№411 17-23-сентябрь, 2010-ж.
“Тумар” радиосунун "Кино кумар" берүүсүнүн алпаруучусу Адилет Нурбековдун дагы бир өнөрү ачылганы турат. Адилет искусство институтунун Кино жана театр факультетинин 4-курсунун студенти болгондуктан, режиссёр курсташтары менен документалдуу жана кыска метраждуу тасма тартуу менен алек. Учурда Адилеттин командасы Ош, Жалал-Абад аймактарын кыдырып, элди ынтымакка үндөгөн видеороликтерди жана фильмдерди тарта башташты. Ошентип, жакын арада ди-джей-режиссёрдун колунан жаралган эмгектерди көрүп каларыбызга шек жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |