БАРККА ЖЕТПЕС КҮЙӨӨДӨН АБАКТАГЫ ЭР АРТЫК

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Жашоо – баш-аягы жок деңиз, а биз андагы кайыкпыз. Турмуш толкуну кайсы күнү, кайсы жээкке алып барарын да эч ким билбейт. Ушунун өзү дүйнөнүн түгөнгүс табышмагы болсо керек. Каарманыбыз Жылдыз да турмуштун толкунуна кабылып, башка жээктин адамы менен кол кармашканга мажбур.

“АЛА КАЧЫП АЛЫП, БАРКЫМА ЖЕТПЕДИ”
– Мектепте окуп жүргөндө атам каза болуп, күйүттөн апам катуу ооруп калды. Балдардын улуусу болгондуктан, үйдүн түйшүгүнүн баары менин моюнумда эле. Апамды айыктырайын, аз да болсо жардам кылайын деп Таластан Бишкекке жөнөдүм. Күнү-түнү иштеп, тапканымдын баарын айылга салып жаттым. Кафелерде идиш-аяк, даараткана да жууп иштеген күндөрүм болду. Жалгыз тилегим апамдын сакайып кетиши эле.
Айлар өтүп, күз келди. Кийим-кече алып, үйүмө жөнөдүм. Келсем, катуу оорудан жабыркаган апам мени тааныбай койду. Ичиме батпаган бугум жарылчудай болуп, эмне кыларымды билбедим. Үйдү тазалап, ини-сиңдилериме каралашып жүрдүм. Үч күндөн кийин өмүрүмдө көрбөгөн адам ала качып кетти.
Заңгыраган үйдүн босогосун аттаарым менен бир аял келип жулкуп көйнөгүмдү чечип, халат кийгизип, башыма жоолук салды. Аргам жок отуруп калдым. Бир маалда узун бойлуу адам көшөгөгө кирди. Көрсө, ал менин болочок күйөөм экен. Ушул маалда бөлмөгө кичине бала да баш багып калды. Мен колумду сунуп “кел” десем, чоочуркап ыйлай баштады. Аны көргөн Санжар (күйөөм) мени жаакка бир чаап, “сенин балага жылдызың жок экен” деп чыгып кетти. Никебиз кыйылбай жатып мага кол көтөргөнүнө ичим муздай түштү.
Ошентип, тагдырыма баш ийип, турмуш жолуна аттандым. Ачуу басарга эч ким барган да жок, артымдан эч ким кууп да келген жок. Кайындарым көчөдөн таап алган жетим кыздай кабыл алышты. Алар Таластагы эң бай деген адамдардын бири экен. Заңгыраган үйү, үйүр-үйүр жылкылары бар эле. Жаңы бүлөмдүн колунда бар болгону менен, үйүмө, апама эч бир пайдасы тийген жок. Кайнатам түшүнүктүү адам болчу, бирок бир айдан кийин каза болуп калды. Бул жамандыкты да “сен кара жолтойсуң” деп мага чапташты.
Кайненем бир күнү апама жолугуп келгенге уруксат берди. Дарбазаны ачып үйгө кирип баратсам, банкалардын кагылышы угулуп калды. Таң калып, эмне болуп жатты экен деп шашып босогону аттадым. Көргөнүмө ишенбей, көзүмдөн жашым токтобой, апамды тиктеп турдум. Апам кадимкисиндей салат жаап жатыптыр. Мени караган апамдын да көз жашы токтобой жатты. Кантип апама жетип, бутун кучактап ыйлап жатканымды билбейм. Жараткандын боору ооруду окшойт, апам айыгып, мурунку калыбына келип калган экен. Арманымды айтып бир топ жеңилдедим да, кайра кайын журтума жөнөдүм.
“Астыбызга түшүп келбесе койсун, ал өздөрүнөн. Мен энелик милдетимди аткарайын” деген апам себимди үч бөлүп алып барды. Кыздуу болдум. Апам бешик жеткирип келсе, кайын журтум көрмөксөнгө салып койду. Күндөрдүн биринде төркү үйдө отурган кайненеме кирип, “апа, жөн болсо да, үйгө барып койбойсуздарбы?” десем, “менин бутум баспайт” деп бой көтөрүп койду. Мында да унчукпай калып калдым.
Күйөөм үйгө кааласа келип, кааласа келбей да жоголуп кетчү. Ортобузда сүйүү деле жок, мени эмнеге алганын да түшүнчү эмесмин. Бир жолу үйгө жээни келип калды. Үйгө кирип чай ичип отурганда жээни мага тийишкенинен ордумдан туруп кеттим. Муну байкаган кайнежем күйөөмө «катының бой көтөрөт» деп даттанат. Ал болсо ар кандай сөздөр менен мени сөгүп, “сенин көздөрүң ойноп турат” деп каналдын жээгине чачымдан сүйрөп алып барды. Биринчи балам үч айлык боюмда бар эле, ага да карабады. Сууга башымды тыгып тумчуктурду. Ойгонсом, суу болуп каналдын жээгинде жатыптырмын. Күйөөм эчак эле кетип калыптыр.
Көр оокат деп күн чыгып, түн кирип, айтор, жашоо өтүп жатты. Уруп-сокконуна деле көнүп калдым. Үч балалуу болдук. Жашообуз кыйындай баштады. Атасы каза болгондон кийин байлыгы кошо кетип, акырындан сызга отурушту. Акыры Таластагы үйдү сатып, шаарга көчүп келдик.
Шаарга келгенден кийин күйөөм үйгө отурбай калды. Телефону шыңгырап, анан сыртка чыга каччу адаты пайда болду. Көрсө, Гүлжан аттуу ойнош таап алыптыр. Телефонун карасам, шумдуктуу СМСтер жүрөт. Бул арада кайненемдин буту баспай калды. Кечиримдүү болоюн деп аны өз энемдей карадым. Жуунтуп, тамак-ашын берип турчумун. Үйдө эч ким жокто “биздин көчөбүздө да майрам болот” деп көңүлүмдү көтөрүп калчу эле. Бир кездеги мага кылган жамандыгы үчүн өзүн күнөөлүү сезсе керек.
Бир күнү Санжар түн ичинде үйгө мас болуп келип, “сени менен жашабайм, кетем” деп кийимин чогултуп кетип калды. Ошентип, ажыраштык. Бирөөнүн ыйынан экөө бакыт кура албастыр. Жашоо бүтпөйт, өтө берет экен. Жүрөгүмдү өйүгөнү – балдарым. Аларда эмне күнөө?

АБАКТАГЫ СҮЙҮҮ
– “Адамды адам бузат” деген кептин чын экенине өзүм күбө болдум. Учурда бир компанияда иштейм. Акырындык менен баары өз нугуна түшүп баратат. Мындан төрт ай мурун “Дасмия” ресторанында иштеп жүргөн элем. Ашканада иштеген дагы бир кыз бар эле, качан көрбөйүн, колунан телефону түшчү эмес. Бир күнү жетишпей жатсак, дагы колунан телефону түшпөйт. Тамашалап “ай, болбодубу, иштебейсиңби?” деп калдым. Ал “анда сиз өзүңүз айтыңызчы” деп телефонун мага сунду. Мен алып, “алло, бул кыз иштесин да, сиз жолтоо болбой туруңуз” десем, “номериңди бербейсиңби, досум ушундай жагымдуу үнү бар айым менен таанышам деп жүрдү эле” деди. Мен тамаша иретинде номеримди берип койдум.
Аз өтпөй ал мага телефон чала баштады. Аты Куба экен. Ал “ММS аркылуу сүрөтүңдү жиберчи” деп суранып, башка номер берди. Ал номерге сүрөтүмдү жиберсем, дароо эле анын сүрөтү келди.Мен Куба экен деп ойлосом, ал Кубанын таанышы экен. Камил менен ошентип таанышып калдым. Экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, эки жумадан кийин мени жолугушууга чакырды. “Кайсы жерден жолугалы?” десем, “сен Петровка жакка кел” деди. Кызыктай болуп, “ал жакка эмнеге барам?” десем, “мен ошол жактамын, мага тиш паста ала кел” деп айтты. Ошондо гана Камилдин абакта экенин билдим. А бирок барбай да коё албадым.
Түрмөдө жолугууга келчү жерди “маяк” деп коюшат экен. Биринчи жолукканда экөөбүз алыстан бири-бирибизди тиктеп, кайра жумушка кайттым. Аз өтпөй экинчи жолу жолуктук. Чынында, башымды жоготуп аны сүйүп калдым. Ал мага өзүнүн мурунку жашоосун айтып берди. Камил 26 жаштагы нарындык жигит экен. 4 жылга кесилиптир, быйыл күзгө жакын чыгат.
Камил мага жоготкон ишенимимди кайтарып берди. “Сенин балдарыңа ата болуп берем, бактылуу болобуз” деген убадалары жүрөгүмдү жылытат. Эки жума мурун экөөбүз нике кыйдырдык. Буюрса, мен да бакыттын балынан тата алам деген ишенимим зор. Билем, муну окуган окурмандар мага ар кандай сын айтышарын... Менин да бактылуу болгонго акым бар жана балдарым үчүн, бакыт үчүн күрөшкүм келет.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(35)
27.06.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камиль да сени жыргатпайт.
27.06.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес ойлонуп кор, нике дагы кыйдырып алыпсын. Кыздын чырагы кырк жерден жанат ушуну унутпа андан бактылуу болбосон башкасы бар.Мумкун Камиль кокусунан тушуп калгандыр, жошоону тушунгон жигит болсо силерди багып алап.Балдарына ата болбосо дагы чыныгы эркектик милдетин аткарып , бактылуу кылат.Силерге бакыт каалайм.Санжар жонундо толук жазсан болмок кайсыл айылдан мумкун тааныгандар чыкмак оз ойлорун айтмак.Чын эле ал уйбулоо ушундай ташбоорбу?
27.06.2011. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозунарды ачып эле ала качса отура береби адам кызык 21 кылым анча мынча гендердик укук деген бар..тан калам ала качты отуруп калдым анан итп.суйлошкондо..
"Заңгыраган үйү, үйүр-үйүр жылкылары бар эле"деп кайра кайра жазыптырсын ошого карап эле отургам дебейсинби...Бетке айткан создун заары жок демекчи тушуносун..
27.06.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет дегендей,жакшылап ойлонунуз.Менин таанышым да ушундай окуяга туш болгон,ал да абактагы адам менен суйлошуп журуп,куйоосу менен ажырашып,тиги турмодон чыккандан кийин тийип алган,экоо болгону 3ай жашап ажырашып кетти,корсо,ал мурда башкалар менен дагы суйлошчу экен.Азыр ал кайра мурдагы куйоосу менен жарашып, азыр экоо балалуу болуп,жакшы жашап жатышат.Эмнеси болсо дагы 7000 олчоп, бир кесиниз,сизге ийгилик,бактылуу болунуз!!!
27.06.2011. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishenbe alarga .
27.06.2011. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылап ойлонуп кор.Экинчи турмушундан жанылбасан болду.Бактылуу бол.
27.06.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Turmuwum ewek araba-tuuldun kaldyn balaaga. Azyrky zamanda chon kiwi emes,kichine balanyn da problemasy bar. Bir oor turmuw bawynyzdan otkon eken, owondo da kuru sozgo iwenip nike kyidyryp alyptyrsyz. Wawpai ele Kamil' abaktan chykkandan kijin jon ele jawap, harakterin dagy terenireek bilip turup anan kelechekke chon kadam tawtasanyz bolmok eken. Negizi ele zookur erkekterdin ajaldarga korsotpogonu kalgan jok, degi silerde "meerim, ayoo, jurok" degen tuwunuk barby?!
27.06.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al adamdyn oyunda emne bar ekenin bir Allah bilet.mumkun al adam ochoncholuk onolgondur.ar vir adam kata kilat.negizgisi owol murunku iwterine kaytpasa ele boldu.
27.06.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте мындан аркы жашоонуз жакшы болуп,Камилинизге кудай ыйман ынсап берсин!!!
27.06.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menimche turmodo oturgandar bir az da bolso tarbiya alyp kelishet yimanduu bolushat a kee biroo naoborot erkindike chykkandan kiin kaira turmonu sagynyshat myndaicha aitkanda Hatta (Uiubuz)dep koushat, turmonu, ozulorunun ayakta da zakondoru bar, esli yimanduu bala bolso ech kam sanabai ele koigula, joonor jakshy bolot, 5 kol ten emes, ar kim ar kandai, Baktyluu bolgula!!!
28.06.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала бир адамдын созунон жаралып, бир тараптуу болуп калган.Бир адам-н созу менен гана жыйынтык чыгарууга болбойт.Колунда жок д. кемсинтиши мумкун,бирок ото эле кинодогудай терс каарман катары кабыл алуу аша чаап кеткендик б-т болуш керек.Балким Жылдыздын да бир НОсу бардыр.Андай терс мамилесин 1-куну эле коргондон кий.ойлонуш керек болчу.
Камиль 1-жолугушууда эле паста ала кел дегение караганда,dialog UvE айткандай пайданы коздогон бироо окшойт.Эмнеси болсо да,бактынды тап демек
28.06.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kızık könülü cok bolso ursa cakşı mamile kılbasa anda nege balaluu bolot,akırı adam degen özün sıylay biliş kerek beşenem eken dep ele baarına unçukpay koyuş kerek emes özü üçün küröşüş kerek da
28.06.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камил өзүнүн турмушу жөнүндө айтып бериптирго лапшаларды илип,илинген лапшаларга карабастан Жылдыз эжебиз кебетесин көрүп сүйүп калганбы дейм.Эмнеси болсо дагы 7000 өлчөп бир кеспей,батыраак ойлонуңуз абакттан чыккыча!!!
29.06.2011. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зачем же так любить до одурения!Не осуждаю,не хочу зарекаться,но я так не теряла бы голову от любви! И про какое счастье вы пишете? Счастья-это любящий тебя мужчина, который не оставит тебя одну, а не уголовник, который уговаривает тебя бегать к нему с передачками! Им нужна женщина для встреч в тюрьме!Просто скучно, вот и используют таких наивных как вы!Ему сейчас конечно же психологически нужно,чтобы его кто-то ждал,но вам оно нужно?Я не хочу вас обидеть,искренне желаю счастья и огромной удачи!
29.06.2011. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сиз айабай сабырдуу жан экенсиз. Пайгамбарыбыз айтмакчы "Дайыма сабырдуу болгула" деген. АЛЛА таала буйурса баары жакшы болот. Сиз ишеничинизди жоготпонуз. Акынызга дуба кылам, сиздей кызды тарбиялаган ЭНЕнизгеда дуба кылам! Бактылуу болунуз ЭЖЕ!!!Эже сиз айабай сабырдуу жан экенсиз. Пайгамбарыбыз айтмакчы "Дайыма сабырдуу болгула" деген. АЛЛА таала буйурса баары жакшы болот. Сиз ишеничинизди жоготпонуз. Акынызга дуба кылам, сиздей кызды тарбиялаган ЭНЕнизгеда дуба кылам! Бактылуу болунуз ЭЖ
29.06.2011. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy elya2404ko koshulam....
29.06.2011. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарда бир соз бар: "Женщины любят ушами" деген, балким сиз жалгыздыктан тажап, балдарынызга мээримдуу ата, озунузго таянар тоо таппай акыры абактагы адамды жан шерик кылдыныз??? Балким суйуудур, балким башка нерсе...
Айтканым, аман эсен, бир уй-було болуп бактылуу жашансаныз эле болду! Аллах Таалам адашкан адамдарды ыйман жолуна салып, мээримин токсун!!!
Сизге ийгилик!

P.S. Эркектердин созуно коп деле ишене бербениз, ар бир адам озунун ой максатына жетиш учун кан
29.06.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейин,озундун журогунду ук.Бирок,эрдин санын кобойтпой,балдарына ата ордуна ата болуп,оз тиричилигинди уланта берсен деле болмок.Эмнеси болсо да бактылуу бол!!!
30.06.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч баласы бар экен. Балдарын чонойтуп алгандан кийин деле куйоо караштырса болмок.Огой баары бир огойлугун кылат да. Оздору балалуу болушат, келин аны менен уйдо отуруп калат.Ал учурда жаны тапкан куйоосу тигилерди толук каржылай алат болду бекен.Ушул нерсе мени ойлондуруп жатат.Куйоо качпаса деле керек.Кыз оорукчан апасын деле ойлосо болмок.Балдарын ошо эне байкуш карап жатат да, ким карамак эле, же жанагы керсейген кайнеси карап жатыптырбы?
30.06.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404 я свами 100% согласно.
02.07.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Никеси кыйыла электе жаакка чаап жиберген адамдын,тушунугу жок,карангы адам экени айкын эле болуп турбайбы.Тем более,мурда тааныбай суйлошпой туруп анан качырып барса отуруп калыпсыз.Тушунбойм,эмнеге???А Камил м-н мамиленизди ото терен ойлонуп туруп баштасаныз озунуздун жана балдарыныздын келечегине жакшы го дейм.Аллах сизге туура жол корсотушун каалайм!!!
13.07.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушунду калаймын
14.07.2011. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда алардын суйуусуно ишенбейм, Жылдыз терен ойлонуп иш кылсан болмок, турмуш оюнчук эмес.
17.07.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдын жарымы жарык,жарымы карангы эмеспи! Сиз оздугунузду эч качан жоготпонуз!баары оз нугу менен. Бактылуу болунуз!
17.07.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй туугандар абактагы адам адам эмеспи алда адашып жаштык кылгандыр между прочим абактагылар умный болот бакыт каалаймын силерге
15.08.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушта баары болуп турат убакыт эмес акыл чечет баарын
18.08.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол жакшылап ойлон бирок кто не рискует тот не пьет шампанского
17.10.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз уч балана, ата ордуна ата болуп ,эне ордуна эне болуп озун эле жашай берсен болмок! Эми балдарындын журогуно так калбаса болду!
27.10.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба албетте абакта жаткан адам убактылуу ар кандай ойлору менен адамды оздоруно тартышат, абактан чыгып алгандан кийин гана коргулукту коргозот. Ошондуктан темирди ысыгында чаап, балдарындын бактын, кен-келечегин ойлосон андай адам менен мамиленди токтотуп эле койгонун он!!!
20.11.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол.шашпай турсан болмок балдарын бар экен..соз жок башка
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо