Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАТАЛИ ПОРТМАН

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Ал сулуу жана табышмактуу. Голливудда аны акылдуу жана сексуалдуу дешет. Анан да Натали Портман ийгиликтин куйругун бек кармап, өзү теңдүү актрисалардын эч кимисин алдына салбай келет.

  • Толук аты-жөнү – Натали Хершлаг
  • Туулган жылы – 1981-жыл, 9-июнь
  • Туулган жери – Иерусалим, Израиль
  • Кесиби – Актриса, сценарист, режиссёр, продюсер
  • Улуту – Жөөт
  • Бою – 155 сантиметр
  • Салмагы – 48 килограмм
  • Хоббиси – Йога, балет, муз үстүндө бийлөө
  • Сыйлыктары – “Оскар” (2011), “Алтын глобус” (2005, 2011), BAFTA (2011)
  • Абдан боорукер айым.Жаныбарларды жакшы көргөндүктөн, териден жасалган кийимдерди кийбейт жана эт жебейт.
  • Таланттуу режиссёр. 2008-жылы “Ева” тасмасын тартып, жакында эле "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!” аттуу фильми жарыкка чыкты.
  • Эксперимент кылуудан коркпойт. Мисалы, чачын кырдырып салып деле жүргөн.
  • Стилдүүлүктүн иконасы. Кызыл килем үстүндө келаткан учурунда андан баары көзүн албай карашат.
  • Кечелердин сүйүүчүсү эмес. Бош убактысын тынч, жай жашоодо өткөрүп, эч кимдин көңүлүн бурдурбай иттери менен сейилдегенди жакшы көрөт.

ДАҢКТАН КӨРӨ ИЛИМ ПАЙДАЛУУРААК
Натали Портман Авнер Хершлаг жана Шелли Стивенстин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы тукумсуздукту айыктыруучу дарыгер, апасы үй кожойкеси. Анда орустардын да каны бар экени айтылып келет. “Портман” деген псевдоним таенесинин фамилиясынан алынган. Вашингтон шаарында жашап жүргөндө болочок актриса жөөттөрдүн Чарльз Смит мектебине барып, эне тилин үйрөнөт.
1990-жылы үй-бүлө Нью-Йорк шаарына көчүп келет. Жаш актриса эки өлкөнүн (АКШ жана Израиль) атуулу. Портман бул тууралуу “мен Американы аябай жакшы көрөм, бирок менин жүрөгүм Израилде” деп айтканы бар. 4 жашынан бийге катышып, жергиликтүү балет труппасында бийлеп жүргөн актрисанын таланты кичинесинен эле байкалган.
1998-жылы мектепти аяктап жатканда “Суутекти татаал зат катары иштеп чыгуу” аталыштагы илимий ишти Ян Херли жана Жонатон Вудвард менен биргеликте жазып чыккан. Актрисадан ата-энеси илимий кызматкерди күткөндүктөн, анын актрисалыкты тандаганы аларды бир топ эле таң калтырган. Бирок Натали искусство менен илимди айкалыштырып үлгүрөм деп ойлоп, илимий сынактын жарым финалына чейин барган.
2003-жылы Гарвард университетинин психология бөлүмүн аяктаган. Натали: “Окуум карьерама тоскоолдук жаратып жатат деп капа болбойм. Мага киножылдыз болгондон көрө, билимдүү болгон жагат”,- дейт. Ошондой эле Портман англис, иврит, француз, немис, япон, араб тилдеринде сүйлөй алат.
Британиялык изилдөөлөрдүн негизинде Голливуд актрисаларынын ичинен бийик интеллект боюнча 2-орунда Натали Портман, 1-орунда актриса Кейт Бекинсэйл турат.

ТАСМА ТАЛААСЫНДА
10 жашында Наталинин актрисалык дебюту башталып, драмада роль ойногон. Ал эми 1994-жылы ал Люк Бессондун “Леон” фильмине кастингге катышып, баш каарман Матильданын образын жараткан. Өспүрүм Матильданын ролу аны дүйнөгө тааныткан алгачкы ролдорунун бири. Ошондон кийин актрисанын жылдызы жанып, фильмдер ага биринен сала бири атак-даңк алып келе баштайт. Алардын катарына “Жакындык” (“Близость”), “Кара ак куу” (“Чёрный лебедь”), “Болейндердин дагы бир тукуму” (“Ещё одна из рода Болейн”) аттуу тасмаларды кошсок болот.

ЭНЕ БОЛУУ БАКТЫСЫН БЕЛЕК КЫЛЫП...
Аны жакындан билгендер “Наталинин мүнөзү өтө түнт” деп баа беришет. Актриса буга чейин жеке жашоосун эч кимге айтпай келген. Ошентсе да маалымат айдыңында Портмандын актёрлор Гаэлем Гарсиа Бернал жана Жейк Жилленхал менен сүйүү романы болгону айтылып келет.
Учурда актриса “Кара ак куу” тасмасынан тапкан махабаты – хореограф Бенжамен Мильпье менен жарандык никеде жашайт. Бенжамендин улуту да жөөт. Актриса балдарын дайыма жөөттөрдүн салты менен тарбиялоону кыялданчу. Бул кыялы ишке ашып, 15-июнда Портман эркек балалуу болду. Быйыл “Жылдын эң мыкты актрисасы” атагын алган Натали Портман “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде: “Ийгилигим үчүн Бенжаменге терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал менин тасмадагы машыктыруучум гана эмес, жашоомдогу эң сонун ролду белек кылды. Мага эне болуу бактысын тартуулады”,- деп көзүнө жаш алган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Натали Портман

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
27.06.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Леонду кайра кайра коргондон тажабайм!!!
Сулуулугу анча деле жакпайт, а таланты менен акылы башка кеп.
27.06.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Леон соонун Жан Рено Портман экоо тен соонун аткарган ,мен да талантын баалайм ,Туура кылат порного тартылбай
28.06.2011. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинолору жагат хотя черный лебедьке анча тушунбодум
28.06.2011. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты бул селки. Озунчо эле чурок экен го.
29.06.2011. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лиондогу Матильда экенин угуп таң калды. Негизи Портман аябай эле "страшная сила" экен. Красота, ум и талант в одном комплекте. Ах какая женшина деген ыр бар беле?..
30.06.2011. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интеллект жагынан жооттор алдына киши чыгарбайт болуш керек...
30.06.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Черный лебедь" - это очень стильное кино! Она сыграла просто невероятно! Myrzake здесь она нам показывает звездную систему, показывая на что готовы танцовщицы. Ей это удалось сполна! Бул кино особенно "звезда" оруусу менен оруп калгандарга тийиштуу. Так что звездамын деп, образга коп кирип кетпей, конкуренцияга конул буруп атандаша бербегиле. А то ушинтип крышанар тайып, келесоо болуп каласынар!
01.07.2011. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мүнөзү түнт дейт а эмне мен ушулар менен жүргөм деп мактаныш керекпи?мен деле айтпайм эч кимге ушул кыздар менен жүрөм деп.Экөөбүздүн характерибиз окшош экен."мен Москваны аябай жакшы көрөм,бирок менин жүрөгүм өзүмдө"
03.07.2011. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:()
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо