WWW.SUPER.KG САЙТЫНДАГЫ ЭҢ ПОПУЛЯРДУУ КЛИП – САМАТТЫН "АЙДАЙ СУЛУУСУ"

№289 16-22-май, 2008-ж.

Гезитибиздин www.super.kg рас­мий сайтындагы медиа-порталга өткөн жуманын жетисинде жүктөлгөн Самат Доолотбаковдун "Айдай сулуу" аттуу ырынын клиби тез эле көрүү­чүлөр­дүн купулуна толду. Тактап айтканда, "медиа-порталга жүктөл­гөн клиптердин ичинен аз убакытта эң көп кароого ээ болгон клип" деп табылды. Буга чейин Саматтын бул ыры чет өлкө­лүк музыкалык сайттарда да баш­кы орунда тураарынан кабар алган элек. Аз убакыттын ичинде хит ырлардын катарынан орун алган бул ырдын жана ага тартылган клиптин ийгилик сыры эмнеде экендигин билүү үчүн Саматка кайрылганыбызда: "Ыр Египетте жүргөндө жаралган болчу. Ал эми клипти бул жактан тарттык. Мүмкүн элге клиптин жөнөкөйлүгү, тамашалуулугу жагып жатса керек. Мисалы, башкаларга окшоп кымбат машина айдап тартылбастан, жөн эле "Гольф" айдап алгам. Анан да бийлеп атканда ар бирибиздин экранга келип көрсөткөн өнөрлөрүбүз жөн гана достор арасындагы приколдорубуздан алынган. Жалпысынан көп эмгек жумшап, 3 миң долларга тарттырдык. Баса, клиптин монтажын да өзүм жасагам",- деп жооп берди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо