Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“АРМАНЫМ”

№190 23-29-июнь, 2006-ж.

Руслан Мамасадыков:

– Бул ырдын тексти меники. Ырды ушул жылдын февраль айында жазгам. Ал эми обону Ильяз Абдразаковдуку.
“Арманым” менин башымдан өткөн армандуу махабаттан улам жаралган. Мындан эки жыл мурун мен сүйүүмдү арнаган адамга жолуккам. Эмнегедир бактым ошол адам менен деп ойлочумун. Экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнчүбүз. Эки жылдын ичинде сүйүк­түүм менен кандай сонун бактылуу мүнөт­төрдү өткөрдүк. Бирок, ошол бактылуу күндөрдө армандуу сүйүүгө кабылганымды, ак сүйүүм­дөн адашып жалгыз калаарымды сезген эмес элем. Бир күнү сүйгөн кызым күтүүсүздөн жумушума келип, Алматыга кетип жатканын, мени менен коштошкону келгенин айтты. Буга чейин анын Алматыда курбу кыздары иштээрин билчү­мүн. “Айтып жүргөн курбу кыздарым мага ошол жактан жумуш таап, мени чакыртып, алтургай, кошо ала келгиле деп тигил жигиттерди жөнө­түшүптүр” деп эшикте турган чоочун балдарды көр­сөт­тү. Анан “а-бу” дегенче күтүп турган машинага тү­шүп кетти. Болуп өткөн окуяга акылым жетпей, көргөн көзүмө, уккан кулагыма ишенбей, аркасынан узата карап кала бердим. Ыйлагым келди, бирок, ыйлай алган жокмун. Анткени, үмүт болгон. Сүй­гөнүм кайтып келет деген чоң ишеним бар болчу. Кеткенине жарым жыл болду, андан кийин жолукмак түгүл кабарлашкан да жокпуз. Ошентип, армандуу махабаттан “Арманым” жаралган.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо