КАРА КӨЗГӨ СУКТАНЫШАБЫ ЖЕ АТ ТАППАЙ КАЛГАНДАГЫ УБАРАБЫ?

№394 21-27-май, 2010-ж.

Кыргыз шоу дүйнөсүндө талант-аракети, чымыны бар ырчы жигиттер арбын. Учурдагы жаш аткаруучулардын ырларынын мааниси жеңил-желпи сөздөр менен жазылганына карабастан, оозго алынып ырдалып келет. Байкаган болсоңуз, “Кара көз” деген аталыштагы ырлар көп. “Кара көз” дегенди уксаң, «кимисинин кара көзү?» деп калат экенбиз. Көрсө, “Кара көздүн” көч башында бажыканачы байкебиз Берадор Борбиев турат экен. Борбиевдин “эх, кара көз, эх, кара көз, жалдыраттың го...” деп ырдаганы бар. “Таластык кызга” тамшанып бараткан Мирбек Иманбеков да “кара көз, гүлүмсүң...” деп ырдап калбады беле. Андан кийин эле Темир Назаров чыкты “кара көз, кайтып келчи-и...” деп ойкуп-кайкып бийлеп. Маркум обончу Чубак Сатаевдин ушундай эле аталыштагы ырын уулу Кубаныч Сатаев да “теңсинбей кеттиң, кара көз...” деп созуп калат. Эми Мирбек Атабеков «кара көздөн» жараланды. Мирбек байкесинен кем калмак беле, Даниэль да «карагат көздөргө» көз сала баштады. Ошондой эле Дайыр Исмадияров да учурда «кара көзүнүн» кареги менен тең айланып турган кези.
Ушундан улам «чын эле ырчы мырзалар кара көздөргө гана байланышабы же ырына ат таппай калгандагы убарабы?..» деген ойго жетеленесиң. Илгертен кыргыз сөз баккан, кеп кадырлаган калк. Ошондуктан жогорудагы мырзаларыбыз деле сөз казынасын казып көрүшсө, балким, кара көздөн башка да ат табылып калар беле, ай, ким билет?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо