№290 23-29-май, 2008-ж.
Ырчы Айгүл Чалова жигитинен темир тулпар белекке алгандыгын күйөрмандары билсе керек. Машинаны алганына бир канча убакыт болсо да ырчы кыз айдоочулук күбөлүгүн алганга убактысы жетпей жүргөн. Анын үстүнө айдаганды жакшы өздөштүрө элек болчу. Ошонун айынан ырчы кыз жакында эле Горький көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен жеңил машина менен кагышып кеткен. Жол Айгүлдүкү болсо да токтоп туруп калган да, аркада келаткан жеңил машина аны катуу сүзгөн. Бул кагылышуу Айгүлдүн денсоолугуна залал келтирген эмес. Бирок, машинасын оңдотууга туура келген. “Кимде күнөө?” деген суроону машинанын айдоочулары МАИ кызматкерлерине жеткирбей эле өз ара чечишип алышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |