№338 24-30-апрель, 2009-ж.
Жума аягында борбордук Ала-Тоо аянтындагы тарых музейинин алдына Маданият министрлиги менен Кыргыз салттуу музыка фонду тарабынан уюштурулган кыргыз салттуу музыка жумалыгы өтөт. 25-апрель күнү ачык асман алдында жумалыктын ачылышы болсо, 26-апрелде дастанчы, манасчы, төкмөлөрдүн катышуусунда дастан күнү өтөт. Ал эми 27-апрель – чоорчу, кыл кыякчы, комузчулардын, 28-апрель – булбулдай үнү шаңшыган ырчылар күнү болуп белгиленди. Жумалыктын максаты – ата-бабаларыбыздан калган улуттук руханий казынабызды муундан-муунга сактоо.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |