№406 13-19-август, 2010-ж.
Көп жыл бирге иштешип, акыры баш кошушкан жубайлар Айбек Карымов менен Гүланда учурда кубанычка бөлөнүп турушат. 10-август күнү борбордогу №1-төрөтканада 3 килограмм 620 грамм салмакта ааламга алардын ымыркайы келди. Кыргызда кыз төрөлсө, кырк жылкы деп коёт эмеспи. Ошентип, Айбек мырза кырк жылкылуу болду. Азырынча наристеге ысым коюша элек. Эне-баланын ден соолугу чың. Баладан өткөн бакыт барбы? Гүланда учурда бактылуу эне болуп турган кези. Бакытка бөлөнгөн ырчылардын сүйүнүчүнө биз да ортоктошпуз. Кызыңарга балдай таттуу балалык, кең келечек каалап, бешик боосу бек болсун дейбиз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |