№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
Ушундай ураан астында 13-14-ноябрда Бишкекте “Кыргыз Эл” коомдук бирикмеси КРнын Дзюдо федерациясы менен биргеликте өспүрүмдөр арасында I ачык чемпиондук өткөрөт. Мелдештин «Манастын кубогу» деп аталышы бекеринен эмес. Машыктыруучу Талант Дүйшөнбековдун (сүрөттө) айтымында, учурда жаштарды «Манаста» камтылган баалуулуктардын негизинде идеологиялык жактан тарбиялоо чоң мааниге ээ. Ошондой эле мелдеш дзюдону калк арасына жайылтуу, талашка түшкөн «Манасты» кыргыздыкы экенин даңазалоо максаттарын да көздөйт.
Мелдеш Спорт Ордосунда өтөт. Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаш спортчулары чакырылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |