashat je ozdoru dele oshondaoi kuruch jeshebi.
20.06.2011. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздоу да синтетика бооп калышкан гооо
20.06.2011. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфффф, ушу кытайлар страшный народ болду го
20.06.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
paketinde sozsuz kıtaycha tamgalar jazılat da,satip albagila,ozu ele jogolot,oshentse da KR buga bir chara korush kerek,bolboso alakanday elibiz kop ziyanga uchurayt.
20.06.2011. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларга соз жок ,Митингке чыгалыбы кытай импорттун токтотуу учун,кандай дейсинер
20.06.2011. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эненди урайын кытайлар, уйдун эле оокаттарын колдонуш керек болуп калды
20.06.2011. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kytay tovaryna karshy mitingge chyksak toktoshu mumkun... ar biribiz ozubuz sak oluuga tiyishpiz, kytay kuruchunun orduna batken , ozgon kuruchun jesek bolot...
20.06.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ващще ак куруч албай турган болдум го) хе,хе
20.06.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздун таза куручторду сырттагыларга сатып,пласмасса куруч жеп отурган озубуздо куноо.Сатып албай койуш кэрэк,кийин алыпкелбей койушат.митингдин кэрэгиделе жок.
10.08.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaibek, Туптуура айтасын мен сага толугу менен кошулам
21.06.2011. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол куручторду Кыргызстанга алып кирип жаткан бизнесмендерге ошол куручтон аш демдеп бериш керек, аштын устуно жасалма жумурткасын кошуп басып :(
21.06.2011. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurstams сенин комментинди окуп алып куручтой жарылып кулдум да.Ашты чек арадан откорбой туруп басып бериш керек аларга.Тамшанып жата беришсин,кытайдын куручу менен жумурткасына.
21.06.2011. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларга соз жок экен...
21.06.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен муну мурун эле уккам, чындыкэмес болсо керек деп койгом. Корсо чын эле турбайбы ээ...
22.06.2011. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2008ж. озбекстанга сатчу элек оптом кытайдын куручун, ошондо уккан элем, кытайлар пластмассмадан жана кадимки эле камырдан жасашат деп, даже балдар куйгузуп корушсо кадимкидей кара тутун болуп кугон экен, коргон эмесмин уккам бирок, офигет кытайларга
22.06.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар жакында чоподон киши жасаса керек.
22.06.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайлардын ойлобогону жок экен негизи. баасына кызыгып деле элдер ала берет да,арзандын тузу татыбайт го.
22.06.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ак куруч, откондо кызыл куруч жаман деп жатат, эмне биз дегеле экоман болуп кетет окшойбуз ия? эмне жейбиз мага ошону айтып койгулачы эл жууууууууууууууууурт????
23.06.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla taalam osho kytajlarga da oz jazasyn beret
23.06.2011. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай бизге окшогон мамлекеттерге гана начар продукциясын жөнөтөт.себеби:бизде текшербейт а Европа өлкөлөрүнө наборот жакшы товарын.Кыргызстаным тынч болсун,кыргыздарым денсоолукта болсун демекчимин өздөрүңүздөрдү караңыздар Кыргызстанга керекбиз жаштар!!!
24.06.2011. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Кытайдан тамак-аш продукциясын киргизбеш керек д ойлойм,Окмот ойлонсун эми болду,элинердин деле саламаттыгын ойлогула!Акаевдин убагында эркектердин половой органына зыянду печенье кирип жаткан жеринен кармалган деп уккам,Кытайларга ишенип болобу эмнеги кана ойлобойт!Алла Таалам бир гана озун сактай кор алакандай кыргыз элимди!
25.06.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар аларды атайын эле биздей улуттарга арнап жасашат. Биздин улут канча азайган сайын алар биздин жерлерге ээлик кылгылары келет.
27.06.2011. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таң калыштуу деле эмес, тааныштарыбыз бар күрүчтү дүңүнөн соода кылган. Алар башынан эле айтышкан складда турган күрүчтөрдүн арасынан Кытайдын күрүчүнө жада калса чычкан да тийбейт деп.
16.07.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздары кытайга тийип жакында пластмасса жээндерди торойт тойгозду кытайлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо