АСКЕРДИК МАЙДАНБЫ ЖЕ МАШЫГУУ БОРБОРУБУ?

№406 13-19-август, 2010-ж.

“АКШ Кыргызстанда экинчи аскердик базасын түзүү үмүтүнөн кайта элек”,- деп “Washington Рost” гезити жазып чыккан. Бирок ошол замат КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы: “Кээ бир чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргызстанда АКШнын аскердик майдан ачуу жөнүндө кабары чындыкка дал келбейт”,- деп жарыялады. Алардын айтымында, чынында, өлкөнүн түштүгүндө аскер кызматкерлери үчүн машыгуу борборун куруу жөнүндө сөз жүрүп жатат. Анын каражатын кайтарымсыз түрдө америкалыктар каржыламакчы.
Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллер: “АКШнын Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө эч кандай аскердик майдан ачуу пландары жок”,- деп гезиттин маалыматын жокко чыгарды.
Буга чейин экс-президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда баңгизат менен күрөшүү боюнча иштеген кыргызстандык кызматкерлерге түштүктө машыгуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн. Өз учурунда бул маалымат Орусияда түрдүү талаш-тартышты жараткан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
19.08.2010. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка менен мамиле тузуу керекпи же Россия мененби? Америка сууга алып барып сугарбай келет, а кыргыздар Россиянын нанын жеп, жанын багууда! Ушуларды коруп туруп, эмне учун америкалыктарга дагы машыгууга территория берилип жатат же пландаштырылган? Андан коро Россияга бербейби!
29.11.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америка менен мамиле куруу бизге жакшы. Мен Американын политикасын колдойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо