БАКЛАВАДАН ЧЫККАН ЧУУ АК ҮЙГӨ ЖЕТТИ

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Чолпон аттуу кыргыз кызы менен Түркия жараны Гюнеш Йылмаздын ортосундагы чыр митингдерге өсүп жетти. Муну «Бета Сторес» соода түйүндөрүнүн башкы директору «эки кызматкердин гана ортосундагы чыр» десе, коомдук уюмдар «түрк ишкери бизди мародёр катары көрсөтүүдө» дешүүдө.

ЭСКЕ САЛСАК...
“Супер-Инфонун” 3-июнда чыккан №448-санында “Кыргыз кызы түрк жигитинен кордук көрүүдө” деген макала жарык көргөн. Анда «Бета Сторес-3» дүкөнүндө технолог болуп иштеген Гюнеш Йылмаз аттуу түрк жигити Чолпон Орузбаева деген сатуучу кызды сабаганы тууралуу жазган элек. Жабырлануучунун “...Гюнеш Йылмаз келип урушуп кирди. Анын ою боюнча, мен эскирип кеткен баклаваны сатышым керек экен. “Эски товарларды сата албасаң, жогол бул жерден” деп коркута баштады...” деп айткандары жарыяланган.
Мына ошол баклавадан чыккан чырда Чолпон тепки жеп, ага операция жасалган. Өкүнүчтүүсү, Гюнеш Йылмазды милиция кызматкерлери камакка алышканы менен, 22 күндөн кийин ал Бишкек шаардык соту тарабынан үй камагына бошотулат. Эми ал дайынсыз, жазасын албай жүрөт. Бул өз кезегинде коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, сот адилетсиз болуп жаткан чакта “Чолпондун намысын коргойбуз” деген коомдук уюмдар четтен чыгып, митингдер уюштурулууда.

“ЖЕКЕ ЧЫР УЛУТ АРАЛЫК ЧЫРГА АЙЛАНБАСА”
18-июнда “Бета Сторес” соода түйүндөрүнүн башкы директору Салих Эрдогду журналисттерди чакырып маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал: “Чолпон Орузбаева менен Гюнеш Йылмаздын ортосундагы болгон окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу комментарий берүү туура эмес эле. Бирок 18-июнда “Бета Сторесте” өткөн митингден кийин расмий билдирүү жасоого аргасыз болдук”,- деди.
Билдирүүдөн үзүндү келтирсек: “Биз болгон окуянын негизинде ич ара кызматтык иликтөө жүргүзүп, технолог Гюнеш Йылмаз, ун азыктарын бышыруучу бөлүмдүн башчысы жана “Бета Сторес-3” супермаркетинин директору кызматтарынан алынышты. Биз үчүн бардык кызматкерлер бирдей. Алар кыргыз же түрк экенинен мурун, эң оболу, биздин кызматкерлер. Күнөөлүүлөр КРнын мыйзамдарына ылайык жазасын алышы керек. Тилекке каршы, учурда бир катар ММКларда ушул окуяга байланыштуу биздин дүкөндүн дарегине түрдүү жагымсыз маалыматтар айтылууда.
Кандайдыр бир күчтөр эки кызматкердин ортосундагы чырды эки улуттун ортосундагы чырга айландырууга аракет жасашууда. Алсак, 18-июнда “Бета Сторес” супермаркетинин алдында кайсы бир жаштар уюму дүкөндүн иштөөсүн токтотууну талап кылган митинг өткөрүштү. Улутчулдук ураандар жаңырып, Түркиянын туусу айрылды. Агрессивдүү маанайдагы топ супермаркетти талап-тоноо максатында ичине кирүүгө аракет жасады. Бирок коопсуздук кызматкерлер тарабынан андайга жол берилбеди. Жеке чыр улут аралык чырга өсүп жетишине жол берилбейт деп ишенебиз”.
Ушундай маанидеги кайрылуу КРнын Президентине, премьер-министри жана спикерине жолдонгон. Кошумчалап кетсек, Салих мырза митингчилер компенсация иретинде 50 миң доллар талап кылганын айтып өттү. Ошол күнү аталган ири дүкөндүн иши үзгүлтүккө учураган.

ТЕРГӨӨЧҮ АЙЫПТАЛУУЧУГА ПАСПОРТУН БЕРИП КОЙГОНБУ?
Учурда дайыны белгисиз болгон Гюнеш Йылмаздын үстүнөн арыз түшкөндө алгач Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган бөлүмдүн жетекчиси Нурлан Сагыналиев бул тууралуу мындай дейт:
– Биз Гюнеш Йылмазды кармап, ага “ден соолукка атайылап оор залал келтирүү” деген берене боюнча иш козгогонбуз. Биринчи Май райондук соту Гюнеш Йылмазды 2 айга камакка алууга чечим чыгарган. СИЗОдо 22 күн жаткандан кийин шаардык сот аны үй камагына чыгарып койгон. Үй камагына чыгаруу чечими чыккан соң аны кармоого биздин укугубуз жок. Кээ бир маалымат каражаттарында “Гюнеш Йылмазга милиция кызматкерлери паспортун берип койгон” деп айтылып кетиптир, анын паспорту азыр деле тергөөчүдө.
Чын эле макала басууга кетерде тергөөчү Тимур Мажинов Йылмаздын паспортун алып келип, көчүрмөсүн калтырып кетти.

“МИТИНГДЕР ТУУРАЛУУ КАБАРЛАРДАН УКТУМ”
Белгилеп кетчү нерсе, акыркы жолу Чолпон менен байланышканыбызда ал: “Мен тууралуу сурагандардын эч кимисине дайынымды айтпай эле коюңуз. Чарчап бүттүм. Алар жардам бербей эле өз кызыкчылыктарын көздөшөт экен”,- деген эле. Бул макала даярдалып жатканда Чолпондун абалы, ага байланышкан митингдер жана кылмыш иликтөө тууралуу жабырлануучунун адвокаты, “Нурсат” адвокаттык-юридикалык компаниясынын жетекчиси Такен Молдакулов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Учурда Чолпондун ден соолугу орто. Дагы дарылануусу керек. “Жардам берем” деп ар кандай уюмдардын, партиялардын өкүлдөрү кайрылышканы менен, иш жүзүндө эч ким жардам берген жок.
Коомдук уюмдардын Жогорку Соттун, “Бета Сторестин” алдына чыгып митинг уюштургандарды мен жаңылыктардан уктум. Митинг же дагы башка акцияларды уюштуруп ызы-чуу кылалы деген оюбуз жок. Сот адилет чечим чыгарып берсе деп гана турабыз. Буга чейин Чолпон “Бета Сторестин” жетекчилерине үч жолу кайрылган, бирок жетекчиликтен эч кимиси “жардам беребиз” деп айткан эмес. Азыркы тапта Чолпондун иши тергөөдө, Гюнеш Йылмаз качан кармалып, жазасын алат деп күтүп жатабыз.

ГЮНЕШ КАРМАЛГЫЧА “БЕТА СТОРЕС” ИШТЕБЕЙБИ?
Чолпондун укугун коргойбуз деп жүргөн жаштар кыймылдарынын бири – “Кыргыз Эл Баатырлары” кыймылынын лидери Аманбол Бабакулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Митингди “Кыргыз Эл Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Ак Шумкар Кут”, “Адилеттүүлүк”, “Жаңы күч”, Нарын облусунун жаштар кеңеши жана башка коомдук уюмдар биргелешип өткөргөнбүз. Чолпон биз уюштуруп жаткан акциядан кабардар, бирок ооруп жаткандыгына байланыштуу 18-июнда биз өткөргөн акцияга катыша алган жок. “Бета Сторестин” жетекчисинин “дүкөндү талап-тоноого аракеттер болду, улутчулдук чакырыктар жаңырды” дегени туура эмес.
Акцияны өткөргөн убакта биздин өзүбүздүн камера болгон, анда бардыгы тартылган. «Бета Сторестин» иштөөсүнө тоскоолдук кылбайлы деп, атайын лента менен тостурганбыз. Эч кандай тополоң кылып, жарандардын соода кылуусуна тоскоол болгон эмеспиз. Дүкөндүн кызматкерлеринин өзүнөн катачылык кетти. Алар мурдагыдай мародёрлук болуп кетет деп коркуп кетишти окшойт. Митинг учурунда алар дүкөндү жабууга аракет кылышты. “Азырынча жаппай тургула, иштеп тургула. Алгач сүйлөшөлү, митинг бүткөндөн кийин жабасыңар” дедик. Анан үч делегатыбыз директоруна кирип, расмий түрдө өзүбүздүн талаптарды угузуп чыгышты. 1) Чолпонго компенсация иретинде 50 миң доллар төлөнүп берилсин; 2)Гюнеш алардын жардамы менен кармалып, сот жообуна тартылсын; 3) “Бета Сторестин” жетекчилери бул окуяга эч кандай маани бербегендиги үчүн алмашсын; 4) Гюнеш кармалгыча “Бета Сторес” дүкөндөр түйүнү иштебей турсун.
Андан кийин биз дүкөндү жаптырып кетип калганбыз. Алар жабабыз деп коюп сөзүнө турбай, дүкөндүн арткы эшигин ачып соода кыла беришкен. Биз митинг учурунда эч кандай улутчулдук ураандарды пайдаланган жокпуз. “Түркиянын желегин тебелеп салды” деп айткандары да чындыкка дал келбейт. Түркиянын жана дүкөндүн туусун жөн гана ылдый түшүрүп койгонбуз.

СОТ АДИЛЕТСИЗДИГИ ЧОҢ ЫЗЫ-ЧУУНУ ЖАРАТЫП...
Окуялар өнүгүп отуруп, 21-июнда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жетекчилиги астында «Бета-Иншаат-Ятырымжылык» ЖАКынын башкы директорунун өкмөткө жазган кайрылуусун талкууга алган кеңешме болуп өттү. Анда Салих Эрдогду аталган ишкана Чолпон Орузбаевага материалдык жардам көрсөтөрүн жана ал дарыланып жаткан учурда анын айлык акысын толук төлөй тургандыгын маалымдады. «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын өкүлү Усупбий Шеримбаев жаштар тарабынан өткөрүлгөн акция түрк улутуна жана «Бета Иншаат Ятырымжылык» ЖАКысына каршы эмес, бул окуяга бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдуруу, айыпталуучу кармалып жазага тартылуусун жана аны коё берген соттор жаза алуусун талап кылуу максатында өткөрүлгөндүгүн айтты.
Кеңешменин жыйынтыгында вице-премьер-министр Ш.Атаханов укук коргоо органдарына тез арада Гюнеш Йылмазды кармоону жана жазага тартууну тапшырды. Ал эми аны үй камагына бошоткон соттордун аракетине укуктук баа берилиши керектигин баса белгиледи.
Мына, сот адилетсиздиги эмнелерге алып келди? Жеке чыр түшүнбөстүктөрдөн улам улут аралык чыр болуп кетпесин деген кооптонуу да жаралды. Эми бул чуунун чоо-жайы Ак үйгө чейин жеткен соң тиешелүү адамдар жазаланып, жабырлануучу моралдык-материалдык жардам алат деп ишенебиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(35)
27.06.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa azamattar kyrgyz jashtary, ushintip MMK lardy aralshtyrbasa chondor akchaga satylyp ketishet.batyrak Gunesh urk karmalyp,Cholponga kompensasya tolonup berilse jakshy bolmok.
27.06.2011. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыргыз жаштары!!!! Бир кызынды бир турк жигитине тебелетпей намыстуу бол!!!
27.06.2011. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Аманбол Бабакуловко чоон рахмат деп ыраазычылык билдирип кетким келет.сиздердей КЫРГЫЗ ИНСАНДАРЫ бар экенинен сыймыктанам!
27.06.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласыздар, мен да колдойм кыргыз патриот жаштарын, эмнеге оз мамлекетибизде жашап журуп кайдагы сырттан келген адамдан биздин кыз таяк жеп майып болуп калыш керек экен ал турк оз колу менен кылганды мойну менен тартыш керек, биздин чондор да кызык ото-мото соттор алар Чолпондун оордуна оз балдарын коюп корбойбу, сот дегенди реально чечпейби ушундай кудайдан коркпогон адамдар бар, Эмнеси болсо КЫРГЫЗ ЖАШТАР бар болгула, мен силер менен сыймыктанып жатам, Чолпонго колдоо корсотконунорго.
27.06.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка жерде, башка элде байкуш болгонубуз аз келгенсип, оз жерибизде эмне мынча кор болушубуз керек. Мындайды укканда куйуп гана кетем да. "Жамандын коногу билет дегендей" тээтигил жактан келген турктор неге мынча кыйын болот. Бир кыргыз туркко асылып корчу, турктор озундун асып коет. Козубузду ачалычы, туугандар!!!
27.06.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпондун журналисттерге:"Мен тууралуу сурагандардын эч кимисине дайынымды айтпай эле коюнуз.Чарчап буттум.Алар жардам бербей эле оз кызыкчылыктарын коздошот экен"деген созу эмнеси?Бутундой кыргыз жаштары сенин турк жаранынан токмок жеп,кылмышы далилденсе да жазасын албай боштондукта жургонун окушуп,намыстанып сен учун ушундай кадамдарга барып,сенин тебеленген укугунду коргоп,чечилбей жаткан маселенди мамлекеттик денгээлге чейин которуп чуркап журушот!Бул тушунгон кишиге опол-тоодой чон жардам!
28.06.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, Ал кыз эч кимден жардам ала албай,мындай митинг боло электе айткан болсо керек менимче.
28.06.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясынан кийин,оз кызыкчылыгын коздоп улут аралык уруш чыгарып ийсек кандай болот деп ойлонуп жаткан кишилер да жок эмес,"кыргыздар озбектерге гана эмес бут улутка каршы деп!!!" Ошонтуктан ойлонуп,этияттап иш кылыш керек ...
27.06.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsi uvojaiu !!!!
27.06.2011. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALGA KYRGYZ ELIM !!! aaiii azamatsynar :)))
28.06.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прократурага жаштар уюуму кирип баарын кетсин деп кубалап жаткандарын коруп аябай кубандым,адилетсиз пара алган соттор жазасын алыш керек,Кыргыз болуп Кыргыз кызды коорубай,акча учун кайдагы Туркту бошотуп жибергендер адам эмес эле айбан экен,Аллах жазанарды берсин .
28.06.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, туура кылышат мындай соттордон коро жогу жакшы,
29.06.2011. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, ошону айтсаңыз. Аллахтан коркпогон, абийирсиздер кайсы күнгө чейин акчанын кулу болуп жүрүшөт болду экен.Амин, күнөөлүүлөрдү Аллах жазаласын.
28.06.2011. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бошотуп жиберген сотту дагы жоопко тартыш керек,ал бошотуп жибербей катуураак жазалаганда мунун баары болбойт эле
28.06.2011. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчанын азабы да,же буроо телефонуна чалып чыгарып кой десе керек
28.06.2011. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы,Вперед Кыргызский народ!!!
28.06.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарттардын ушун алды эле кыргыз элим,эми туркторго балээ барбы экен.Булар да кооп баратышкан го?!
28.06.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолу болсо жазасын моюнуна жуктош керек
28.06.2011. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamira.al kyz ech kimden jardam ala albagan eken.daje sotko barsa jabyldy ishin dep eki uch jolu kuup jiberiptir.anan tajagandai ele bar,eger sot kysdy kuup atsa jana balany ui kamak dep daiynsyz jiberse.sottorgo naalat.cholpon akchasyna kyzykpa,kyrgyzdy syilagandy blishsin etegine chein tur.seni biz syilaibyz.azamatsyn kyrgysdyn patriot,kuchtuu kysy!!!
28.06.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amanboldoi ar bir kyrgysdyn kysynyn talabyn talashkan kyrgys jigitterine yraasybyz
28.06.2011. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жаман улут болбойт, ал улуттан чыккан жаман адам болот" дегендей эле...Баардык түрктөрдү жамандаганга каршымын...Гүнеш Йылмазга окшогон канчалаган өзүбүздүн улутубуздагы адамдар дагы бар...Гүнеш Йылмазды кармап керектүү жазасын берип, Чолпонго компенсация төлөтүш керек.
29.06.2011. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shishkaga koshulam....
29.06.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birinchiden SUPER.KGnin jamaatina kayrilgim kelip turat.owoncholuk terishtirip jatasinar Beta storesti ishtetkendin baari turk EMES kurd ulutundagilar ekenin bile albadinarmi emne. jakshilap bilip;tuuralap jazip koygula.jondon jon kirgiz elime turktordu jaman at kilbai.turktordun dushmani kurdalar.alar terorist da bolushat,mikaachilik ishteri byt osholor jazashst.turktor voosnovnom iymanduu kelishet.
29.06.2011. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абийирсиз,колуна акча тийсе акты кара деген, күнөөлүүнү актап чыгарган биздин сот бийлигинин Кудайдан коркпогондорго наалат болсун! Ушунча элдин каргышы деле тийет болуш керек.
Чолпон эженин акыйкатты издегендеги тырышчаактыгы жана сабырдуулугу башкаларга өрнөк болот деп ойлойм.
Ал эми Гүнеш Йылмазга окшогон акмактардын ниети жаман, оюу бузук болгондор бул окуядан соң аз да болсо кысчу жерин кысып калышат деп ойлойм.
30.06.2011. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол сунушталган акчадан патриотизм бийигиреек туруш керек ошол сотту корсом кол тийгизе албасам да айта турганымы айтып алдына тукуруп коймокмун бирок аларда намыс да жокта только оч алышты билишет
30.06.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөлүү адамдар жазасын алышсын.
01.07.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Бишкек шаардык соту күнөлүү!!!Гюнеш Йылмазды соттобой, коюп жиберип, улуттар арасындагы келишпесдикти жараткандыгы үчүн жазасын алыш керек. Салих Эрдогду жумушттан бошотуш керек,журналисттерге туура эмес маалымат бергендиги үчүн!
01.07.2011. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Бишкек шаардык соту күнөлүү!!!Гюнеш Йылмазды соттобой, коюп жиберип, улуттар арасындагы келишпесдикти жараткандыгы үчүн жазасын алыш керек. Салих Эрдогду жумушттан бошотуш керек,журналисттерге туура эмес маалымат бергендиги үчүн!
01.07.2011. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura buga biz kaidyger karabaw kerek,bolgonu uluttar arasy dedirbei etiyattap(tehni4no) jazaw kerek. Ku4 menen emes akyl menen....
01.07.2011. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек шаарынын сотун жумуштан алыш керек. биз кыргыздар башка жакта кор болуп келип атабыз эми оз жерибизде кордук коробузбу? кыргыздын жигитери азаматсынар бар болгула бизди дайыма ошенти коргоп журо бергиле, силер менен сыймыктанып журоберели.
01.07.2011. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон эжеге колдоо корсоткон кыргыз жаштарына ыраазычылык билдрем.Келечек жаштардын колунда демекчи дайыма бири-бирибизди колдоп турсак.
02.07.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куч органдарынын айынан болуп жатат,аларды реформалаш керек келечек учун.биздин кичинекей оспурумдор башка коомдо жашаш керек. адам башка адамга кордук корсото албагандай.ошондой коом тузгонго аракет кылыш керек.куч органдарынын айынан болуп жатат,аларды реформалаш керек келечек учун.биздин кичинекей оспурумдор башка коомдо жашаш керек. адам башка адамга кордук корсото албагандай.ошондой коом тузгонго аракет кылыш керек.
03.07.2011. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urrrraaaa!Kyrgyzdar algaaaaa!
04.07.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озуно сак бол коншунду ууру тутпа
04.07.2011. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келгиле туугандар ушундай козу кор сотторго дуба кылайлык илайим оздору да кор болсун ишинен бошоп уйун сатып бала чакасынан ажырап жеген колу сынып калсын ООмиин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо