№450 17-23-июнь, 2011-жыл
Күндө бир жаңылык укпаса, адамдын кулагы керең болот дечү беле?
Кытай – жасалма нерселерди чыгарууну улуттук идеяга айланткан өлкө. Башкасы го, башка деңизчи, бирок жумурткалар жасалма жол менен жасалып, сатыкка чыгарылып жаткандыгы өзгөчө таң калууну жаратат. Андай жумурткалар эмнеден жана кантип жасалат? Зыяны канчалык? Кытайдан бизге да келип жатабы? Суроолорго жооп издеп көрөлү.
МАКСАТ – АЗ КАРАЖАТ ЖУМШАП, КӨП ПАЙДА ТАБУУДА
Илгертен келе жаткан “Биринчи эмне жаралган? Жумурткабы же тоокпу?” деген суроого кытайлыктар “жумуртка” деп жооп берип, аны далилдеп бере турган болуп калышты. Анткени аталган өлкөдө жасалма жумуртка жасалып, жашыруун түрдө сатыкка чыгууда. Башкача айтканда, жумуртка алуу үчүн тоокко жем-чөпкө акча коротуп, анан “качан жумуртка тууйт?” деп күтүп отурушпайт. “Жумуртка элеби, ме!” деп заматта жасап, колуңа кармата коюшат. Кептин баары жасалмасы үчүн каражат аз кетеринде жана сыртынан кадимки жумурткадай көрүнө тургандыгында. Жасалма 10 жумуртканы жасоо үчүн, болгону, 0,55 юань (3 сом 30 тыйын) чыгым кетет. Ошол эле учурда кадимки тооктун 10 жумурткасы 6,5 юань (42 сом 90 тыйын) турат. Демек, жасалмасын кадимки жумуртка деп өткөрүп, пайда табуу үчүн чыгарышат.
КАНТИП ЖАСАШАТ?
ЗЫЯНЫ
100 пайыз жасалма болгон соң ден соолукка айтып бүткүс зыяны бар экенин өзүңүз деле баамдадыңыз окшойт, окурман.
Жасалма жумуртканы колдонуу мээнин иштөөсүн бузуп, алгач унутчаактык жаралып, анан жүрүп отуруп кем акылдыкка жеткирет. Көрүү, угуу сезими төмөндөйт. Түрдүү оорулар келип чыгат, алардын арасында рак да бар.
КӨП ЧЫГАРЫЛУУДАБЫ?
Кытайдын Хэнань, Фуцзянь, Ляонин, Ханьдань, Хэбэй провинцияларында жасалма жумурткалар сатылган учурлар катталган. Кээ бир маалыматтарда мындай жумурткалар экспортко да кетип жатышы мүмкүн экени жазылууда. Ден соолукка зыян экендигинен улам Орусия Кытай азыктары үчүн эшигин жаап, базарлардагы азык-түлүктөрдүн кайда жасалганын жана сапатын тыкыр текшерүүгө алууда. “Бизде да ушундай катуу көзөмөл бар” деп айтуудан алыспыз.
ЖАСАЛМАНЫН ТАБИГЫЙДАН АЙЫРМАСЫ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Super info ushul maalymattarga 4oon rachmat!
Ajyl jergesinde elderdin kobu super gezitinerdi kop okushat.Alar da okup-bilip kalyshat.