АПТА ХРОНИКАСЫ

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

102 билдирет

ЭКИ КУРСАНТ КАЗА БОЛДУ
2010-жылдын 5-ноябрь күнү Коргоо министрлигине караштуу “Ала-Тоо” аскердик полигонунда Аскердик окуу жайдын курсанттары ок атып машыгып жаткан кезде кырсык болгон. Окутуучу чоң калибрлүү Утёс пулемётунун иштешин көрсөтүп жаткан кезде белгисиз себептен улам пулемёттун оозу капталда турган курсанттар тарапка бурулуп кеткен. Натыйжада 4 курсантка ок жаңылып, экөөсү каза тапкан. Аман калган экөө азыркы кезде аскердик ооруканада дарыланып жатышат.
Эске салсак, алар 1-курстун гана курсанттары эле. Бул кырсык боюнча окутуучу А.Булановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 3 ӨМҮРДҮ АЛЫП КЕТТИ
Кочкор районуна караштуу Кочкор-Чаек автожолунда N9348A мамлекеттик номурлуу ГАЗ-3307 үлгүсүндөгү унаа менен S8035U мамлекеттик номурлуу Мерседес Бенц -210Д үлгүсүндөгү унаа кагышып, өрт чыккан. Өрттөн улам Мерседес унаасы толугу менен, ал эми ГАЗ 3307 унаасынын кабинасы күйүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза таап, 7 адам ар түрдүү жаракаттарга дуушар болушкан. Кагылышууга жолго чыга калган жылкы себеп болгон.

АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА СОТ 15-НОЯБРДА БАШТАЛАТ
Кыргызстандын тарыхында "7-апрель" деген ат менен калган кандуу окуя боюнча сот иши 15-ноябрда башталмай болду. Жогорку соттун билдирүүсүнө караганда, ишти Бишкек гарнизонунун Аскердик соту карайт.
Сот иши боюнча 28 адам айыпталууда. Алардын 6сы эл аралык издөөдө болсо, 22си өлкө ичинде. Кээ бири камакта кармалып жатса, кээ бири үй камагында. Айыпталуучулар экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон мурдагы аткаминерлер.

ЭНЕСИ МЕНЕН КЫЗЫН АТЫП КЕТИШТИ
8-ноябрдын түнүндө Сузак районунун Сузак айылында жайгашкан Дзержинский көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде энеси менен кызын атып кетишкен. Атылган октор 43 жаштагы Р.Сатыбалдиеванын ичине жана 12 жаштагы Г.Сатыбалдиеванын башына тийген. Ооруканага бараткан жолдо Р.Сатыбалдиева каза болуп, кызы аман калган. Окуя болуп өткөн жерде Макаров тапанчасынын 7 гильзасы жана 3 огу табылган. Тергөө иштери жүрүп ­жатат.

101 билдирет

ШИРЕҢКЕ МЕНЕН ­ОЙНООДОН ӨРТ ЧЫГЫП...

  • 9-ноябрь күнү Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Ынанбеков көчөсүндө жашаган К.Молдалиевдин үйүнөн өрт чыккан. Жыйынтыгында 2 тонна чөп күйүп кеткен. Өрткө 4 жаштагы Сагынбек кызы Берметтин ширеңке менен ойногону себеп болгон.
  • 9-ноябрь күнү Түп районунун Шалбаа айылындагы Нургазиев көчөсүндөгү Б.Самадыловдун сарайы өрт­төнгөн. 56 чарчы метр аянтты ээлеген имарат менен кошо ичиндеги 9 тонна чөп да күлгө айланган. Сарайды 4 жаштагы Байтал кызы Салтанат ширеңке менен ойноп жатып капысынан өрттөп жиберген.

ҮЙҮ ЖОК КАЛДЫ
9-ноябрь күнү Балыкчы шаарынын Логово көчөсүнүн 17-үйүнүн чатыры өрттөнүп кеткен. Анын айынан үй ичиндеги эмеректер жана буюмдар өрттөнгөн. Өрткө электр жабдыктарын куроодо эреженин сакталбаганы себепкер болгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо