Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бир бүркүм... ЖАШ БАЛДАР МАЙМЫЛДАР АРАЛЫНДА ЭС АЛЫШУУДА...
№423 10-16-декабрь, 2010-жыл.
- Президент Роза Отунбаева 10-декабрда КМШ, ЖККУ жана ЕврАзЭС жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти.
- Чүй облусунун Кемин районунда 8-декабрда катуу шамал болуп, оорукана менен мектептин чатырлары зыян тартты.

- Экс-президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевге карата кылмыш иши 15-декабрда караларын Аскердик сот билдирди.
- 7-декабрь күнү Ош шаарынын түштүк-батыш тарабынан 80 чакырым алыстыкта жер титирөө болуп өттү. Зилзаланын күчү 6-6,5 баллга чейин жеткен.
- 8-декабрда Алай районунда дагы жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай тоо кыркаларында орун алып, анын күчү 4 баллга жеткен.
- Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8-декабрда эле бир күндүн ичинде 28 миллион метр кубга азайды.
- Ош шаарында июнь окуясында жабыр тарткандардын көз карандысыз маалымат топтому түзүлдү. Анда 1 миң 347 үй-бүлө жөнүндө маалыматты табууга болот.
- Транзиттик ташуу борборуна нефти продукту сатуудан экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү жылына 100 миллион долларга чейин киреше таап тургандыгын Роза Отунбаева билдирди.

- Президенттик администрациянын мурунку жетекчиси Үсөн Сыдыков жана экс-депутат Исхак Масалиевдин соту 10-декабрда болмокчу.
- Шамалды-Сай ГЭСинин күзөт башчысы Алмаз Жанаев дайынсыз жоголду. Куткаруучулар азырынча аны таба элек.
- Быйылкы жылы Кыргызстан Казакстанга 37,2 миллион киловатт электр тогун берет.
- Июнь окуяларында жабыркаган балдар Кытайдагы Маймылдар аралына жөнөтүлүшүп, жапайы макакаларды көрүштү. 7 жаштан 15 жашка чейинки 50 бала Кытайдын эң мыкты Санья курортунда эс алып жүрөт.
- Ош шаарынын казысы Шакир Маматов 53 мечиттин имамы менен жолугуп, анын ичинен бешөөнү ишинен бошотту.
- Мамлекеттик «Кабар» агенттигинин 7 кызматкери иштен кетүү боюнча арыз жазышты. Ага жетекчиликке болгон нааразычылык себеп.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0