«КЫРГЫЗСТАН» ТАЛАШКА ТҮШТҮ

№406 13-19-август, 2010-ж.

Кумар Асановдун атын тааныткан “Кыргызстан” аттуу ырды жакшы билесиздер. "Кыргызстан – ыйык мекен..." деген саптар убагында оппозициянын ар бир митинг, жыйындарында жаңырып турган. Жакындан бери аталган ырды Иса Өмүркулов ырдап чыгууда. Буга Кумардын продюсери Ислам Сатаров: “Кумардан ким ырдаарын айтпай эле “бир жаш бала ырдайт, сөзүн жазып берчи” деп сурашса, ал жазып берип коюптур” ,- деп тынчсызданып жаткан болчу. Бул боюнча Исанын апасына байланышсак, Лира эже: “Бул ырды Исага 11 жашында аранжировкачы Мырзали аттуу жигит автордон уруксат алып, анан берген. Кумар ырдын сөзүн өзү жазып берген. Бир жолу эле “Ала-Тоо таңшыйттан” ырдап чыкты. Эгер каршы болушса, ырдабай деле коёт. Бирок автордон уруксатты биз да алганбыз”,- дейт.
Ал эми Кумардын продюсери: “Бул ырга кайрадан клип тарталы деп турабыз. Азыр шайлоо жакындаган сайын “ушул ырды ырдап бербейсиңерби?” деген сунуштар түшүүдө. Бирок бул ырды саясатташтыргыбыз келбейт”,- деп жооп берди.
Кантсе да эки ырчы тең дал ушул ыр сабында “Кыргызстан, коргойбуз сени бек туруп” дегендей эле мыкты жигиттер. Кимиси канчалык деңгээлде ырдады, аны эл өзү чечип, өзү таразалайт деген ойдобуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо