№411 17-23-сентябрь, 2010-ж.
Парижде атактуу модель, Франциянын биринчи канайымы Карла Брунинин жашоосундагы бардык сырларды ачкан китеп жарык көрдү. “Карла – жашоо сырлары” деп аталган китептин автору – Бесма Лахури. Анда Карланын өзүнүн айтып берүүсүндө сүйүү санжыралары төкпөй-чачпай жазылган. Китепте канайымга “юбкачан Дон Жуан” деп мүнөздөмө берилген. Мисалы, анын ойношторунун тизмесинде легендарлуу рок-музыканттар Мик Жагер, Эрик Клэптон жана башкалар болгондугу айтылат. Аталган музыканттар менен Бруни Саркозиге турмушка чыккандан кийин да Ривьерага барып, 3 миллиондон ашык турган виллада эс алганы тууралуу жазылган. "Булардын жазылышы менен Карла Саркозини кемсинтти" деген да маалымат тароодо.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |