№386 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
Бир кезде сахнада ээрчишкен кош жылдыздар Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун үй-бүлөлүк оту тутанбай калганынан кабарыңыз бар да. Абдумалик агабыз ыйман жолуна түшсө, Динара эже чыгармачылык менен дале алпурушуп келет. Москвадагы “Нур реклама” гезитинин 2010-жылдагы №5-санына жарыяланган маалыматка караганда, Абдумалик менен Динара, кызы Малика үчөө 7-мартта Москвадагы кыргыздарга “Кош жылдыз” аттуу концерт коюшуптур. «Убакыт баарына дары» демекчи, убакыт өтүп, кайра жарашууну чечишкенби, аны ырчы эжекебиз Орусиядан кайтканда билебиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |