№302 15-21-август, 2008ж.
Гезитибиздин өткөн санында белгилүү ырчылар Замир Арыкбаев менен Съездбек Искеналиев “Даткайым” дуэт ырына клип тартышканын айткан элек. Ушул аптанын башында, тактап айтканда, 11-августта “Вефа” соода борборунун кичи кинотеатрында клиптин бет ачары болду. Бул күнү ырчыларды УТРКнын президенти Мелис Эшимканов жана УТРКнын экс-президенти Кыяс Молдокасымов, Ассоль Молдокматова жана ырчы достору куттуктап келишти. Съездбектин дагы бир жаңылыгы – келерки аптанын башында жаңы тасмага тартылуу үчүн даярданып жаткандыгы. Айта кетсек, Съездбек “Ашуу” аттуу тасмада ырчы Азаматтын образын жаратмакчы.
"Даткайым" клибин сайтыбыздагы Медиа-порталдан көрө аласыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |