ЭРКЕК ПРЕЗИДЕНТ

№451 24-30-июнь, 2011-жыл

Мамлекеттин коомдук-саясий, социалдык-экономикалык бейпилдиги, туруктуулугу Баш мыйзам ыйык тутулганда жана кол тийбестиги камсыз болгондо ишке ашары белгилүү. Анын акыйкатын тарыхтын өзү эбак далилдеген. Мисалы, АКШнын гүлдөп-өсүп, улуу державага айланышына америкалыктардын Конституциясынын 200 жылдан ашык мезгилден бери өзгөрүүсүз келатканы, кебелбестиги өбөлгө болгону белгилүү. Ал эми бизде, тескерисинче, Конституция баланын оюнчугуна айланып кеткендигинен улам системдик кризистен арылбай келатабыз.

ӨТКӨНГӨ КЫСКАЧА ЭКСКУРС
Кыргызстандын 20 жылдык көз карандысыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында эки президент алмашты. Азыркысы үчүнчүсү. Мурдагылар – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев эл-жерден безип, чет өлкөдө тентип жүрүшөт. Алардыкындай кейиштүү тагдырды душманыңа да ыраа көрбөс элең. Экс-президенттердин качып, тактап айтканда, кубаланып кетишине эмне себеп болду? Алар, түзүн айтканда, өздөрүнө өздөрү кылышты. Кеп чыдамы түгөнүп жапа тырмак көтөрүлгөн элде эмес, экс-ажолордун өздөрүндө ченемсиз чоң айып жатканын моюндарына алышы керек. Эки президенттин берген убадасына, сөздөрүнө турушпагандыгы алардын түбүнө жетти десек болот.
Акаев менен Бакиев мамлекет башына келишкенде “бир гана эл кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, андан башка кенедей да кусаматыбыз жок, демократиялык баалуулуктарды өнүктүрөбүз, улуттук экономиканы рыноктук нукка өткөрүп, модернизациялоону ишке ашырабыз. Ошону менен калктын бардар жашоосун камсыз кылабыз. Бийликтин ээси эл экенин унута турган болсок, бизди каргыш алсын” деп карганышса жанына жан тура алчу эмес. Бирок көп өткөн жок, бийликтин даамын татып, кумарына биротоло кирип алгандан кийин абалкы берген убадаларын тез эле унутушту. Жеке бийликтерин бекемдөө амалы менен алектенип кетишти. Оңой жолу катары экс-президенттер өлкөнүн Конституциясын өздөрүнүн күндөн-күнгө ашып-ташып бараткан бийлик амбицияларын алымсындыруу үчүн өзгөртүүдөн, кайра башынан жазып чыгуудан көрүштү. Натыйжада Баш мыйзамдын ит талаган талпактай болуп тарпы кеткени белгилүү. Кийинки кабыл алынган Конституцияларды оболку 1993-жылкы Баш мыйзам менен салыштырып көрүп, эки президенттин тушунда алардын канчалык кор болгонуна, канчалык кедеринен кеткенине көзүң жетпей койбойт. Улам кийинки Конституция президенттин бийлигин кеңейтүү, чыңоо менен жүрүп отурганын баамдоо кыйынчылыкка турбайт.
Акыры Акаевдин үй-бүлөлүк, Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруу системасын негиздеген суперпрезиденттик Конституция, тапан журналисттер айткандай, «ханституция» пайда болду. Ошону менен диктатордук режимге жол чабылган эле. Ачыгын айтканда, эки экс-президент өлөр-өлгөнгө чейин түшпөс хандыкка, диктатуралык башкарууга даяр болуп калышкан болчу. Айрыкча Бакиев жеке бийлигин сактап калуу үчүн элге ок аттыруудан кайра тартпай, 87 жигиттин канына забын болгону, Июнь каргашасынын чыгышына өбөлгө түзгөнү айтканыбызга ачык далил.

УБАДА ДЕГЕН УБАДА
Үчүнчү президент Роза Отунбаева 2010-жылы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияда көрсөтүлгөн жоболорго ылайык, 2011-жылдын этегинде президенттик мөөнөтү бүтөр замат ээлеген кызматын жаңы шайланган мамлекеттин башчысына тапшырып берерин, ошондой эле президенттик кампанияга катышуудан баш тартарын ачык жарыялады. Президент парламенттик башкарууну негиздеген Конституциянын кынтыксыз сакталышын, президенттик шайлоону калыс жана адилет өткөрүү, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү негизги милдетим деп эсептейт.
Президент Роза Отунбаева (анын оппоненттери «легитимдүү президент эмес, анткени референдум аркылуу мамлекет башчысы кызматын ээлеген» деп кине коюп келишет. Асыресе, Роза Исаковнанын «достору» референдум деле, шайлоо деле жалпы элдик плебисцит статусуна ээ экендиги, ошондуктан эл аралык коомчулукта, башкысы, эл ичинде Отунбаева толук кандуу президенттик укукка ээ деп сый көрсөтүлүп турарын моюндарына алгысы келишпейт) Конституцияны кынтыксыз ыйык сактоодон сырткары Апрель революциясынан кийин бийлик жоопкерчилигин моюнуна алган УӨнүн алдындагы берген убадасында бекем турарын да жарыялады. «Ал учурда биздин үстүбүздө Бакиевдердин кара булуту айланып, акчасы дарбазаны баш багып, сагалап турган болчу. Шайлоодо өзүнүн партиясын жана президентин сүйрөп өткөрүп алуу бакиевдер үчүн кыйынчылык жаратпайт эле»,- дейт Роза Исаковна. Андан ары сөзүн улап: «Убактылуу өкмөттүн бир жыйынында «референдум менен парламенттик шайлоо өткөрүп алгандан кийин президенттик шайлоого киришүү маселеси талкууланып калды. Өткөөл мезгилдин президентинин 1,2-3 жылга чейинки мөөнөтү каралып жаткан. Темир Сариев менен Исмаил Исаков ашык-кеми жок бир жылдык мөөнөттү кескин талап кылып чыгышты. Тагдыр чечилип жаткан бул кезеңде эч ким жоопкерчиликти моюнга алгысы келген жок. Мен макул болдум. Ошентип, президент кызматынын мөөнөтү бүткөн соң экинчи жолу талапкердигин койбостугу жөнүндө бизде купуя жана жентелмендик келишим болгон эле»,- деди.
Эгер президент Роза Отунбаева ошондогу берген убадасынын өтөсүнө чыкса, анда өлкөнүн тарыхында эки президенттен кийин биринчи жолу сөзүнө турган, жигиттик убадасын кынтыксыз аткарган үчүнчү эркек президент пайда болот. Ошону менен катар келечекте Роза Исаковнанын таалими (прецеденти) аркылуу Конституцияны сыйлап, Конституция менен иш кылып, Конституция менен жашоонун традициясына жол чабылат деген үмүт пайда болот.

Үсөн Касыбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(31)
27.06.2011. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, Усон жакшы макала жазыптырсын. Кыргызстандын онуккон, баардык жагынан жетишкен мамлекет болооруна жеке менде ишенич, умут абдан чон. Кудай буйруса кузундо шайлоону ийгиликтуу, тынч-аман откоруп алсак. Роза Исаковна да берген созуно туруп, Конституцияны сыйлагандыгын корсоткон Президент болуп берсе, жакынкы жылдары бизде онугуп-осуу болот деген терен ишеничтемин.
27.06.2011. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса, ошол онуккон Кыргызстандын тарыхында "ушул онугууго жол салып берген Президент - Отунбаева" деп келечек муундун эсинде калат деп ойлойм.
Эмдиги жылдан баштап иштей турган Президентибизге татыктуу адам тандалышына тилектешмин жана ушуну кудайдан коп суранам, Супердин колдонуучулары сиздер да ушундай тилек кылып койсонуздар. Жакшы тилек жарым ырыс дейт эмеспи.
27.06.2011. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
URB KG,Туура айтасыз конститутцияны сыйлап,башкага өткөрүп берерине ишенем.Бизге жакшы президент келсе,биз экс-президенттерге окшоп чет өлкөлөрдө жүрбөй,өзүбүздүн өлкөбүздө болот белек деген ишеничтер талаага кетпесе экен.
27.06.2011. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eks prezdentteribizdi chet olkodo tentip jurot degeni ancha bolboi kalyptyr.Akaev andai sozgo tatyktuu emes.
27.06.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеткенден кийин жамандап эле жатып калышат кыйын болсо кете электе айтып конушпойбу, А.Акаевдин (уй-булоосун) акыркы 3 жылында кылган терс корунушторду айтпаса 90ж жаны эгемендуулук алганда кылган жумуштарын да унутпаш керек (мисалы сом,констит.олкого таандык биринчи кадамдар) Бакиев жеп ичип,олтуруп,талап-тоноп аягында кеткенден башка эч нерсе кылган жок...
27.06.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин!!! Аскар Акаев кайра президент болуп келип калса кана... бакиевдин болсо, барынан жогу жакшы анын. максим менен жанышка окшогон кан ичкичтерди ооздуктай албаган. Аскар Акаев, Роза Отунбаева биздин президенттер АЛГА!!!
27.06.2011. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да эч умутумду узбой келем кыргызстан онугуп кетишине. келе жаткан шайлоону тынч откоруп алсак экен. эркек баштаса орго аял баштаса чолго дейт ошондуктан олко башына чыныгы созуно турган эркек келсе экен. анан жонокой элдер да жардам берсек олконун онугушуно ар жакка ооп,ар кимдин тилине кирип,акчага алданып болбогон нерседен пикет уюштуруп ал кетсин бул кетсин дей бербей. 1айда же 1жылда онугуп кетпейт баарынарды сабырдуулукка чакырам
28.06.2011. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев президент болуп туруп турганда Кыргызстанды тигинин конулун кыя албай мунун конулун кыя албай ар кимге болуп берип коймок,унутуп калдынарбы канча жерди Кытайга берип жибергенин, Бакиевке салыштырмалуу кичине эле жакшы болбосо,
28.06.2011. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйруса келечекте Кыргызстан онолот менде да чоон умут бар. Жакшы ажо келсе экен деп тилейм.
28.06.2011. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга азыр Ташиев керек!
28.06.2011. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Только агитацияны баштабай эле койгула
28.06.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aybekk tashiev ozun syilai albagan adam,kyrgys eldi kantip syilait
28.06.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын онугушуно 10%...онукпошуно 90%..ишенем
02.07.2011. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dominik, Koz karashyny ozgortson bolo,sendeilerdin aiynan MEKENIBIZ ushul akybalga keldi...katuu aitsam kechirim suraim.
28.06.2011. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абийирдуу, таза инсан керек Кыргызстанга...
29.06.2011. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскар Акаев жакшы эле киши
29.06.2011. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АСКАР АКАЕВ алтын инсан!!!
29.06.2011. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКАЕВ ВАКИЕВ ОТУНБАЕВА - ВЫДАЮЩИЕСЯ УМНЫЕ ЛЮДИ) ведь стать президентом это не просто)
30.06.2011. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга - кыргызды ойлогон, кыргызым деп жашаган жана кыргыздын намысы vчvн озvн аябаган Патриот керек!
30.06.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунбаевадан кийинки президент, Атамбаевден башка татыктуусу жок.
30.06.2011. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерде да болунп олуп кеткиле..... алакандай жер болсо, андан коро Манас атабыздын осуятынан чектебей журбойлубу!!!
30.06.2011. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров кыргызстанга президент болуш керек
01.07.2011. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Усөн, жакшы макала жазыпсын. Кыязы биздин эжекебиз айтканынан кайтпай сөзүно тура турган болду, бул дагы эркектик кадам. Ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Ал ал менен болду, эмки кезек, кимдики боолду дегендей, төбөлөрдүн арасынан карап көрсө мүмкүнчулүгү барлардан Атамбаев Ташиевдер экен, бирок талдап карап көрсөк постперехзодный периодко Атамбаевдин айкели туура болгон турат. Өлк
01.07.2011. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтылган адамдардын бири да татыктуу эмес, кыргызстанга Гитлердей адам керек.
02.07.2011. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстаныбыздын аты эле калбаса башка эчнерсесин калтырбай сатып салган президенттин барынан жогу жакшы
02.07.2011. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер Кыргызстанды Мадумаровко окшогон адам башкарбаса алакандай болгон мекенибиз жок болуп кетиши мумкун
02.07.2011. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент очередной адам боло берет.Башкысы элдин пейили онолуш керек деп ойлойм.Ким эмнени айтса эле туурабы,туура эмеспи ээрчип кете бербей кадамыбызды ойлонуп анан таштасак.Биз оз балдарыбызга улгу боло тургандай иш жасасак. Чтоб наши дети с нами гордились.А они очень любят гордится родителями.
02.07.2011. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам?бизге башыбыздан аягыбызга чеин тартип керек!баарыбыз бир правила менен жашашыбыз керек,ошого уболгу тузуш керек!ага эрк кылуу керек.сатылбай, ички дуйнон,ду таза кармаш керек.салам?бизге башыбыздан аягыбызга чеин тартип керек!баарыбыз бир правила менен жашашыбыз керек,ошого уболгу тузуш керек!ага эрк кылуу керек.сатылбай, ички дуйнон,ду таза кармаш керек.
03.07.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келесоосунар!!! Атамбаевдин кереги барбы? Бизге человек извне нужен. Эч кандай уурдабаган. Ичип жебеген. Атамбаевди билген адам ит го.............Бизге Бакиев менен Акаев жетти го.
03.07.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге Акаев же Бакиев келсе болот эле ал инсандардын куноосу жок биз ал улуу инсандарыбыз менен сыймыктанабыз Ал эми Роза татыкттуу эмес биз коптогон экономикабызды жоготтук буга Роза кунолу деп ойлоймун Бундай окууялар болбогондо биз кыргызстан кыйла онукмокбуз созумдун аягында айтарым бакиев кайра приздентике келсе экен деп кудайдан тумут кылам
03.07.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакивди бийликке чакырабыз келгиле жаштар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо