Психологдун кеңеши. «КҮЙӨӨМДҮН МУРУНКУ БҮЛӨСҮ БИЗГЕ ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙТ»

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

– Экөөбүздүн 2 уулубуз бар. Улуусу эки жарым жашта, кичүүсүнө 9 ай болду. Бишкекте турабыз. Күйөөм экөөбүз сүйлөшүп, бири-бирибизди сүйүп турмуш курганбыз. Биздин чогуу жашаганыбызга жакында 5 жыл болот. Ал менден 16 жаш улуу. Кесиби боюнча мугалим, бирок азыр жеке ишкер. Күйөөмдүн мурунку аялынан 4 кызы бар. Эки кызы турмушка чыккан, кичинелери апасы менен күйөөмдүн Жалал-Абаддагы 2 кабат үйүндө жашашат. Эң кичүүсү быйыл 10-классты бүттү.
Биринчи аялы уул бала төрөбөгөн­дүктөн, күйөөм үйүн аларга таштап, өзү чыгып кеткен. Мени менен сүйлөшүп жүргөндө “аялым менен ажырашам. Мага эркек бала керек. Мен сени сүйөм, сага үйлөнөм” деп бир туугандарыма да айтканынан макул болгом. Экөөбүз чоң той берип, туугандарыбыздын баарын чакырып батасын алып баш кошконбуз.
Биз бактылуу эле жашайбыз, болгону, мурунку аялы менен кыздары биздин жашоого көп кийлигишишет. Түшүнбөстүк көп болгондуктан, күйөөмдү кыздары менен да катташтырбай койгом. Бирок күйөөм дале мен жокто алар менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, акчалай жардам берип турат. Кантсе да кыздары да, катташа берсин десем, мен жөнүндө ар кандай ушак-айыңдарды чыгарышып, күйөөм экөөбүздү көп уруштура турган болушту.
Ушул убакка чейин жолдошум канчалык аракет кылбасын, биринчи аялы ажырашууга макулдук бербей келүүдө. Анткени сот аркылуу ажырашса, азыр алар жашап жаткан 2 кабат үй бөлүнөт экен. Ошондон коркуп жатат окшойт. “Бизге үйдүн деле кереги жок. Батирде жашасак да, тынчыраак жашайлы” деп күйөөм үйдөн да баш тартты. Бирок аялы ажырашууга макул эмес. Мага никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк керек болууда. Балдарыбыз чоңоюп келатышат, аларды атасына жаздырсак дейм.
Аялы, кыздары качанга чейин биздин жашоого кийлигише беришет? Же биринчи аялы менен ажырашууга күйөөмдүн өзүнүн көңүлү жокпу? Кеңешиңиздерди берсеңиздер.

Айнура, 31 жашта, Бишкек шаары.

– Айнура, “бирөөнүн көз жашынан өз бактыңды кура албайсың” дегенди эске алсаңыз болмок. Сизге чейин курулган үй-бүлөнүн өздөрүнүн баалуулугу, бактысы, балдары бар эле да. Мунун далили – азыркыга чейин жолдошуңуздун кыздары менен катташып турушу.
Кантип күйөөңүздү кыздары менен катыштырбай коё аласыз?! Андай кадамга сиздин моралдык укугуңуз барбы? Сиз өзүңүздү мурунку аялынын ордуна коюп көрүңүз да, балдарыңызды кыздардын ордуна коюп көрүңүз. Эки үй-бүлөнүн ортосунда чарчаган күйөөңүз үчүнчү турмушту тандаса, сизге суз мамиле жасаса, эмне кылар элеңиз? Ириде сиз ушул суроолорго жооп берүү менен өз позицияңызды так аныктап алыңыз. Андан кийин аялдык, энелик мээримиңиз менен ал кыздарды да өз кызыңыздай көрүп, үй-бүлөнүн бейпилдигин сактоого аракет кылыңыз. Күйөөңүздүн биринчи үй-бүлөсү менен чыркырашып отуруп аягында эмнеге ээ болосуз, бул жагын да ойлонуңуз.
Аялдардагы кечиримдүүлүк, чыдамдуулук эркектерге көп мүнөздүү эмес. Ызы-чуунун көбөйүшү, ар тараптан кескин түрдө тыюу салуунун өзү эркектин жүрүм-турумун, мүнөзүн өзгөртүп жибериши мүмкүн. Бул кыйроого, талкаланууга алып келет.


“КЫЗЫМДЫ КВАРТИРАГА АЛМАШТЫРЫП АЛГАНДАЙ БОЛОМ”

– 2010-жылдын июнундагы каргашалуу Ош окуясында көптөгөн энелер сыяктуу эле мен да алмончоктой кызымдан айрылып калдым. Кызым кокустан эле балконго чыга калып, ок тийип каза тапты. Канчалык чыркырасак да, өмүрүн сактап кала алган жокпуз. 3-класста окуган кызда эмне күнөө эле? Он гүлүнүн бири ачылбай, жашоону көрбөй кете берди. Мендей болуп баласынан айрылып, кара кийип, кан жутуп калгандар канча? Айла жок, үнүбүз Кудайга жетип, сыздап калдык. Бир жыл убакыт жөн жүргөн адамга тез эле өтсө, жакынын жоготкондор үчүн бир күнү бир кылымга тете болду. Ошол каргашалуу күн мына бүгүн болгондой көз алдымда турат.
Жашоо улана берет экен да, калган балдарымды ойлоп жашап келем. Жакында эле өкмөт жардам катары бизге Оштон квартира берди. Үй-бүлөм менен ал квартирага көчүп келдик. Бирок бизди аябай кабатыр кылган бир нерсе болууда. Тагыраак айтканда, кызымдын куну катары келген квартирада балдарым менен жашоо оор болууда. Кызыңдын алдында күнөө кылгандай болот экенсиң. Квартиранын ордуна акча алсак деле, кызымдын элеси көз алдымда турат болчу. Квартира мага кыз болуп берет беле? Бассам-турсам кызым оюмдан кетпейт. Квартираны кайра мамлекетке тапшырсакпы деп жатабыз. Биз туура кылып жатабызбы? Кеңеш берсеңиздер.

Айжамал, 36 жашта, Ош шаары.

– Айжамал, эненин кайгысынан, көз жашынан, муңунан өткөн кайгы жок бул дүйнөдө. Эне катары, психолог катары сиздин кайгыңызды тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жашоонун мыйзамы ушундай экен. Эми кырсык болгон соң жашоо ушуну менен токтоп калган жок да. Башка балдарыңыз, жолдошуңуз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз бар. Аларга сиз керексиз.
Айжамал, сиз бул кырсыктан улам ички карама-каршылыкка кабылып отурасыз, “берилген үй – кызымдын куну” деп. Мындан чыгуу үчүн адамга эрк керек. Эркиңизди бек кармап, чечкиндүү чечим кабыл алыңыз. Чайналып ойго малынбай, мындан аркы жашоодо сизге үй керектигин же керек эместигин чечиңиз. Мындай чечимди кабыл алуу, менимче, оор эмес. Керек эмес болсо, берип салыңыз. Балдарыма керек десеңиз, өзүңүздү (“кун алдым” деп) күнөөлөбөй эле жашай бериңиз.
Сизге бул сөздү айтуунун өзү эле оор, бирок болор иш болуп, боёосу кангандан кийин деп айтууга туура келүүдө. Өзүңүзгө окшогон энелер кайгырышпасын, бейкүнөө наристелерге ок тийбесин, улуттар бөөдө кагылышпасын десеңиз, берилген үйдө жашап, жогорудагыдай кырсыкты болтурбоо багытында активдүү иш алып барыңыз. Бул багытта алып барган ар бир ишиңиз опол тоого барабар болот.


Суроолорго психолог,
Жусуп Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна
жооп берди.

Жыпара Досумбетова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
27.06.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал, 36 жашта, Ош шаары- ажал кайда болсо жанында журот аны унутпаш керек, Алла алам десе алат...кыздын арты кайрылуу болсун..сабыр кылыш керек..псих.жардам болсобо молдо тушундурот..
27.06.2011. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура, 31 жашта, Бишкек шаары-
буйрук кандай болсо ошол болуптур, бирок жолдошунду катыштырбай койгонун ото туура эмес тем более кыздар учун жолдошун.мээсин чакпаш керек..ажырашпай журот дегенин калптай сезилет закондо окуп чыгыш к-к 6айда ажыраш-уу толук укуктуу одностор.тем более уйду бериш к-к 4 кызы м-н талаада калмак беле
27.06.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура 31жашта,Бишкек шаары- жолдошунузду да тушунууго аракет кылыныз сиз уул бала тороп берсениз эле ал алмончоктой болгон 4кызын,аларды жарык дуйного алып келген энесин унутуп коюш керекпи. сиз турмушка чыгаарда ойлонушунуз керек болчу мунун баарын.чымчыктын да уясы бузулбасын дейт элибизде кыздарына боорум ооруп жатат. алар менен достошконго аракет кылыныз эгер жолдошунузду катташтырбай чыр чыгара берсениз озунузго эле хуже болот
27.06.2011. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azyr zaman prosto multik!
27.06.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айнура 31 жашта,сиз туура эмес адам экениниз ошол кишини кыздары менен катыштырбай койгонунуз эле айтып турат, биринчи ажырашкандан кийин турмушка чыксаныз болмок ал кишиге, уул тороп берип эле болду эмес да кыз эмне адам эмеспи аларды да караш керек,балким биринчи келинчеги сизден жакшы болгон чыгаар аны да ойлонуз ал кишини биротоло менчиктеп албай... негизи уй-булоолуу кишилерге тороп берген кыздарга туура эмес эле коз караштамын...
27.06.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура 31жашта,Сиз башында ойлонушунуз керек эле кантип аялы бар кишиге турмушка чыкса болот мен ошону тушунбойм. А кыздарын катташтырбай койгон бул ото туура эмес кантсе да алар кыздары катташыш керек жардам бериш керек...Сиз озунузду ошол биринчи аялынын ордуна коюп коруп анан ойлонунуз...
27.06.2011. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал, эгер сен уйду кайтарып берсен, каяктагы бир аткаминер озуно документтештирип алып коет же бир бети жок сартка берип коюшат.
27.06.2011. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура, 31 жашта, astagfiruLlah Ainura siz en birinchi Allahtan korkunuz.antip biroonun yu buloosun buzgandan.ana dagy kizdary menen kattawtyrbay koygondoy sizdin ukugunuz dagy jok.Allahtan korkom deseniz al adamdy syusonuz anda al kyoonuzu al ayali menen dagy jawatynyz tawtatbay .eki ayal menen jawasin anda kyoonuz ekoonun ten akysyn berip.
27.06.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал, 36 жашта, Ош шаары. Bul tagdyr ! ayabay okunuchtuu.birok sabr kiliwniz kerek koldon keliwinche.kiziniz bul jalgan dyunodo gana jok,inshaAllah ahirette (chin dyunodo)siz menen bolot.
28.06.2011. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чындап эле квартираны кайтарсан чондор оздору алып коёт. озбектер кайра паника кылып тигиним олду мунум олду деп уялбастан эле уйлорун курдуртуп, жаны уй алып жыргап атышпайбы. ошол уй калган балдарынызга буюрсун
28.06.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aijamal kzindin aldinda kunoo kilip atam degidei balkongo alyp chigip ataiyn olturgon emessin da.bul degen kyrsyk.emi kv-da jashai ber bashka baldaryn uchun
29.06.2011. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айнура, эмне башка эркек таппай калдынбы? Башында ойлондугн беле? Уй булосу бар адамга турмушка чыгууга кантип макул болдун? и еще уялбай 16 жаш улуу деп, анан дагы жардам сурап коет. Жардам сага эмес, куйоондун мурунку аялына, кыздарына керек.
29.06.2011. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айнура туура эле кыллган,күйөөсүнө акыр бала керек го муун улантыш үчүн.Биринчи аялы деле туура түшүнүш керек.Айнура болбосо башканы деле алмак күйөөсү.Ошондуктан эки аялы менен жашоосу керек экөөнөн тең бала бар.
29.06.2011. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал эже кокусттук бул көз ачып жумганча келет эмеспи.Ошндукттан кайрат кылың өзүңүздү алдырбаң дартка, жашоо улана берет эмеспи балдарыңыздын келечегин ойлоң өзүңүздүн денсоолугуңузду караң.Менин айтаарым кв. тапшырбаң жана сиз 2-3 айга башка жака барып эс алып келиң!!!
29.06.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 kyz torogon kunoo ayalda emes ALLAH buyiruganyda bashy jetse oyilojotko uruktuk ozunon chygyp jatkanyn kyiyn eken urugundagy ........... jalan uuldaryn filtirlep otkorboyibu
29.06.2011. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура, сен абдан чон жанылышасын.Кыз баланы да алла озу берген сенин жолдошуна. Негизи эле баш чанган кесир болот, сен уул бала тороп бердин, ну и что, озун айткандай кыз бала да керек учун жолдошун кыздары менен катышып жатат да.
01.07.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура сен куйонду мурунку булосу менен катыштырбай койгонго акын жок башында ойлонуш керек болчу а куйон сен жокто суйлошсо эркек эмес эле тряпка
25.07.2011. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айнура эже капа болбонуз ушундай коро албай озу эркек бала торой албай чачын жулуп жаткан турбайбы кундошунуз,кайра сиз баарын унутуп жашоо учун курош дегендей алдыдагы балдарыныздын келечегин ойлонуз,аларды ойлоп отурсаныз бекер эле нерфиниз кетет,буйурса баары алдыда,уй да болот башкасы да болот.
04.08.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы? Менин оюм бонча эн чон жанылыштык кылган экенсиз, уй-булосу туруп ал адамга турмушка чыкпай койгонунуз туура болмок дейт элем.Мейли откон ишке кайра кайтуу пайда алып келбейт.Менин бир таанышым бар анын да уй-булосу бар эле ортолорунан чыр чыгып ажырашып кетишкен эле кийин башкага уйлонду бирок ал менен азыр жашайт баарибир биринчи уй-булосунон кол узбой катташып турушат. Эмнеси болсо да бактылуу болуп пешененизге балдарыныз аман болушун мына ушул балдарыныздын бактысын тилениз
09.08.2011. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ainyra 31,Birinchiden cisdin joldoshynys Kyrgyzstandin misamin bysgan,Birinchi ayali menem ajirashpai tyryp ekinchi ayal alyyga tuiyy calinat.Ekinchiden maga erkek bala kerek degeni jon gana shiltoo.Emne kis bala,bala bolboi koidy bele.Kisdar ele ene-atacin bagip jatpaibi.Caikal-ene, Kanikei j,b bir kesderde kisdar bolishkanin ecibisden chigarbaili.Asirki ele Rosa Otunbaevani alali bytkyl Kyrgyzstandi bashkarip kele japaibi.Ychynchydon erkek toroboco ayalinin kynoocy emnede.
09.08.2011. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Elibisde aitaishat emneni cepcen oshony alacin dep.ayalinin kolynan kelce erkek balani echak ele torop bermek,Byl jerde ayali ech nerce kila albait.
09.08.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En negisgici osynys aga tyrmyshka chigyydan myrda anin baldari bar ekenin bilchysyc.Jana alarga koryspoi koiyyga ech kandai tuiyy cala albaicis.Oshol kisdarga dagi jaman bolco da ata kerek.Akirinda aitaarim osynys ayal bolyp tyryp joldoshynys maga erkek bala kerek degende "egne kis bala bala emecpi degen cyroony berbegeninisge tan kalam.
26.12.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
venrast, туура айттыныз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо