№295 27-июнь - 3-июль, 2008-ж.
Белгилүү теледива, "КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тележылдызы" аталган Ассоль Молдокматова кайрадан дүйнөлүк компаниянын жүзү болду. Миллиондогон элге белгилүү ичимдиктерди чыгаруучу бул компаниянын жаңы концепциясына жараша компанияны саясат, спорт, телевидение, эстрада жаатында дүйнө жүзүнө таанылган инсандар гана жарнама кылышмакчы. Жарнамага тартылуу Казакстан, Индия сыяктуу башка өлкөлөрдө да болуп өттү. Бул тасмаларга түшүү учурунда Ассоль образын таанылгыстай өзгөрттү. Аталган жарнамаларды көрүүчүлөр жакынкы аралыктан тарта жай мезгили бою көрө алышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |