Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИРИНЧИ ЖОЛУ ВРАЧТАР ООРУЛУУНУ СПИДден АЙЫКТЫРЫШТЫ

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

42 жаштагы америкалык Тимоти Рэй Браун Германияда лейкемиядан айыгуу үчүн дарыланып жатып, тарыхка кирип каларын билген эмес.

Тимотинин ВИЧти жуктуруп алганы 1995-жылы аныкталган. Арадан 4 жыл өткөндөн кийин медиктер ага лейкемия (ак кан) деген коркунучтуу диагнозду да коюшкан. Браун өмүрүн сактап калуу үчүн жилик сөөктөрүнүн ичиндеги чучуктарды алмаштырууга макул болот. Операция Германияда өтүп, аны врачтар – Геро Хьюттер жана Томас Шнайдер жасашат. Кызыгы, Тимотиге ВИЧтин вирусун генетикалык жактан кабыл албай турган донордун сөөк чучугу салынган. Мындайлар планетадагы адамдардын, болгону, 1 пайызын түзгөндүктөн, Тимотинин жолу болду десек жарашат.
Операциядан бери 3 жыл өттү. Жакында врачтар Тимотини кылдат текшерүүдөн өткөрүшкөндө, анын организминде ВИЧтин вирусунун изи да калбаганы аныкталды.
Учурда Тимоти Сан-Францискодогу үйүндө жашап, ден соолугуна Калифорния университетинин врачтары көз салууда. Азырынча басып-туруу, дегеле кыймылдоо кыйындыкты жаратканы менен, Тимоти ВИЧтин дарысын ичпей калды. Жана жашоосу калыпта өтүүдө.
Операция жасаган врачтар оору кайра өнүгүп кетиши мүмкүн деп, анализдерди тапшырып туруу керек экендигин айтышууда. Операция татаал жана өтө кымбат тургандыктан, СПИД менен ооругандарды операциялык жол менен айыктыруу ыкмасынын жайылышы күмөн.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
20.06.2011. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жакшы кабар
20.06.2011. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akçan bolso cakşı kabar
21.06.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул да болсо алдыга жылыш........
23.06.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул СПИД деген оооруну кантип жуктуруп алды экен
24.06.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа.. Тимотиге повезло!!!
Өтө татаал операция жасалыптыр и баасы да кымбат экен.Спидден айыктыруу үчүн башка даарысын табышса экен а может Кыргызстан таап калар,ошондо Кр ны дүйнө жүзү тааныйт эле.Эмнеси болсо да жаштарга спид жөнүндө көбүрөөк маалымат берип коюшуңуздарды суранам.(мен таза болсом,коом таза болсо „спид”жок)
24.06.2011. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канымжан Усупбекова.Siz VI4 menen SPIDti aralashyryp jazypsyz.Men okup butkondon son sizdin VI4 jana SPID jonundo takyr maalymatynyz jok ekeninizge tushundum.Bul oorulardyn attaryn jakshy bilgender maga koshulushat.Al emi na4ar bilgender SPID menen VI4ti bir ele oorunun ,2 aty bar eken dep tushunup kalyshat.
04.07.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А айырмасы емнеде?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо