Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДАНИЯР ҮСӨНОВДУН АЯЛЫ «АТА ЖУРТТАН» ЧЫГА ЭЛЕК

№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.

  • Транзиттик ташуу борборун (“Ганси”) күйүүчү май менен камсыздоо боюнча тендерди “Мина Инкорпорейшн” компаниясы утуп алды. АКШнын Коргоо министрлиги тарабынан келишим 315 миллион долларга чукул баага түзүлгөнү кабарланды.
  • Орусия жакын арада Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 8 миллион доллар бөлмөкчү. Баш-аягы быйылкы жылы аталган өлкө 25 миллион доллар көмөк көрсөттү.
  • Кардиология тармагында иштеген Талантбек Батыралиев менен Калдарбек Абдраманов Эл аралык “Миң жылдыктын сыйлыгы” деген кадыр-барктуу наамга ээ болушту. Сыйлыкты тапшыруу аземи 14-декабрда Австрияда болуп өткмөкчү.
  • Ош шаарындагы массалык баш аламандыктын катышуучулары Д.Мадатов, И.Айдаралиев жана Т.Маматовду өмүр бою темир тор артына камоого өкүм чыгарылды. Алар «улуттар аралык жек көрүүчүлүктүн негизинде 4 кишини өлтүрүшкөн» деп айыпталышкан.
  • Украинанын Одесса шаарында Карл Таньпетер деген сүрөтчүнүн Кыргызстанга арналган көргөзмөсү ачылды. Анда өткөн кылымдын 50-80-жылдарын чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлүүдө.
  • “Ата Журт” партиясынын мүчөсү жана Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева ал партиянын курамынан чыгуу арызын жаза элек. Буга чейин “ата журтчулар” тынымсыз митингдерден улам Динара айымдын партиядан чыкканын, атүгүл үгүт кербенине кошкон акчасын да кайтарып беришкендигин айтышкан эле.
  • Бүгүнкү күнгө чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган 1 миң 353 жабыркаган үй-бүлөгө мамлекет тарабынан 90 миллион сомдук кайтарымсыз жана жеңилдетилген жардам көрсөтүлдү.
  • Австрия, Венгрия жана Словакия Республикаларына Кыргызстандын атынан Лидия Иманалиева элчи болуп дайындалды.
  • Улуттук банк 1-декабрдан баштап 200, 500 жана 1000 сомдун жаңыртылган банкнотторун чыгарат. Анын коргоочу элементтери кыйла жакшыртылган.
  • Маданият күнүнө карата Озбек Абдылдаев, Назаркул Сейдракманов, Келдибек Тургунбаев жана Михаил Шевчук Даңк медалы менен сыйланышты.
  • Ошондой эле кызматтык милдет аткарып жатканда баатырдыгын көрсөткөн жана үстүбүздөгү жылда кайтыш болуп кеткен ИИМдин кызматкерлерине 3-баскычтагы Манас ордени, Эрдик медалдары берилди.
  • Кыргызстанда мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 8,5 миң сомду түзөт. Эң көп айлык каржы жана банк тармагында катталып, алардын эмгеги үчүн 19 миңге жакын сом төлөнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
05.11.2010. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ош шаарындагы массалык баш аламандыктын катышуучулары Д.Мадатов, И.Айдаралиев жана Т.Маматовду өмүр бою темир тор артына камоого өкүм чыгарылды. Алар «улуттар аралык жек көрүүчүлүктүн негизинде 4 кишини өлтүрүшкөн» деп айыпталышкан"
11.11.2010. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр усуновдун аялын, желкесинен кармаптуруп эшике жыкарып койгулачы ! ЖКден
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо