№285 18-24-апрель, 2008-ж.
Бирде айдагы кызга кол сунганы туурасында, бирде секелек кыз жөнүндө ырдаган Мирбек Иманбеков нарындык күйөрмандарына ырларын арнап келди. Ошол сапарында ырчы Жумгалдан Кочкорго келаткан жолдо үч саат дайынсыз жоголуп кетип, чогуу келаткандарды сарсанаа кылган. Көрсө, ал ошол жердеги камыштын арасынан жакшы көргөн жандыгы коёндорду көрүп калып, аларды кармагысы келип артынан кууп кеткен экен. Ары-бери чуркап жүргөн ырчынын карааны бийик камыштан улам досторуна көрүнбөй калган. Коёндон да ырчы күлүкпү, айтор, үч сааттан кийин кийимин баткак кылып кайтып келген Мирбек бир коёнду колтуктай келиптир.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |