Айбек туулган күнүн кеч белгиледи

№357 4-10-сентябрь, 2009-ж.

Айбек Карымов “жакшылыктын эрте-кечи жок” дегендей, президенттик шайлоонун өтүшүн күтүп, туулган күнүн кеч белгиледи. Болгондо да министр Конгантиевдин “туулган күнүңдү белгиле” деген сунушу менен өткөрдү. Көрсө, Айбек байкебиз ИИМдин ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчиси болуп аз убакыт иштегени менен, саз иштерди жасаптыр. Кыргыз милициясынын гимнин жазып, ИИМдин 85 жылдык мааракесине карата фестиваль өткөрүп дегендей. Бул эмгектери үчүн министр Конгантиев­ өз колу менен “ИИМге кошкон зор салымы үчүн” деген төш белги менен сыйлады.
Баарынан да таң калтырганы, гүл берүү жагынан ИИМдин кызматкерлери алдыга эч кимди чыгарышчудай эмес. Айбекти коштоп келген ырчылардын ар бири сахнага чыккан сайын кучактары гүлгө батпай узап жатышты. Сакадай бою сары алтын Асел Турдалиева эжебизге министр өзү гүл бергенде толкунданып кеттиби, айтор, үстүндөгү балеросун чечип ыргытып жиберип, бир башкача толкундануу менен ырдады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо