КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев: «ЖАНЫШ БАКИЕВ МЕНЕН МАМИЛЕМ БАР БОЛЧУ...»

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Бүгүнкү «курмандыгыбызды» калп тапкычтын тузагына 3 ай мурда илмекчи болгонбуз. Ошондо ал келбей, биз чочулады деген ойдо калганбыз. Бирок Бек Борбиев андай пикирди четке кагып, калп тапкыч менен жылуу маанайда сүйлөшүп кетти. «Түнү кеч жаттым эле, таң атпай туруп келдим» деген ырчы калп тапкыч менен таймашта уйкусу умачтай ачылганын айтты.

Биринчи жолу калп тапкыч менен дуэлге чакырсак келбей койгонсуз. Коркконсузбу?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Бек Борбиев (Б.Б.):
– Ооба, мындан бир нече ай мурда чакыргансыңар, макул болгом. Бирок келер күнү ооруп төшөктөн тура албай койгом. Калп тапкычтан корккудай кылмышкер белем?

Жашооңузду бильярдсыз элестете аласызбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Бильярд ойноп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул оюн менен убакытты көңүлдүү өткөрөм, эс алам дегендей. Бильярд таптакыр ойнобой коюп деле жашай алам. Мындайча айтканда, бекерчинин иши да.

Мурутуңузду кырып салууга даярсызбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Ушул мурутумду көбү ойлошсо керек, Бектин «фирменный» стили деп. Чынында, андай эмес. Мурутумду идеалдаштырбайм. Бир нече айлап мурутум жок деле жүрө берем.

Сизди сахнага арак ичип чыгат деп айтышат. Бул чынбы?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Б.Б.: – Негизи, арак ичип чыгып көргөм. Бирок ичип алсам ырдын сөздөрүн унутуп, ырдай албай калат экенмин. Сахнага чыгарда эч кандай ырым-жырым колдонбойм. Концерт жакшы өтсүн деп бата кылып чыгам.

Кой соё аласызбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Интернетте Бек Борбиев деген активдүү колдонуучу бар. Ошол чын эле сизсизби?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Бирөөлөрдүн обонун уурдадыңыз беле?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Өзүңүздү сексуалдуумун деп эсептейсизби?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Б.Б.: – Мен өзүмдү сексуалдуумун деп эсептебейм. Эми өзүмдү-өзүм сексуалдуумун десем уят го.

Эркинай деген кызды сүйгөн турбайсызбы, ушул чынбы?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Б.Б.: – Бул суроого күлүп жооп бергенимдин себеби журналисттер ушул суроону көп узатышат. Мен буга чейин деле жок деп айтып келгем.

Бажыда иштеп жүргөндө пара алгансызбы?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Мен бажыда пара ала турган кызматта деле иштеген эмесмин, чынында. Бир бөлүмдү жетектегем. Ооба, пара алгам деп айтсам да эч ким ишенбейт.

Бажыдан кетип, аягында депутат да болбой калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Депутат болгуңуз келеби?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Келечектеги пландарымда саясатка аралашуу бар. Ошондуктан бул суроого ооба деп жооп бердим. Кийин дагы депутаттыкка талапкерлигимди коюп калсам, «баягыда жок деп жооп бергенсиң» деп жүрүшпөсүн.

Жакын арада сахнадан кетейин деген оюңуз барбы?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Сиз менен иштешип жүргөн ырчы-бийчи айымдар менен роман болгонбу?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Б.Б.: – Кызык суроо экен (күлүп). Болгон эмес. Болсо болгон деп эле айтмакмын.

Сизди Бакиевдер менен жакшы мамиледе дешет. Ушул чынбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Курманбек Салиевич менен анын шайлоо компаниясына катышканда эле көрүшкөм. Ошол бойдон ал кишиге жолуккан жокмун. Ал эми Жаныш аке менен мамилебиз бар болчу, азыр жок.

Кримчөйрөдө достору бар дешет. Бул да чынбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Чыгармачыл адам болгондон кийин коомдун түрдүү катмарындагы өкүлдөрүнүн жакшылык-жамандыктарына барууга туура келет. Аталган чөйрөдө деле ыр сүйгөн, ырчылардын талантын баалагандар бар. Алар менен ысык мамиледе болбосок да, тааныштарданбыз.

Жылдыз «оорусу» менен ооруйсузбу?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

Биринчи мугалимиңиздин аты-жөнүн толук айта аласызбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Аты – Жумакан. Фамилиясын унутуп жатам...

Сиз сахнадан кеткенден кийин эл унутуп калат деп коркпойсузбу?

Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок

«Борбиевдин концерттери коёндой окшош болуп баратат.
Жаңычылдык жок, тажатма» деген кептер айтылууда. Буга кошуласызбы?

Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Б.Б.: – Концерттерге кантип жаңылык киргизиш керек? Мен сахнаны кооздоо, заманбап технологияларды пайдаланууга эмес, нукура кыргызча ырларга жана концертти жандуу өткөрүүгө басым жасайм.

АДИСТИН ПИКИРИ:
– Бек мырза бардык суроолорго чын дилинен ачык жооп берди. Калп айтып, тигил же бул суроону алып салалы деп жооп берүүдөн качкан жок. Анын белгилүү бир бийиктиктерди багынткандыгы менен сыймыктанары байкалды.

Базарбек Абдураимов
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
20.06.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ва хахахаха пара алыптыр го..... бакиевдин маалында бакиевди колдогон деп кысып коюшкан окшойт ошол учун депутат да башка да болбой калды аа чыгармачыл жагын карасак соз жок жакшы ырчы обончу талантына таазим этем.биздин майкл жексонубуз десек болот(бийди албаганда)
20.06.2011. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик.
20.06.2011. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek baike kaisy bir olkogo kyrgyzstandyn okulu bolup ishke ornoshpodubu bele andan boshop kalganby?
20.06.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал 1 - апрельге карата тамаша болчу да.
20.06.2011. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"aku", ал 1-апрелдик тамаша болчу. А Бектин ырларына соз жок. Борончунун бир концертте айтканы эсимде "Бек -бул ыр завод" деп. Акыркы кундору завод анча иштебей калдыбы дейм да
20.06.2011. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek bayke voobşe sooonuuun işinizge iygilik
20.06.2011. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek baike ishinizge iygilik
20.06.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
майкл жексонду бек борбиевдин тырмагына да тенебейм.бек алгааааа .ушунундан жазба
22.06.2011. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz,Бекти баалаганын жакшы,бирок Майкл Жексонду андай айтканын туура эмес. Майкл Жексонду жер шарынын булун-бурчу бут тааныйт. Миллиондогон адамдардын кумири,ал кылымдан кылымга отчу легенда болуп калбадыбы. Эмоцияга алдырбай кичине эсине келчи,кучугум! Бекти мен сыйлайм,талантына таазим этем. Рульда отурганда Бектин гана ырларын угам,эс алам!
20.06.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкеге соз жок кайсы жерде болбосун озун жакшы алып журот.
21.06.2011. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке саясатка аралашып мне кыласыз атынызды булгабай эле журо бериниз ,Ырларыныз соонун артист мен куудулду эл багат дейт деппутаттар болсо элди тонойт,
21.06.2011. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берадор братан озунчо эле бир укмуш инсанда, ушул колдон келсе кино тартсамбы деп журом ушул байке тууралу, мен сыймыктанам Бек байкенин замандашы болуп калганыма, братандын ырлары деерлик бардыгы уккулуктуу, мазмундуу, ушул ырлар менен остукта биз, ийгилик Сизге!
21.06.2011. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
respect!!!
21.06.2011. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкени аябай сыйлайм жана урматтайм. Кыргызстанымдын патриот ырчысы. Дайым жакшы ырларды жаратып сахнадан тушпой журо бериниз.
22.06.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байкенин ырларын аябай жакшы коруп угам,чыгармачылыгын сыйлайм.Ал эми мен Эркинай эжени тааныйм сизди эстеп арман кылып айтып бергени эсимде.Сиз студент кезде эжени жактырсаныз керек деп ойлоп калдым
22.06.2011. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek baike men sizdy 1996 jildan bery Syiom desem janilishpaim,myryn siz menen kantip taanisham dechim elem,myryn sizge jetish men ychyn Aiga berip kelgendei sezilchy a azir bolso men sizge tyz telefon chalip je bolbosi janinizga barsam-men sizge men kim ekenimdy aitsam -siz ozynyz ele chaiga chakirasiz,siz maga azir dostypnyusiz a birok Byt Show Bussneste jyrgondeo-ti chto zabyd pro nego-On takoi naglyu,grubyu ne stoit-dep baary aitishat a men bolboi ele sizdy kaalap jyrom,ashik bolgonyma 15 jil
22.06.2011. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bilem siz byl intervynu sozsyz okyisyz,maga mymkyn bolso bir oz joop berip koiosyzby,sizden stranich,Rahmat
22.06.2011. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек бардык поколениялар уга турган ырчы.Мына азыр да Бектин ырларын угуп олтурам.
23.06.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bary kalp
23.06.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bary kalp
24.06.2011. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке менен Токтогулдуктар сыймыктанабыз. Бар болуңуз!Биз сизди урматтайбыз,сыйлайбыз.
25.06.2011. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош эли Бек байкени ар дайым колдоп келет жана колдой бермекчи, биз сиз менен сыймыктанабыз, ар бир ырыныз ар бир музыка суйуучунун журогунон орун алат.
26.06.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке сиздин талантынызга тизе бугуп таазим этем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо