№353 24-30-август, 2009-ж.
Август айында эс алуучулар Ысык-Көлгө укмуш агылат эмеспи. Ди-джей, телеалпаруучу Алтын Мырза да көлгө бир чумкуп келгени Чолпон-Ата шаарына барган эле. Борборго Алтын Мырза досунун машинасы менен кайтып келаткан. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей, ди-джейдин досу шаардан чыгар замат алдыдагы машинаны катуу сүзүп алган. Эки машина тең жарактан чыгып калган менен, кудай жалгап, алпаруучу досу экөө катуу жаракат алышкан жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |