№344 5-11-июнь, 2009-ж.
4-июнда Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда “Кыз-Бурак” ансамблинин алгачкы түзүүчүлөрүнүн бири, музыкант Рахман Калмаматовду эскерүү кечеси болду. Бул иш легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова тарабынан уюштурулган. 200 миң сомду чапчыган эскерүү кечесине Жолболду Алыбаев, Токон Эшпаев сыяктуу музыканын дөө-шаалары катышышты. “Бул инсандын биздин топту түзүүдө эмгеги зор. Өзү өргүүдө жүргөндө да келип, бизге акыл-насаатын айтчу. Маркумдун кызы азыр алыста, аялы каза болгон, учурда оорукчан уулу бар. Көзү өткөнүнө бир жыл болду. Өтөгөн эмгегин эстеп, минтип эскерип турабыз”,-дейт Гүлшайыр Садыбакасова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |