ЫРЧЫЛАР КООГАЛАҢДА КУРМАН БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРИШТИ

№389 16-22-апрель, 2010-ж

7-апрель кыргыз тарыхында кандуу шаршемби аталып калды. Элибиз 80ден ашык эр-азаматтарын кара жерге берип, кан какшап турган кези. Мына ошол курман болгондорго арнап, кыргыздын көрүнүктүү ырчылары, дегеле искусство адамдары 15-апрель күнү “Ата-Бейитке” барып куран окуп, эскеришти. Дал ушул күнү көрүстөнгө кандуу окуя­дан ок жеп ооруканада жатып көз жумган эки жигитти алып келип коюшту. Ырчылар курман болгон жигиттердин жакын туугандарына, ата-энесине кайрат айтышты.
150дөн ашык искусство өкүлдөрүнүн башын бириктирип, шейит кеткендерге куран түшүрүп, эскерүүнү “Миң-Кыял FM” радиосу уюштурганын айта кетели. Бейитке чогулган эстрада өкүлдөрү жакынкы күндөрү концерт уюштуруп, андан түшкөн каражатты ооруканада жаткандарга кайрымдуулук үчүн берүү демилгесин көтөрүштү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо