Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
МЕКТЕП – КРИМИНАЛДЫН БАШАТЫБЫ? №1870 4114
0
Мектеп – билимдин, тарбиянын башаты. Антсе да батышка ыктап, батыштын байкалбаган таасирлери агып кирип, техника дүркүрөп өнүгүп бараткан учурда окуучулардын да баскан-турганы, түшүнүгү өзгөрүп барууда. Буга көбүнчө чет элдик фильмдердин таасири тийүүдө. Ошондуктан, илгерки мектеп менен азыркы мектептин ички тартибинин айырмасы аябай чоң. Эмесе, мектеп аттуу кичинекей мамлекеттин сырттан караган адамга оңой менен билине бербеген мыйзамдары тууралуу. толугу менен
ДАЯРДАНГЫЛА, СЕССИЯ БАШТАЛДЫ! №1870 6759
0
Учурда ЖОЖдордо сессия башталган кез. Сессия студенттердин гана эмес, ата-энелердин да көйгөйлүү маселелеринин бири. Анткени, учурда ЖОЖдордо бюджеттик бөлүмдөр аз, ал эми келишимдик бөлүмдөр көп болгондуктан, студенттер эми эле келишимдеги акчаны төгүп кутулдук дегенде сессия чыгат. Эмесе, сөз сессия жана студенттердин сессия убагындага абалдары тууралуу болмокчу. толугу менен
МЕЧИТТЕ АТЫЛГАН ОК ЖЕ РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮ №1857 39262
10
"Кримавторитет", "улуттун куткаруучусу", "кыргыздын Робин Гуду" деген аттар менен белгилүү болгон Рысбек Акматбаев 10-май күнү маскачан мыкаачылардын курмандыгы болду. Ата-эненин алты ай ичинде эки уулунан ажырашы... Бойго жетелек төрт баланын көз жашы... Балыкчылыктардын ишенип шайлаган адамынан айрылганы... жана бул мыкаачылык мусулмандар үчүн ыйык болгон мечитте орун алганы окуяны андан бетер кайгыга бөлөйт. толугу менен
ТҮНКҮ КЛУБДАГЫ БИР ТҮН №1850 8931
0
Айрымдар кечки убак жумуш күнү бүтүп, үйүнө жеткенге шашса, айрымдарына түнкү жашоонун ырахаты эми башталып, ары кызыктуу, ары азгырыктуу дүйнөнүн эшиги ачылат сыяктуу. Түнкү көңүл ачуучу жайлардын катарына кирген түнкү клубдар, казинолор, дискобарлар учурда баш калаабызда жаандан кийинки козу карындай эле көбөйүп бара жатат. Эң жакшы деген түнкү клубдарга кирүү акысы 500 сомдон 1000 сомго чейин барат. Буларга "Промзона", "Эпиценр", "Арбат", "Сити", "Silk Way" аттуу түнкү клубдар кирет. Мына ушул Бишкектеги түнкү клубдарга бир чети кызыгып алар жөнүндө изилдеп көрүүнү чечип, бир чети досторумдун шары менен шаардагы эң мыкты деген түнкү клубдардын бирине жол алдык. толугу менен
СТУДЕНТТИК КҮНДӨР... №1840 6040
0
Бул бет ачар рубрикабызды дал ушундай атадык. Мындан ары студенттин жашоосу, күнүмдүк турмушу, жаштык шаңы, актуалдуу маселелери, сүйүүсү, дагы далай көп нерселери сиздин сүйүктүү "Супер-Инфо" гезитиңиз аркылуу чагылдырылып турмакчы... Биз менен чогуу болуңуздар. толугу менен
КЫЗДЫН КАЛЫҢЫ КАНЧА? №1810 6964
0
Байыркы замандан бери ата-бабабыз кыздын калыңына көп көңүл буруп, төө баштаган тогуздаган мал беришкен. Учурда тогуздаган мал болбосо да, калың берүү салты өз баркын жоготпой келет. Кыз узатып, уул үйлөгөн ата-эненин биринчи жүрөк өйүткөн маселеси да ушул. Эмесе, сөз учурдагы кыздын калыңы кай жерде канчалык экендигинде. толугу менен
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.