№416 22-28-октябрь, 2010-жыл.
16-17-октябрда Күзгү фестиваль менен "Тамашоу" Лигасынын 3-сезону старт алды. Аты чыгып калган командаларга кошо жаңы командалар да алгачкы жолу Спорт Ордонун сахнасына чыгышты. Күйөрмандардын эсинде болсо керек, "Ак-Өргө city" командасы бизге берген интервьюсунда: "Күзгү фестивалда бир да сыйлыкты жеңбесек, кийинки оюнга баарыбыз таз болуп чыгабыз",- деп убада беришкен.
Ал эми жеңүүчүлөр булар болду: "Мыкты команда" – "Достук" жана "Ак кеме"; "Мыкты тамаша" – "Самсанын сүйүүсү" ("КG 77") жана "Парламентке өткөн партиялар" ("Юрский период"); "Мыкты оюнчу" – Кубат Кубанычбеков ("Юристтер") жана Бакыт Осмонканов ("IUK"). Өзүңүздөр көргөндөй, сыйлык ээлеринин арасында "Ак-Өргө city" командасы жок. Демек...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |