Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАЗГҮЛ НАСИЕВА КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

№296 4-10-июль, 2008-жыл.

Белгилүү продюсер Назгүл Насиева 14 жашар баласы жана жаш ырчы жигит Нурхан менен бирге Оштон келе жаткан. "Жол бою айдап чарчадыңыз" деп продюсерин аяган Нурхан жолдун ортосуна келгенде рулга отурган экен. Түндүн бир оокуму болгонуна карабастан катуу ылдамдыкта келе жаткан жигит Төө­­­­­а­шуу­­га жете берген жерде бир саамга көзү илине кетип, машина бир нече жолу аласалып кеткен. Бир канча убакыттан соң эстерине келишкен үч жүргүнчү жалпайып, таптакыр жарабай калган машинадан араңдан зорго суурулуп чыгышкан. Анан көргөн көздөрүнө ишенбей, ызаларына чыдабай айласыздан каткырышыптыр. Жакындарына эптеп телефон чалып билдиришип, үч саат бою суукта тоңуп турушкан соң аларды Назгүлдүн жолдошу шаарга алып келген. "Көр оокат качан да болсо табылат" деп Назгүл өздөрүнүн аман калганына сүйүнүп, машинасынын талкаланганына кайыл боло тобо кылып отурат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо