№299 25-31-июль, 2008-ж.
Коңур үндүү ырчы Жанета Бобкова жакында түштөнүү үчүн үйүнүн жанындагы кафеге эки баласын ээрчитип барган. Бир убакта эс алып отурган кавказ улутундагы кыздар эч кимди көздөрүнө илишпей кафени жаңырта сүйлөшүп, официант кыздын алып келген тамагын жактырбай, ага кыйкырышкан. "Акчаны туура эмес эсептедиң" дешип, официант кызды ыйлатышып, тамактанып отурган элдин тыйган кептерине каяша айтууга да өтүшкөн. Булардын баарын көз кырынан өткөрүп отурган Жанета тура калып тигил кыздарды ачуу сөздөрү менен урушуп тыйган. "Алар баш бербей каяша айтып туруп алышса, мушташуудан да кайра тартмак эмесмин",- дейт ырчы өз сөзүндө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |