№407 20-26-август, 2010-ж.
Баяндамачынын бурчу
Кандуу окуяны башынан экинчи жолу өткөргөн Ош шаары коомдун көңүл чордонунда көпкө болчудай. Алсак, бул аптада HRW уюму менен Улуттук комиссия Ош окуясы боюнча жүргүзгөн изилдөөсү менен тааныштырды.
Эсиңизде болсо керек, 10-июнь күнү кечки саат 10до башталган кан төгүү тууралуу маалыматтар интернет айдыңында “башкы ролдогу” каарманга айланган. Эл аралык масштабда кадыр-барктуу укук коргоочу уюмдардын бири “Хьюман Райтс Уотч” “улуттар аралык кагылышуунун башталышына өзбектер демилгечи болгон” деген жыйынтыкка келген. Докладдын авторлорунун бири Уле Солванг: “Массалык кагылышуу 10-июнь күнү “Алай” мейманканасынын жанында өзбектердин ири тобу чогулгандан кийин башталган”,- деди. Мындай изилдөөлөрдөн улам дүйнөлүк коомчулуктун пикири “өрттөн кийин” болсо да өзгөрөт деген ойдобуз.
Улуттук комиссиянын башчысы Абдыганы Эркебаев: “Баш аламандыкты өзбек диаспорасынын лидерлери уюштурган”,- деди. Анын ичинен Кадыржан Батыров издөөдө болсо, Жалалидин Салахутдинов кармалган. Абдыганы Эркебаевдин айтымында, окуя кокусунан пайда болгон эмес, ал даярдалган. Бул сөз менен өздөрүн “олуя” көрсөткүсү келишеби, кыскасы, муну айткандан тажашпады. Мындайды уккан эл “эгерде кандуу окуя болорун билишсе, эмне үчүн эрте чара көрүлгөн жок?” деп отурат.
Ал эми коомдук ишкер Жыпар Жекшеев жергиликтүү эмес, чет элдик кабарчылардын аракетине аң-таң. Анын айтымында, Ош окуясы башталганга чейин сырттан кабарчылар эмнегедир көп келе баштаган. “Алар кандуу кагылыш болору жөнүндө алдын ала билсе керек”,- дейт Жыпар Жекшеев. Чет жердик кабарчылардын макалалары окуядан эрте баяндалган учурлар да катталган.
Демек, Жыпар Жекшеевдин сөзүнө таянсак, сырттан келген кабарчылар кимдир бирөөдөн окуянын өнүгүшү тууралуу алдын ала маалыматтарга ээ болуп турган. От жаккандардан сырткары аларды дагы кылдат текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгы ачык-айкын көрүнүп турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Чындык белгилүү эле эгер туура жактан туура карагандар үчүн.
ИДУ Ошту автономия кылып алгысы келди, мамлекеттин алсыздыгынан пайдаланды. Ансыз деле өлкөбүз Жаңы Өкмөт-Эски Өкмөт болуп экиге бөлүнүп калган учур эле, аларга караганга адам калбай калган болчу. Бул шансты колдон чыгарбоо аракетинде террористтер дароо ишке к