№395 28-май - 3-июнь, 2010-ж.
“Версус” бий тобу 17-мартта Түркияда өткөн “Нооруз” Эл аралык фестивалына катышканы жөнөп кетишкен эле. "Аваз" телеканалы фестивалга келген коноктордун арасынан биздин бийчилерди тандап алып, өздөрү уюштурган концертке да катышып берүүлөрүн өтүнүшкөн. “Версус” тобу андан кийин Франция, Швейцария, Италия, Венеция, Германия, Бельгия өлкөлөрүн да кыдырууга үлгүрүштү. Көпкө созулган бул сапар майдын аягына чейин созулган. Ошентип, бийчилер чарчап да, ыраазы болуп да кайтып келишти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |