Аскат Мусабеков: «КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗДҮ АЖЫРАШТЫРЫП ДА КӨРҮШКӨН»

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Өз курагындагы жаш ырчылардын басымдуу бөлүгү батышты туураса, бул ырчы салттуу музыкага басым жасап, комуздун коштоосунда ырдап келет. Анда ырчы Аскат Мусабеков менен болгон маекке назарыңыздарды бурабыз.

АСКАТ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Мусабеков Аскат Мусабекович
Жашы – 26да
Бою – 179 сантиметр
Жылдыз белгиси – Текечер
Жактырган тасмасы – “Махабат дастаны”
Бош убактысында – Интернетте отурат, гезит окуйт
Хоббиси – Ар кайсы өлкөнүн акча бирдиктерин чогултуу жана футбол, волейбол ойноо

– Аскат, жакындан таанышып алалы, кайсы жердин кулуну болосуң?
– Балалыгым Ат-Башынын Ак-Моюн деген айылында жана анын жайлоолорунда калган. Атам-энем мугалим болуп иштешет. Беш бир туугандын ортончусумун. Кичинемде сервистин кружкаларына чай ичкенди, кооз идиштерге тамак ичкенди жакшы көрчүмүн. Чай ичем деп далай кружканы сындырып, кайра сыр билгизбей ордуна коюп койгон учурларымды, "муну ким сындырды?" деп ызы-чуу түшүшсө билмексенге салып кутулганымды эстеген сайын жылмайып алам. Тентек болгонум менен, сабакты жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышчумун.
– Бул түйшүктүү чөйрөгө аралашып калышыңа түрткү болгон ким? Же бирөөлөргө таасирленгенсиңби?
– Негизи, мен мектепти айылдан окуп, акыркы бир жылын Бишкектен бүттүм. Бала кезимден комуздун боорун тырмалап чоңойдум. Мени окууга жетелеп, жол көрсөтүп, мындай кыл, тигиндей кыл деп далалат кылган атам болду. Айылыбызда комузду мыкты черткен Макен деген аяш атам бар. Убагында комузу менен Москвага чейин барган экен. Аны үйгө чакырып, “сендей мыкты комузчу болсун” деп ырымдап анын бармагын тиштеткен. Ошондон кийин сабактан келерим менен комузумду кучактап отуруп калып, малга көз салганды унутуп, далай козуларды өлтүргөм. Комузга канчалык жабышпайын, дилимде юрист болууну самап, ырчылык хоббим болсо керек деп ойлочумун. Бирок 10-класста окуп жүргөнүмдө Ат-Башыга келген Сыймык Бейшекеев менен 2 сааттай сүйлөшкөнүмдө эле ниетим 180 градуска бурулуп, ага окшоп ырчы болууну дегдеп калгам. "Булакты көрсөң көзүн ач" деген жакшы сөз бар го, ошондо Сыймык байке мага туура кеңеш, багыт бергенине азыркыга чейин ыраазымын. Анан тагдыр Улукмырза Полотов агайга жолуктуруп, ал мени ушул даражага жеткирди. Агай үнүмдү оңдоп-түзөп, чоң сахнага чыгууга даярдады.
– Мектепти шаардан аяктасаң, шаардык балдардын чөйрөсү сенин улуттук колориттеги ырларга болгон кызыгууңду өзгөртө алышпадыбы?
– Чынында, кыргыз эстрадасын эмес, батыштын музыкасын угуп жүргөн балдарга кошулуу ыңгайсыз болду. Ары орусчаны кыйратып деле билчү эмесмин. Башында комуз менен ырдап берсем күлүшчү, кийин өздөрү суранып ырдатып калышкан. Бир-эки айдан кийин эле мектептеги ар кандай иш-чараларга катышып, жогорку класстардан баштап кенже класстарга чейин таанымал болуп чыга келдим. Кыскасы, талантым, комузум шаардык балдардын чөйрөсүнөн өз ордумду табышыма шарт түзүп берди. Мен бул мектепте бир эле жыл окусам да, андагы классташтарым, агай-эжелерим менен сыймыктанам. Өткөндө мектепке барсам Ардак тактага президенттик "Алтын шаты" стипендиясынын ээси, биздин мектептин бүтүрүүчүсү деп сүрөтүмдү илип коюшуптур. Көрүп алып абдан кубандым.
– Аткарган ырларыңдын көбү арман, жетпей калган сүйүү тууралуу. Ырларыңдагы окуялар өз башыңдан өткөндөй туюлат...
– Мындай маанайдагы ырларды жөн гана ооз учунан аткарып коём десем калп болуп калат. Чындыгында, мен чыгармачыл инсан катары аткарып жаткан ар бир ыр менен жашайм. Бирок алардын мааниси жеке тагдырыма тиешелүү эмес. Өзүңүз билесиз, кыргызда өнөр адамдарын эл кишиси деп коёт. Өзгөчө мендей аткаруучулардын милдети – элден алган нерсесин бүлүндүрбөй кайра элге жеткирүү. Мисалы, Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" деген ырын 2009-жылы Токтогулга концерт берүүгө баратып угуп калып, обонун жактырып калгам. Чындыгында, башында ырдын сөздөрүнө көп маани берген эмесмин. Бирок обону таптакыр кулагымдан кетпей калды. Кийин автордон обонун, сөзүн үйрөнүп, аны аткарууну сурап жаздырдык. Ошол учурда эле бул ыр элге жетерине ишенгем. Албетте, ал ыр жөн жеринен эле жаралып калбаса керек деп ойлойм.
– Өзүң да обон чыгарууну ойлойсуңбу?
– Калмурат Рыскулов, Элмирбек Иманалиев байкелердикиндей салмактуу ырларды ырдап чыгып алгандан кийин жеңил-желпи ырларды ырдагың келбей калат экен. Чындыгында, азыр ырдайын деп алардын деңгээлиндеги ыр таппай жүрөм. Ал эми обон чыгара турган жагына келсек, Муса, Атай сыяктуу улуу ырчылардын обондорун ырдап алгандан кийин өзүм обон чыгарам десем уят го. Бир учурда обон чыгарам деп ээликкем. Бирок жыйынтык болгон эмес. Балким, бир кезде кандайдыр бир нерсе жүрөгүмө катуу таасир этип, ал сезим обонго айланып кетер.
– “Эрди эр кылган аял” деп коюшат, үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...
– Залина экөөбүздү чыгармачылык тааныштырган. Сүйүү келем десе студент болуп турган кезиңе да карабайт экен. 2005-жылы таанышып, 2008-жылы күзүндө, Улуттук консерваториянын 4-курсунда окуп жатканымда ага үйлөндүм. Келинчегим Залина Касымова таланттуу кыл кыякчы. Аны кыргыздын кыйын музыканттарынын бири деп койсом ашыкча болбосо керек. Ал ушул сөзгө татыйт. Учурда экөөбүз Акзыйнат деген ширин кызды тарбиялап, чыгармачылыкта да, турмушта да бири-бирибизге өбөк-жөлөк болуп келатабыз. Кызыбыз бизди тартып музыкант болчудай түрү бар, сыналгыдан комуз ойногондорду көрсө эле комузду сүйрөп калат.
– Гастролдорго да чогуу чыксаңар керек…
– Ар кандай болуп калат. Кээде чогуу, кээде эки башка чыгып калабыз. Мен Кыргызстанды кыдырсам, Залина чет өлкөлөргө көбүрөөк барат. Жакында чет өлкөгө чакыруу алдык. Бир жолу Түркияга экөөбүз чогуу кеткенибизде ушакчылар бизди "ажырашып кетишти" деп таратып, ал тургай маалымат булактарына чыгарып салышыптыр. Келгенде угуп алып оозубуз ачылган. Эми атың чыга баштаганда артыңдан ар кандай ушактар ээрчийт экен. Декабрда койгон концертимден кийин да "Аскат кайсы бир продюсерге акча берип концерт уюштурган экен, банкрот болуптур" деген кеп тарап кеткен. Эч кандай продюсер менен иштешкен эмесмин, концертимден жакшы эле каражат тапкам.
– Кызыктуу маегиңе рахмат. Өнөрүң өркүндөй берсин.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(11)
27.06.2011. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzy papasynyn kopiasy eken to est ozunun.kelinchegi suluu eken.baktyluu bolgula,ajyrashpagyla.
27.06.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жигит озунун жашынан улуу корунот...
уну жакшы...
28.06.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ijgilik kaalaim!

29.06.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Өнөрүң болсо өргө чап" жок болсо баягы эле „Мөсква”
30.06.2011. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыңа таазим этебиз.Талантың ташкындай берсин.Чыгармачылык ийгилик.
30.06.2011. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик талантына таазим
01.07.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынын бир ширин болуп турган кези экен!
01.07.2011. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ушундай ырчы барбы?. Бирнчи корушум. "Озгочо мендей атактуулар" дегенине караганда мактанчаак окшойт.
03.07.2011. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love20012 "озгочо мендей атактуулар" эмес эле, сен озун жашоодон артта экенсин сен ошол ырчыны тааныбасан биз Москвада 15 жылдан бери журуп аны тааныйбызго иии адамга критика берээрде ойлонуп жазан жакшы болоор эле дейм.
12.07.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да бул жигиттин ырлары абдан жагат
21.07.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо да таланттуу экен азаматсынар! ийгилик каалайм...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо