АКБАР МЕНЕН ГҮЛ ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНҮШӨБҮ?

№293 13-19-июнь, 2008-ж.

Буга чейин шоу-бизнес чөйрөсүндөгү адамдардын арасында гана эмес, эл арасында да Ташкент кызы Гүл менен Акбар Сүйүн­баевдин кыз-жигит болуп жүргө­нү, ал гана эмес, төрт жылдан бери чогуу жашашаары туурасында бир топ сөз­дөр айтылып жүр­гөн. Бирок, бул сөз­дөр­­дүн баарын эки ырчы тең моюндарына албай, "ушак" деп кутулуп келишкен. Тымызын тараган кеп­тер ушак эмей эле чыркыраган чындык окшобойбу. Анткени, экөөнүн мамилесин жана жакында үйлө­нүшөө­рүн ошол эле чөй­рөдөгү адамдар да баамдашкан экен. Гүл хиджаб кийип Кудай жолуна түшсө, Акбар сакал өстүрүп алганы бекеринен болбосо керек. Ал гана эмес, эки ырчынын уюлдук телефондорунун номерлери бир гана сандан айырмаланат экен. Анан да башка ырчыларды кошпостон дайыма экөө эле гастролдоп жүрүшкөнү да кызыгуу туудурбай койбойт. Акбар "телевидениеге жумушка орношом" деп барып, акыры ал жакка Гүлдү да тартууга жетишкен. Бул божомолдордун чын-бышыгын билгибиз келгени менен экөө­нөн тең "ушак" деген сөздү угаарыбызды билип, ырчылардын өздө­рүнөн сураганыбыз жок. Кудай буюрса, күркү­рөгөн күздүн келиши шоу-бизнестегилерди жар-жар айттырат окшойт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо