СҮЙҮКТҮҮҢҮЗДҮН СҮЙҮҮСҮ КАФЕДЕ КАНТИП СЫНАЛАТ?

№189 16-22-июнь, 2006-ж.

АЙЫМДАР ҮЧҮН
Сүйлөшкөн жигитиңиз менен кафеге же кечеге барып калдыңыз дейли...

  • Жигитиңиз бир кезде жаңы таанышкан кыздын отургучунун сүйөнгү­чүнө колун коюп, батинкесинин тумшугу менен кыздын туфлисине тийгизип отурууга өтсө...
  • Сиз сыртка чыгып, кайра келатканыңызда жигитиңиздин кыздын колун же ийнин же кофтасындагы кооздукту кармалап отурганын байкасаңыз...
  • Анан сиз жакындаганда жигитиңиз кыз менен сүйлөп жаткан темасын өзгөртүп калса...
  • Кече бою сизден алыс, коноктор ара­­сында болуп, өзүнүн эркин экендигин көрсөткүсү келсе...
  • Кече же кафеден чыккандан кийин маа­найы бузулуп, сизге «туура эмес сүй­лөп койдуң» же «катуу күлүп кой­­дуң" сыяктуу сөздөрдү айтып, жеме­лөөгө өтсө...
    анда ал сизди чындап сүйөөрүнөн күмөн санай берсеңиз болот.

МЫРЗАЛАР ҮЧҮН
Сүйлөшкөн кызыңыз менен кафеге же кечеге барып калдыңыз дейли...

  • Кызыңыз сиз менен кечедеги (кафедеги) жигиттерди салыштырып, "Карачы тигини, бою узун жигит экен. Сен да ошондой болгонуңда го... Келишимдүү кийинет экен, а сен эмнеге андай кийинбейсиң? Карачы, ал кызын не деген гана тамак, суусундук менен сыйлап жатат" дегендей сөздөрдү айтса...
  • Кызыңызды жаңы тааныштарынын бири белинен бекем кучактай бийлеп, саамайынын сыласа, ал сылык эскертүүнүн ордуна унчукпаса...
  • Сизди унутуп, бир эле адам менен улам-улам бийлесе...
  • Бир кезде эле сизге эскертпестен бир топко жоголуп кетсе...
  • Жаңы эле таанышкан жигитке сиздин көзүңүзчө эле телефон номерин берсе...
    анда анын сүйүүсүнүн бекемдигинен шек санай берсеңиз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо