Калыстарды таң калтырган СЫНАК

№385 19-25-март, 2010-ж.

14-март күнү “КГУСТАнын сулуусу” сынагы өтүп, 17 сулуу ат салышты. Сынакка калыс катары ырчы Съездбек Искеналиев, телеалпаруучу Алексей Филатов, «Sun Sity» спорттук-көңүл ачуучу борборунун өкүлү жана башкалар катышты. «Дордой Плаза», «Пир», «Ширин» өңдүү компаниялар демөөрчү болуп, сулууларга белектерин беришти.
Албетте, сынакта бирөө жеңет, бир нечеси жеңилет. Бирок бул сынак калыстарды таң калтырбай койгон жок. Алгач бизге келген уюштуруучу: “4-номердеги кызга колдоо көрсөтүп койсоңор, ал жеңиши керек”,- деп кулагыбызга шыбырап кетүүгө үлгүрдү. Аңгыча сынак башталды. Кыздар, азаматтар, чимириле бийлеп, ырдап жатышты. Чү, дегенде эле топ кыздардан суурулуп чыккан 9-номердеги Айпери аттуу сулуу болду. Калыстардын берген баалары боюнча ал алдыда бараткан. Бирок жыйынтыктарды жарыялай келгенде Айпери биринчи орунду алып, 4-номердеги Жанара аттуу сулуу баш байгени «илип» кетти. Аң-таң болгон Съездбек: “Анда калыстардын эмне кереги бар эле?”,- деп ийин куушуруп, анан Айпериге өзү алып келген белегин берип, жакында тартылуучу клибине каарман кылууну убада кылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо