ГҮЛЗИНАТ МЕНЕН МИРБЕК "БЕШ ЖЫЛДЫЗ" КОНКУРСУНА БАРАТ

№298 18-24-июль, 2008-ж.

Акыркы убакта эл аралык сынактарга катышуу менен кыргыз элинин намысын коргогон жылдыздарыбыздын саны күн санап көбө­йүү­дө. Алгач Орусия мамлекетинин ичинде гана өткөрүлүп келаткан "Беш жылдыз" конкурсу эми эл аралык конкурска айланды. Бул конкурска катышуу укугуна КМШ жана Балтия өлкө­лө­рүнүн ырчылары да ээ болушту. Ошол себептен Орусиянын Биринчи каналы менен биздин УТРК тыгыз кызматташууда. Аталган конкурска жолдомо алуу үчүн ырчылар арасындагы тандоо туру кыргыз телевидениесинин концерттик студиясында болуп өттү. Калыстар тобунун мүчө­лүгүнө Муратбек Бегалиев, Түгөлбай Казаков, Ассоль Молдокматова, Ырыскелди Осмонкулов, Мелис Эшимканов, Кыялбек Урманбетов, Рафаэль Сарлыковдор кирип, конкурс үч этаптан турду.
Акырында калыстар алгачкы эки турдан ийгиликтүү өткөн ырчы талапкерлердин арасынан жаш ырчы Мирбек Атабековду жана "Шантелл" тобунун солисткасы Гүлзинатты "Эларалык фестивалдын жүрүшүнө татыктуу" деп тандап алышты. Бул эларалык "Беш жылдыз" сынагы 2008-жылдын 28-30-август күндөрү Орусиянын Сочи шаарында өтүп, гала концерт менен жыйынтыкталмакчы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо