Атай Өмүрзаков: «ДЕПУТАТТЫН КЫЗЫ – ДОСУМ, А СҮЙГӨНҮМ...»

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Учурда Атай Өмүрзаков популярдуулуктун чокусунда. Ал Кыргызстан эле эмес, КМШ өлкөлөрүнө да таанылып, миллиондордун кумирине айланды. Бир келген ооматты колдон чыгарбайын деп команда түзүп, чоң долбоорлордун үстүндө да иштеп жатыптыр. Сакадай бою сары алтын жигитибиз Украинага болгон сапары, жеке жашоосу жана максаттары тууралуу маек куруп берди.

АТАЙЧИК ТУУРАЛУУ

  • Атайды жакындары Атайчик деп чакырышат.
  • Келечекте маркетолог болом деп КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында билим алып жатат.
  • Өтө эле кыялкеч. Кээде кыялы менен олигархка айланат.
  • Жеки Чандын кинолорун калтырбай көрөт.
  • Көркөм чыгармаларды көп окубайт.
  • “Ош-шо”, “вот так” деген сөздөрдү көп колдонот.
  • Ар жылы 5-октябрда таң атпай апасы бетинен өөп, “туулган күнүң менен!” деп куттуктайт. Быйыл 21ге толот.
  • Саллах деген бийчини көргөндө толкундана берет. Анткени аны кумир тутат.
  • Өзү жакшы көргөн бийи – “Электрик буги”.
  • Бийден сырткары футбол, волейболго абдан кызыгат.
  • Өзү күз мезгилинде төрөлсө да, жай менен жазды жактырат. Себеби Күндөн энергия алат.
  • Чет өлкөдө жүргөндө ноутбук жана фотоаппараты Атай менен чогуу “саякаттайт”.

– Салам, Атай. Маегибизди Украинага болгон сапарыңдан баштасак кандай дейсиң?
– Каршы эмесмин. “Украина таланттарга бай” (“Украина мае талант”) Эл аралык сынагына көптөн бери катыша албай жүргөм. Бир күнү электрондук почтамды текшерсем, долбоорго чакыруу келип калыптыр. Көрсө, алар мени интернет аркылуу издеп таап, кат жазып жиберишиптир. Ошентип, тилегим ишке ашып, аталган долбоорго катышып калдым.
Сынак жөнүндө айтсам, ага жергиликтүү таланттардан тышкары Япония, Орусия, Беларусь өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Долбоорго
30 миң адам катышып, 50сү гана иргелип, жарым финалга чыктык. Ал эми жарым финалдан финалга 10 адам өттү. 10 адамдын ичинен биринчиликти ээледим. Айта кетчү нерсе, сынактын жыйынтыгы СМС-добуш берүү менен чечилип жатты. СМС аркылуу добуш берүү Украина менен чектелгендиктен, бул жактагы күйөрмандарым добуш бере алышкан жок. Бирок Украинанын жарандары мени абдан колдошту. Ушундан уламбы, Украина сүйүктүү мамлекетим болуп калды, албетте, Кыргызстандан кийин.
“Даңк мүнөтү” (“Минута славы”) долбооруна чыккан бийим менен 1-турдан өткөм. Жарым финалга чыгарда бул жактан эки жума эрте жөнөп, Украинадагы эң белгилүү режиссёр Константин Томильченко менен иштешип, Валлинин (мультфильмдеги робот) образын жараттык.
– 3 финалчынын арасында жеңишке башкы талапкер болчусуң. Бирок аягында 3-орун менен чектелдиң. Калыстар өздөрүнө тартып коюшкан жокпу?
– Финалга чейин Томильченко менен бири-бирибизди мыкты түшүнүшүп, жакшы эле иштедик. Бирок финалга келгенде ал өзүнүкүн бербей, “бий экинчи орунда калып, образга кирүүнү биринчи орунга коюшуң керек” деп туруп алды. Чынын айтканда, финалда бийди ийине жеткире бийлей алган жокмун. Кийин режиссёрдун айтканын аткарбай, бийге көбүрөөк басым жасасам болмок экен деп калдым. Добуш берүүдө алдыда баратсам да, расмий жыйынтык жарыяланганда 3-орунду ээлеп калдым. Көрүүчүлөр да жыйынтыкты укканда дуу түшүп, нааразычылыгын билдиришип, ордуларынан турбай коюшту.
Бул жыйынтыкка көбү азыркыга чейин нааразы. 3-орунду ээлеп калганда абдан маанайым сууп калган, бирок менин таламымды талашып жаткандарды көрүп, көңүлүм жай алды. 1-орунга миллион гривна (5 миллион 600 миң сом), экинчиге 200 миң гривна (1 миллион 120 миң сом), ал эми 3-орунга сыйлык жок болчу. Ошентип, 1-2-орунду Украинанын таланттары алып кетишти. Балким, уюштуруучулар сыйлыктарды башка бирөөлөргө бергиси келбегендир.
– Украинада бир топ эле жүргөн экенсиң. Ал жактагы мекендештерибизге жолуга алдыңбы?
– Украинада 1500дөй кыргыз жашаарын билдим. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жума сайын чогулуп турушат экен. Мени абдан жылуу тосуп, колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Ал жакта бир ай эле жүрүп, Украинадагы эң таанымал адамдардын бирине айландым. Өзүнчө эле жылдыз болуп кеттим. Көчөгө чыксам, кол жазма коюп берүүмдү, сүрөткө түшүүнү суранышат. Бир украин үй-бүлөсү “уулдуу болсок, атын Атай коёбуз” деп таң калтырды. Мени көргөн жаш балдар “робот баратат” дешип мени туурап басышат. Албетте, абдан сүйүнөт экенсиң.
– Сен тууралуу “депутаттын кызы менен мамиле түзүп жатыптыр, жакында үйлөнөт экен” деген сөздөр тарап кеткен эле...
– Кыргызда “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” деген сөз бекеринен айтылбаптыр да. Депутаттын кызы менен сүйлөшкөнүм чын. Бирок мен аны менен жөн гана достук мамиледемин.
– Анда жүрөгүңдүн ханышасы ким болду экен?
– Мм... Мындай нерселерди апама гана айтчумун. Анын үстүнө бир күндө көп нерсе өзгөрүп кетиши мүмкүн да. А учурдагы жүрөгүмдүн ээси – мектепте окуп жүргөндө тапкан махабатым. Тактап айтсам, өзүмдүн классташым. Бул боюнча да ар кандай сөздөр айтылып кетиптир. Мисалы, “казак кызы экен” деген сыяктуу. Чындыгында, ал кыздын атасы – кыргыз, апасы – казак.
– Жакын арада үйлөнүү планыңда жокпу?
– Мага азырынча үйлөнүүгө эрте. Отузга чыккан үйлөнө элек байкем бар. Биринчи жеңелүү болуп, анан өз тоюмду өткөрүү жөнүндө ойлоном го.
– Бийчи катары тааныла элек Атай менен азыркы Атайдын айырмасы эмнеде?
– Жаңы чыгып келе жаткан Атай абдан уялчаак болчу. Айрыкча кыздардан уялчумун. Эсимде, үйүмдүн жанында кыздар турса, үйгө кире албай айланып жүрө берер элем. Анан сахнага чыгыш үчүн уялчаактык тоскоол болорун сезип, кыздар менен көп сүйлөшүп, орусча айтканда, комплекстерди жеңгенге аракет кыла баштадым. Концерттерге катышып жүрүп уялчаактыкты жойдум. Анан каражат жаатында да өзгөрүүлөр болбой койгон жок. Акча табам деп официант болуп иштеп, бут тартарга алым жок, чарчаган күндөрүм да болду. Кудайга шүгүр, азыр баары ойдогудай. Жөө жүрбөйм. Алдымда машинам, үстүмдө үйүм жана мени көтөрмөлөгөн кыргыз элим, күйөрмандарым бар.
– Кандай үлгүдөгү машина айдап жүрөсүң?
– Алгач Хонда машинасына отургам. Азыр БМВ айдап жүрөм.
– Күзгү алдында өзүңө кандай сын айтып каласың?
– Күзгү алдында өзүм тууралуу “красавчикмин” же “красавчик” эмесмин деп айтпайм. Сырткы келбетимде өзүмө жакпаган жерим жок. Менден “боюм кыска деп капа болбойсуңбу?” деп көп сурашат. Мектепте баскетбол боюнча курама командада ойночумун. Кызыгы, узун бойлуу балдардын ичинен мен гана кыска болуп, оригиналдуу көрүнчүмүн. Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин.
– Келечекке кандай максаттарды коюп жатасың?
– Мен бир жылдан кийин бийди таштайм. Бий мектебин ачып, таланттуу балдарга бий үйрөтүү менен болсо да жардам берсем деп жатам. Андан сырткары бий жана өзүм жөнүндө тасма тартсамбы деп команда чогулттум. Каражат жагы да чечилди. Эми убакытын тактап жатабыз.
Жакында эле казак туугандар тасмага тартылуу сунушун киргизишти. Күзгө маал дүйнөгө белгилүү жылдыздарды чакырып, концерт берүүгө камданып жатабыз. Четин чыгара кетсем, командам менен “Backstreet Boys” тобун, бийчи Саллахты, “Les Twins” аттуу бий тобун жана “Бир кадам алга” (“Шаг вперёд”) тасмасындагы Багыш (Лось) аттуу каармандын образын жараткан америкалык актёр Адам Севанини жана башка жылдыздарды Кыргызстанга алып келүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мына ушундай иштер менен жүрөм.
– Маегиңе рахмат. Максаттарыңдын орундалышына тилектешпиз, ийгилик!


Жылмайып коюңуз!

Атай 10 жылдан кийин парашют менен учуп баратса, алдынан бүркүт чыгып:
– Атай, мага да бийлегенди үйрөтчү?..
– Мен азыр бийчи эмесмин. Парашютчу болуп кеткем.
– Эч нерсе эмес. Алдыңда ушундай кактус талаасы бар, бийлериңди тез эле эстейсиң.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Атай Өмүрзаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(97)
SUPER.KG видео
22.06.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Атай мен сенин кичинекей кезиндеги жокчулук кездерини унутпаганынды бааладым талантына таазим мен да сени менен сыймыктанам
SUPER.KG видео
22.06.2011. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
SUPER.KG видео
22.06.2011. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!
SUPER.KG видео
23.06.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге ушу баланы мамлекет колдобой атат? КТРден балакеттерди корсотпой ушу Украинада откон сынактагы Атайдын ийгилигин корсотпойбу!!!
23.06.2011. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы, Кыргыз элин дайыма дуйного таанытып журобер. Эгерде сенин айткан кинон ойдогудай тартылса, анда сенин дагы бир чон женишин болот.Дайыма алдыга. Башкалар сенден сабак алышсын.
SUPER.KG видео
23.06.2011. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Атай!!!Сени менен бут кыргызстан эли сыймыктанабыз,мындан ары да онорун оркундой берсин.
23.06.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени коро албаган, жаман коментарий бергендердин, козу агып тушсун оомин, сенин тырмагына жете албайт алар,конул бурба досум, кыргыздар ушундай озу, ошол адамдардын айынан биз ушундай жашайбыз.... АТАЙ АЛГА! КЫРГЫЗСТАН АЛГА!
24.06.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Атай онорун оркундой берсин сага ийгилик!
24.06.2011. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Атайчик!!! Ушинтип эле Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер! Ийгилик сага!!!
24.06.2011. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
我们支持你!你是KYRGYZ的骄傲!
希望你后来的日子更灿烂!
24.06.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Сага ийгилик!Ардайым бар бол.
26.06.2011. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АААА Бэкстритбоус??????????Я ж их обббожжжаююю
SUPER.KG видео
26.06.2011. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атай онорун осо берсин
26.06.2011. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат, патриот. Суперсин
26.06.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alga atay
SUPER.KG видео
26.06.2011. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Атай главно уважай свою мать, а потом остальных молодец Спасибо Аллаху что нам дал хотя бы тебя лучшего из лучших
SUPER.KG видео
27.06.2011. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай азаматсын!!!Сени менен КЫРГЫЗ эли сыймыктанат))) ИЙГИЛИК ар дайым коштоп журсун )))
SUPER.KG видео
27.06.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар КТР корсотпойбу керелди кечке бутпогон саясаттан коро Украинадагы Россиядагы бийлеп чыккан номерлерин Кыргыз эли корсун да.Атай молодец сени менен буткул Кыргыз эли сыймыктанат
SUPER.KG видео
29.06.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
SUPER.KG видео
14.07.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай ты просто лапочка, жузундон, суйлогон созундон эле билинип турат суттой ак, ичинде кыпындай кири жок адам экенин. Бактылуу бол. Сага ийгилик. сени аябай жакшы кором.
SUPER.KG видео
15.07.2011. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn!!!Alban iygilikter kaalaim
17.08.2011. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооп кете корбо алтыным, бактылуу бол, жердеш эжен
SUPER.KG видео
25.08.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsun alga
SUPER.KG видео
15.09.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы кыргыздын атуулукенсин, бирок тышкы олколордон сунуш болупатса 3-4 жылга иштеп, жаны чойро куруп, уйронуп- дуйного таанылып келуу да абдан пайдалуу болмок.... Туркия га келип-кетишингди каалайм;)
SUPER.KG видео
01.10.2011. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam!Azamatsyn biz seni mn daiym syimyktanyp kelebiz...Kytaiga Urumqi shaaryna konoko chakyrabyz...kele jatkan tuulgan kunun menen kuttuktaibyz dep senin Kytai jergesindegi kuiormandaryn .
SUPER.KG видео
13.11.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чехиядагы бийи жакшы экен.
SUPER.KG видео
21.12.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай-ЭЛ СЫЙМЫГЫ!
SUPER.KG видео
28.01.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым колдосун Атай ушуунундан кйтпа алга жана алга ишине ийгилик сен биздин сыймыгыбызсын.
SUPER.KG видео
17.05.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай, сага чоооооон РАХМАТ,кудайым сени колдосун,ойлогон ой максатын орундалсын. Кыргызстандын туусун которуп жургонуно аябай сыймыктанам. Сен интервьюнда айткандай конулунду чоктургон коментарийлерге конул бурба, тилеке каршы коро албагандар бар, тушунугу тайкы адамдар деп ойлойм. Алар суйлой берет, журогуно жакын алба. Ийгилик, ден соолук каалайм.
21.12.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!сен алардын создоруно конул бурба.биз ушул коро албаган пейилибизди качан калтырабыз?Укранинадан утуп келген акчандан мамлекетке да бересин дегендери чынбы?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо