№390 23-29-апрель, 2010-ж.
“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2009-жылдын стилдүү ырчы мырзасы” наамынын жеңүүчүсү Бекчоро менен “Сахна ажары” наамынын жеңүүчүсү Айпери Кубик кызы Түштүк Кореяга аттанышууда. Жаштар ал жакта бирге эс алат экен деп ойлоп жүрбөңүз. Жок, алар чыгармачылык сапар менен чогуу жүрүшөт. 28-апрелге билет алып даярданып жатышкан ырчылардын Түштүк Кореядагы концерти 1-майда өтмөкчү. Ошондой эле алардын айтымында, 3-майда Кореяда өтүүчү кайсы бир фестивалга конок катары катышышат. Ким билет, балким, бойдоктор чет жерден кыз-жигит болуп кайтышар...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |