Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МУҢАЙБА, МОСКВАДАГЫ МЕКЕНДЕШ!

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин чакыруусу менен Москвадагы мекендештерибиздин жашоосу, элчиликтин алпарып жаткан иши тууралуу билүү үчүн сапар тарттым. Кесиптик “оорум” кармап аэропорттон эле баштадым жумушумду. Жашы 74төгү эне “балдарым Москвада, неберелеримди караганга мени чакырышканынан баратам” деп жалооруса, 22деги келин “айылымдан алыс чыгып көрбөгөм, эки балам айылда калды” деп муңканат. Муңайба, мекендеш, жакшылыктан үмүт үзбө деп макалага орун берели.

ЭЛ ҮМҮТҮ ЭЛЧИЛИКТЕ
Москванын кең көчөлөрүн аралап жүрүп отуруп, биздин элчилик жайгашкан имаратка да жеттик. Имаратта кыргыздын кызыл желегинин желбиреп турушу эле канчалык кубат берерин мигранттар мага караганда алда канча жакшы сезишсе керек. Элчиликтин мейманканасына токтоп, ашканасына баш бактым. Төбөсүндөгү түндүктү, оймо-чийме түшүрүлгөн отургучтарды, менюсунда казы-карта, кымыз-айраны бар экенин көргөндө барган кыргыз бир кудуңдап аларында шек жок. Радиодон барган кесиптешим Кубат Чекиров экөөбүздү элчиликтен Анара Абдрахманова тосуп алып, элчи менен жолуктурду. Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чиналиев УлукбекКожомжаровичтин “Кыргызстан кандай, элибиз аманбы?” деген сөзүнөн анын мекенге болгон кусасы, ой толгоосу байкалды. Өз сөзүндө элчи:
«Орусиянын түрдүү облустарында биздин миңдеген мекендештерибиз тиричилик кылып жүрүшөт. Биз, кыргыздар, бөтөн жерде башкалардын арасында өз жүзүбүздү, аброюбузду түшүргөн эмеспиз.
Элчилик – кыргыздардын Орусиядагы бирден-бир таянар, сүйөнөр үйү. Боордошторубуз бизге миң түркүн көйгөйүн, сүйүнүчүн айтканы келишет. Бул жер кыргыздын боз үйү сымал. Боз үйгө кирген адамга эч качан кыргыз жаман сөз айткан эмес. Андыктан элчиликке кайрылган журтташтарыбызды капа кылып чыгаруудан алыспыз. Кыргыздын мыкты сапатын баса белгилеп айтайын. Башына мүшкүл иш түшсө да эч качан “жаман” деп айтпайт. “Кандайсың?” десең, сөзсүз түрдө “жакшымын” деп жооп берет. Андыктан кыргыздар, орус элине же башка улуттарга өзүбүздүн жалаң жакшы сапатыбызды, эмгекчилдигибизди, намыскөйлүгүбүздү көрсөтөлү деп аракет кылабыз»,- деди.

“МИГРАНТТАР МИЛЛИОНГО ЖЕТЕТ” ДЕШЕТ
“Элчиликтин атын жамынып жасалма документтерди жасап берип, биздин мекендештерди сызга отургузган шылуундар көп”,- дейт элчинин кеңешчиси Болотбек Мукашев. Орто жолдон акча тапкысы келген кыргыз шылуундары кайра эле кыргызды какшатканы кейиштүү. Күнүнө элчиликтин эшигинен 150-200гө жакын кыргызды кезиктиресиң. Алардын маселеси болуп Орусия аймагында утурумдук жашоого, жумушка уруксат кагазын алуу сыяктуу бир топ документ иштери эсептелет. Дагы бирлери укуктук жактан жардам сурап кайрылышса, дагы бирөөлөр орус жарандыгын алыш керек деген көйгөй менен алек. Мындайда, албетте, элчилик жардамга келет. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дейт. Анын сыңары, элчиликтин кызматкерлери журтташтарга боор тартып, керек учурда өздөрүнүн маянасынан топтоп болсо да мекенине кайтууга көмөк берерин угуп ичиң жылыйт. Ошол эле учурда элчилик жардам сурап келгендин баарына көмөк көрсөтүп, маселесин чечип салды деп кесе айткандан да алыспыз.
Так эмес маалымат боюнча, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны миллионго жетет. Бирок Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыркы жылы 553 миң кыргыз жараны Орусия аймагына кирген. Ошол эле мезгилде 503 миңи кайра чыккан. Мындан сырткары 102 миң кыргыз жараны жумушка уруксат берүү күбөлүгү менен иштегени аныкталган. Быйылкы жылдын эсеби менен 300 миңге жакын кыргызстандык орус атуулдугун алышкан.
“Мигранттардын саны көбөйгөн сайын Орусия тартипти катуу көзөмөлдөй баштады. Мигранттарга болгон квота 2007-2010-жылга 6 миллиондон 1 миллион 300 миңге түштү. Квота азайган сайын биздикилерде кыйынчылыктар көп болууда”,- дейт Болотбек Мукашев. Болот мырзанын маалыматында, элчиликке таптакыр тиешеси жок документ жасоо боюнча 20 чакты орусиялык фирма бар. Мисалы, Москвада бир жылдык жумушка уруксат берүү кагазынын баасы 15 миң рубль турса, орус жарандыгын алуу 30 миң рубль, дайымкы жашай турган жерине каттоого туруу 25-30 миң рублду түзөт экен.

МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ
Биздин кийинки жолугушуу Москвадагы кыргыз диаспоралардын, бирикмелердин өкүлдөрү менен болду. “Москва көз жашка ишенбейт” деген кеп биздин мекендештерге куп эле жарашчудай. Анткени жашы 18ге толо элек, балтыр эти ката элек балдар-кыздардын 16-18 саатка созулган кара жумушта иштеп жатканын угуп кейийсиң. Мектепти бүтүп-бүтпөй Орусияга жумуш издеп баргандардын түркүн тагдырга кабылышын, тил көйгөйүн, укуктук жактан кыйналган учурларын санап бүтө алышпайт. «Айланайындар, балдарыңарды жөнөтөрдөн мурда токсон толгонуп туруп, ишеничтүү бирөө болсо гана жөнөткүлөчү!» деп да билдирүү жасадык» дешет. Мындан сырткары, бир бөлмөдө 20 чакты адам жашап, натыйжада “меникин сен жеп койдуң!”, “менин аялыма эмне көз артасың?!” сыяктуу көр тириликтин көйгөйлөрүн күйүп-бышуу менен айтышты. Кыскасы, журтташтардын көйгөйлүү маселелери мына ушундай.
Медалдын эки тарабы болгондой эле, Москвада окуп, окуусун улантып, илимдүү-билимдүү болгон мекендештер жок эмес. Мейли медицина, маданият, экономика тармагын алып карабайлы, өз ишин мыкты билип, иши жүрүшүп, ити чөп жеген кыргыздар бар. Бала-чакасынын, ата-энесинин камын ойлоп, түркүн иште түйшөлбөй иштеген жарандарыбыз арбын. Жөнөкөй эле бир мисал, Москвадагы медициналык борборго бардык. «Маяк» аттуу борбордо кыргызстандык 14 врач эмгектенет. Өз каражаттарынын эсебинен ачылган бул борбордо мекендештерге жеңилдиктерди беришет.

ЖОЛУҢДАН ЖОЛУККАНДЫН КӨБҮ КЫРГЫЗ
Кызыл аянтта ар бир экинчи суу саткан адам кыргыз болуп чыкты. “Силерди кызыл шапкечендер кармабайбы?” деп сурадык бир кыргыз кыздан. “Жок, анткени мен Орусиянын жаранымын да” деген жоопту уктук. Кафеге кирсең ашпозчусу, официанты кыргыз, көчөгө чыксаң көчө шыпырганы кыргыз, электричкага түшсөң аны жууганы деле, аэропортко келсең кызмат кылганы да кыргыз. Кыскасы, жолуңдан жолуккандын көбү кыргыз. Электричканы күтүп отурсак, ар бир токтогон электричкадан шыпыргы-чакасын көтөрүп кызыл жүздүү кыргызым түшөт.
“Оштон келгем. Айлыгым 15-17 миң рубль. Жумушум оор. Кыргызстанда ушинтип иштебейт болчумун”,- деп бозорот бир боордошубуз.

Ала-Тоодон алыста жүргөн жердештерибиздин тагдыры тууралуу жаза берсек, кагаз бети түтчүдөй эмес. Келерки санды күтүңүз, кыз-келиндердин тагдыры тууралуу баяндайбыз.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
28.06.2011. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элчилик эч кандай кыйраткыдай иш кылбай эле. Ар бирибиз оз кучубуз менен, мандай тер менен тапкан акчабыз менен иштерибизди бутуруп журобуз.Ал жердегилердин кылган мамилесин корсон, жанын ачышат. Кагып силкип.... Аман эле болушсунчу...
28.06.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit эн туура айтасын ошол кыздардын кобун кыргыз жигиттери кордоп туруп таштап койгон. Эмне учун чечен,азер,дагилердин аялдары ошентип журбойт себеби алардын эркектери аялдарын кандай багышканын билесинер да соонун эле, аялдарынын кийген кийимин,алтындарын кара. Бирин да пол жууп жудоп жургонун корбойсун, баягы эле байкуш биздикилер. Биздин кыргыз жигиттердин журушун кара, кобунчосу озун эптеп тыкан алып журо албайт, дагы кыздарга асылып коёт. намыстуу болсонор аялдарды мынтип кочого
28.06.2011. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arunya, Мен сага айтат элем чон кыз, ак эмгегин менен кандай кор болуп иштеп акча таппагын анын уяты жок! Так что, ага биз кыргыз келиндер-кыздар пол жууп журобуз кор болуп деп буга кыргыздын жигиттерин, жолдошунарды куноого коюуу абдан туура эмес! Буга Кыргызстандагы абал куноолуу, озбек, таджик кыз-келиндер даже силерден беш бетер жерде иштешет, оз козум менен Москвада жургонумдо коргом, туалет жуушчу. Эгер намыстансанар пол жууштан анда РФга келип эмне кыласынар?!Коруп эле жургонбуз, жакшынак
28.06.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай жолдошун таштап башка улуттагылар менен гулять этип кеткен эжекелерибиз деле толтура.
28.06.2011. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таштап койбой бакпайт беленер болоктордон кем кылбай! ушул созду кыргыз жигиттерине айта берип тажадым. Биз деле жыргаганыбыздан келген жокпуз, суукта ботон жерде жургондон коро бала карап жакшы эр болсо оз уйундо олтурганга не жетсин. Тажик,озбектер башкалар менен да журот и оз аялдарын да унутпай акча салып турат, а биздин кыргыздар башка аял тапса олду, семьясын бутундой унутат, болгону 4тыйын тапса ошонусун сарптап.так что озунорго намыстангыла биринчи. Ошондой эркектерибизге намыстанам.....
28.06.2011. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arunya, Макул, биз аялдарга жакшы конул бурбайт экенбиз, алдарыбызды пол жуудуруп коет экенбиз, а куйоого тие элек жаш кыздарыбыз келип озбек, таджиктердин колудан бузулуп кеткендерге кандай ой айта алат элен? Буга ким куноолуу?
28.06.2011. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кызын сактайлы деп, башка улуттар алып кетип жатса аларга кор кылбайлы деп, мумкун коркутуп алып кетип жатышат ко деген ой менен жардам берели десен да туура эмес тушунушот! А намыстангандык - бул ошолордун алдында "я сама знаю с кем буду гулять" дегенде аттин, кыласын ушундай ою кыска кыздарыбыз баардык кыргыз кызын жаман атты кылганына! А буга эч кайсы эркек куноолуу эмес да себеби, дегенде ал кыз уже тушунуктуу эле кандай экени, а мындайдан Москвада толтура кездештире аласын!
28.06.2011. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE, Туура айтасын,бирок андайлар акыры барып кор болоорун унутпа...
28.06.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок баары эмес, дагы бир жолу айтам. Так что, мындай кыздардын таламын алып, ошентип жургон багытын ага кубаттап бергенче кайра жакшы созунорду жазып койсонор болмок насаат катары, Arunya, cosmopolit!
28.06.2011. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Беш кол тен эмес"дегендей,баардыгын куноолой берген туура эмес. Ал адамдын озунон и тарбиясынан деп ойлойм.
28.06.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх туугандар, алыста башка эл,башка жерде журосунор олуп бара жатсанар да Кыргыз деген атыбызды булгабагылачы!бара жатсанар да Кыргыз деген атыбызды булгабагылачы!
28.06.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадагы Кыргыз кыздарынын "минустарын" акыркы убакта ото коп талкуулап жатышат;
1чи себеп- кыргыздар квартиларда 20-25 адам болуп чогуу жашашат,баскан турганын,кийингенин эркектер талкуулашат,КГдан келген кишиге орой корунот,2 чи себеп-эркектер менен чогуу жашаганда!эркектердин бузулганын коруп кыздар да бузулуп жатышат,семьяларын таштап коюп, кыздардын башын айлантып жургон эркектерде куноо!
28.06.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагестан,чечен аялдары деле бар Москвада,алар коп болуп эркектер менен жашашпайт,бирок алардын арасында деле "ойногондор,гулять эткендер" бар,алардын кылганы анчейин корунбойт,анткени алардын эркектери биздин жигиттердей бузулган эмес!
28.06.2011. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне десем жаманын да,жакшысын да көрдүм.Бирок салыштыра келсем жакшысынан жаманы көп."шамал болбосо даракттын башы кыймылдабайт"демекчи кыргыз кыздарынын гулять эткенин көрүп да,угуп да жүрөм азер,таджик ж.б. Тааныштардан.АЛ эми посольствого кайрылып көрө элекмин.Жардам бериштерине көзүм жетпейт.
28.06.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада кыргыздын кыздары эле эмес озбек таджиктин кыздары да биздикинен отот...бирок ар бир кыргыз келини алардын жаман жагын албастан...алар деле минтип атышпайбы дебей намыстуураак болушубуз керек...
29.06.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир туугандар ошо рекеттерге берип мылыйсага берип каматканын корсон жаканы тиштейсин же андайлар кыргызстанда деле барбы
29.06.2011. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элчиликке кун тушкулук кылбасын кудай,2008 жылы орус жарандыгын алам деп Кыргызстандан учеттон чыгып келип,паспортторго ПМЖ бастырганы барып калып коргом элчиликтин кыргыздарга болгон боорукерлигин.Айрыкча охраннигинин каадаланып элди туртуп-туртуп дарбазасын жаап алганда барбы,оло жиним келген.Ошол жерде деле тааныш,акча.
29.06.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeh jerdeshter al korunush bul Germaniyada dele bar,konechno Moskvadagyday b-p busulgan jok kyrgys kysdary birok bul jakka kelip eptep kalyp kalyshtyn aylasy m-n nemezke turmushka chygyp,torop,bul jakta da jakandy karmay turgan okuyalar kop,oshondo isheneerindi bilbeysin ushul chyn ele kyrgysymdyn kysyby dep,a eger Rossiyada chyn ele kop bolso anda okunoorluk,antkeni bul nerse biz uchun jat,bizge jarashpayt al!Birok baardyk kyzdarga kunoo koygon bolboyt!Ata-enem,birtuuganym dep ishtegender dabar
29.06.2011. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз - Улуу Улут! Кыргыздын ата бабасы жото тегини, рух азыгы деп билип,сvйонvп, улутка жарык жvз кылып туткан дини бар! Кыргыздын менталитети тазаа жарык жана тунук жандын ырахаты жана жашоо бакты! Озvнорго башка улуттун терс сапатын адатка албагыла, Кыргыз деген улутту булгабагыла! Ал намыссыз кыздар ариетсиз жигиттер, озvнvн таарыхын жана келечекте кайсыл жерде бир топтолорун унутуп койгонго... Такие как они позорят нашу нацию! Они не из нас!
29.06.2011. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядагы турмуш - бардак жашоодон, адамдардан конулум калып кеткен. бир болмодо эркек аял аралаш жатып, бири экинчисинин эрин коз коруноо тартып алмай, кээ бири аялын уруп, тээп ызы-чуу. кээ бир чон эле аялдар баласындай эле балдар менен журуп кеткеничи. Теманы башкага буруп кетсем айып этпениздер. Азыр кыргызстанда журуп корунуктуу мамлекеттик мекемелердин биринде иштегениме аллага топук кылам. Россиянын бетин ары кылсын дейм.Турмушум ошол Россиядан талкалангангабы, ошентип ойлойм
29.06.2011. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес,жаман адам Орусияда да жаман,Кыргызстанда да жаман.Жаман жургон кыздарда да бар,эркектерде да бар.Кыскасы баарына кудайым озу нысап берсин.
30.06.2011. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсода аман - эсен бололучу кай жерде журбойлу.БАР БОЛ КЫРГЫЗЫМ!!!!!!!!!!
30.06.2011. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE,читать или нет твои комменты,каждый выбирает для себя сам!Умные примут к сведению,оставшиеся будут возмущаться!С.Инфону коркушканынан жакшы кутуп алды.Лично байкемди канча чакырышты ак уйдон,Саудовская Аравияга элчи болгондон баш тартты,намаз окуган кишиге болбойт деп,значит арам жумуштар болот!Кыздар,суйот десе эле баарын подряд суйо бербей,акылду болгула!Это единственный способ не оказаться по уши в дерьме!Нет,вообще мне кажется надо быть полной дурой,чтобы ставить чувств выше мозгов!Ужас!
03.07.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, "elya2404
UvE,читать или нет твои комменты,каждый выбирает для себя сам!Умные примут к сведению,оставшиеся будут возмущаться!" - ???
04.07.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UvE, ты дал четкий совет!
01.07.2011. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын бетин ары кылсын деп катуу соз айтпай эле коелу достор.Буттан туруп,бактысын тапкан мекендештеринер да аз эмес.Жалпысынан алып караганда башка улуттардан кыргызым алда канча айырмаланып турат.Озуно таза,шалбырабай тыкан кийинип,оз жандарына тын болушат.Орус тилин салыштырмалуу акценти жок суйлошот.
01.07.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элчилик жонундо айткандарга мен да кошулам. Мага элчилик жардам берди деген кишини коро уга элекмин.
02.07.2011. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадагы кыргыз кыздардын баары эле бузулду деп бир жактуу караган болбойт,жакшы кыздар,тиргилик кылам дегендер дагы толтура.Эгерде бизде дагы Дагестан,Чечнядагыдай болуп аталар,агалар уйдогу кыз балдарды кичинесинен айтып дешсе,чтобы атам айткан деп сестене турган кылса,апаларыбыз болсо озун алып журууну,ото ачык,орустардай кийим кийбоону кулакка куюп чонойтсо азыркы корунуштор мынчалыкка барбайт беле деп ойлойм.Жок дегенде Ассалому алейкум деп саламдашсакчы,мусулманбыз дегенибизге жараша....
02.07.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элчилиги жок еле иштеп жатабыз елчиллик деген бул елдин чонтогуно елчилик
03.07.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туп тура ARYN
03.07.2011. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кыраан куштайбыз
Эмнеге асманга учпайбыз
Билесинби кыргыздардын амалын
Бирин бири кыркып турат канатын
17.07.2011. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздардын окулчулугундо акча алгандан башканы билишпейт жардам корсотконун уга элекпиз оздорунун чонтогуно жардам кылышат липый документтер ошол жерден чыгат
30.07.2011. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайда барба мамайдын кору
08.08.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвада жашайм.Бир таныш кыз бар ал силер айткандай улуту башка бироо менен журот.Ал деле мусулман бирок алар никеси жок 2жылдан бери жашашат экен мен айттым.Айтсам сенин ишин болбосун деп бул менин жошом деп жооп берди.Пендеден корпосода Алладан корсо болот. Мындай быздин Кыргыз мекендештерибиз толтура..
08.08.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада биздин элчилик уйу акчан болсо сени менен суйлошуп сага жардам берет а акчан жок босо сени жардам беридон башын алып качышат!
08.08.2011. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада биздин элчилик уйу акчан болсо сени менен суйлошуп сага жардам берет а акчан жок босо сени жардам беридон башын алып качышат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо