№352 31-июль-6-август, 2009-ж.
24-июлда ырчы Замир Арыкбаев бир "Волгалуу" болду. Кыргызда кыздуу болсо “бир Волгалуу болуптурсуң” деп тамашалап коюшат эмеспи. Ошонун сыңары, калыңына бир эмес, үч-төрт Волга келчү Замирдин кызы жарыкка келди. 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлгөн наристеге чоң энеси Акмарал деген ысым ыйгарды. Кызы төрөлгөн күнү ырчы тойдо жүргөн экен. Ошентип, кош майрам болуптур. Учурда Замир сүйүнүчүн жакын санаалаштары менен бөлүшүп, майлап жүрөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |