Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
АРНОЛЬД ШВАРЦЕНЕГГЕР
№2480 5377 0

Атактуу актёр Арнольд ушул жуманын дүйшөмбү күнү 60 жашка толду. “60 жаш карылыктын кабары эмеспи?” деген журналисттердин суроосуна: “Мен бул куракка чыкканым менен али да болсо жүрөгүм жаш. Элим үчүн кызмат кылууга күчүм жетет. Өзүмдү жаш эле сезем”,- деп жооп берип, карый элек экенин дүйнөгө кабарлады. Эмесе, ошол 60 жашар «жаш жигит» Арнольд Шварценеггердин өмүр баяны...

толугу менен
Аида Баякова: «ТАШ ТҮШКӨН ЖЕРИНДЕ ООР ДЕП ОТУРУП КАЛДЫМ»
№2470 5654 0


Скрипканы күүгө келтирип, анын жан­дүй­нөнү козгогон сыйкыр авазын элге тартуулаган адамдар жергебизде саналуу гана. Алардын арасында Аида Баякова да бар. Бирок, Аида башкаларга салыштырмалуу эстрадага скрипканы айкалыштыра ойноп, өзгөчө бир стиль жараткандыгы менен да айырмаланып турат.

толугу менен
МИРБЕК РЭППЕР БОЛУП КЕТТИБИ?
№2470 4336 0

Жаш ырчы Мирбек Атабековдун ырдоо стилин өзгөрткөндүгү тууралуу редакциябызга ырчынын продюсери Канат Култаев билдирген эле. Канаттын айтуусуна караганда, эми Мирбек эстрадалык ырлардан тышкары рэп стилиндеги ырларды да ырдайт жана учурда бир топ ырларды жаздырып бүт­көн. Ырчынын өзү менен байланышканыбызда ал: “Адам өсүү менен бирге өзгөрүп да туруусу керек. Ошондуктан, бир эле калыпта жүрө бербей, күйөрмандарыма жаңы ачылыш тартуулоону туура көрдүм. Учурда элдин суранычы боюнча “Алтын энем” деген ырыма клип тарттырып жатам...

толугу менен
«СЕНИН КҮЙӨӨҢДҮ ТРЯПКА ДА КЫЛБАЙМ»
№2470 6000 0


Ошентип, “паччагыбызды” чыгарган Замир Мырза тамаша эстафетасын Гүландага узатты. Демек, бул жолку «Тамаша тор» рубрикабызда конокто ырчы Гүланда. Андыктан, бул кызыбыздын нервинин бышыктыгы канчалык деңгээлде экендигине сиздер менен бирге күбө бололу.

толугу менен
СЕЗИМ ТАМЧЫЛАРЫ
№2470 6488 0
  • Унчукпа... Бакыт, сүйүү жөнүндө айтпагын. Сөздөр желге тарап кетет да, унутулат. Тек гана көздөрүмө тигил...
  • Сүйүү согуш сыяктуу: баштоо оңой... аяктоо кыйын... унутуу мүмкүн эмес...
  • Мен мурда эле билчүмүн: бир күн – 24 саат, ал эми бир саат – 60 мү­нөт. Бирок, сенсиз өткөн бир күн бир кылым экенин билген эмесмин.
  • Сен менин жүрөгүмдүн жай музыкасы, сүйүүмдүн ханышасы, бейиштин кушусуң...

  • толугу менен
    2006-жылдын супер ди-джейи Чыңгыз Мырзаев: «УШУЛ УБАККА ЧЕЙИН ӨБҮШҮП КӨРӨ ЭЛЕКМИН»
    №2460 3362 0

    Нурбек, 16 жашта, Бишкек:
    – Чыңгыз аттуулар атактуу болушат эмеспи. Атыңызды Чыңгыз деп ким койгон?
    – Атымды ата-энем эле койгон. Өздөрү “чоң атаңдын уруксаты жок эле коюп алганбыз” деп тамашалап айтып калышат. Адамдар ар бир кадамын жакшы ниет менен жасайт эмеспи. Ошондуктан, мен төрөлгөндө “Чыңгыздай залкар адам болсун” деген тилекте коюшса...

    толугу менен
    ЖАКУТ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
    №2460 5054 0

    Кызыл гүл көтөр­гөн куудул Жакут сыдыков 10-июль күнү кечинде автокырсыкка кабылды. Бул кырсык Бишкектин Совет жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде куудул менчик машинасы менен кетип бара жатканда болгон. Натыйжада, Жакуттун эки жамбашы сынып, машинасы жараксыз болуп калды. Учурда куудулдун ооруканада дарыланып жаткан кези. Жаңы түзүлгөн тандемдеши Назира Жетигенова Жакуттун абалын сурап, эки бутунун бири ооруканада болуп...

    толугу менен
    ШОУ-БИЗНЕСТИН ӨЗ ЖАНА ӨГӨЙ БАЛДАРЫ КИМДЕР?
    №2460 6318 0

    Жаш ырчылар менен кошо жергебизде шоу-бизнес да өнүгө баштады десек болчудай. Мына ушул шоу-бизнес менен бирге продюсерлик да модага айланды. Ырчыларды продюсери менен иштешип жатканда теле-радио, гезит-журналдардан тынымсыз чыгып жатканын көрөсүң. Эгерде кокустан пикир келишпестик болуп кетип, ырчы продюсеринен бөлүнсө эле ал шоу-бизнестин өгөй баласына айланып калып жаткан учурлар да болууда. Сөзүбүз куру болбош үчүн төмөндө мисалдарды келтирдик.

    толугу менен
    АТАКТУУЛАРДЫН БАЛДАРЫ
    №2460 9985 0

    «Каныңдан жаралган бала – жашоого жарык берген шам чырак» демекчи, ар бир адамдын жашоосунда өз баласы эң башкы орунда турат эмеспи. Анын сыңарындай, ааламга аты таанылган дүйнө жылдыздарыбыз да балдары менен өздөрүн толук бактылуу деп эсептешет. Анда «Кайсы жылдыздын канча баласы бар, аттары ким, алар канча жашта, эмне менен алектенет?» деген сыяктуу суроолорго жоопторду тө­мөнкү макаладан табасыз, урматтуу окурман…

    толугу менен
    АЛЕКС: «УЛУТУМ ОРУС БОЛСО ДА, ӨЗҮМДҮ КЫРГЫЗМЫН ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»
    №2450 2456 0


    Кыргыз тилин өз тилинен таза сүйлөп, бул тилде ырдаганын уккандар Алекстин орус улутунан экенине ишене беришпейт. Болгондо да патриоттук темадагы ырларга басым жасаган бул жигит 1984-жылы 30-июлда Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн. Бир үйдүн жалгыз баласы. Үйбүлөлүү


    толугу менен
    САНЖАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙТ
    №2450 2877 0
    Бир кездеги ичкиликтен да, тамекиден да баш тартпаган шок жигитибиз Санжар Бердибеков жашоо образын өзгөрттү. Дегеним, Санжар азыр беш убак намаз окуп, эки сөзүнүн биринде “иншалла” сөзүн кайталап, теспе кармап отурган кези. Эми Санжар чыгармачылыгын да биротоло таштоо алдында турат. Август айында Россияга гастроль менен барып, ал жактагы кыргыздарга концерт коюу менен бирге мекендештерин дааватка чакырып келмекчи. Ушундан соң Санжарды сахнадан эмес, мечиттен гана кезиктирип калат өңдө­нөбүз.
    толугу менен
    АТАКТУУЛАР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУН КАЙДА, КАНТИП ӨТКӨРҮШӨТ?
    №2450 7693 0


    Көптөн-көп күттүргөн жумуштан бошоп, эс алуу мезгили келип калды. Бул убакта айрымдар салкын төр жайлоого качышса, кээ бирөөлөр көгүлтүр көлдү көздөй сапар алышат. Ал эми кээ бирлери жумуштан бошогондо үй иштерин бүтүрүп алууга аракет кылышат экен. А биздин элге белгилүү инсандарыбыз кантип эс алышаарына кызыгып, өздөрүнөн сурап көргөн элек.

    ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ:
    – Менин иштерим чачтан көп болгондуктан, эс алууга убакыт...


    толугу менен
    АЙБЕК МЕНЕН ГҮЛАНДА БИРГЕ ЖАШАЙБЫ?
    №2451 15287 0
    – Саламатсыңарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты? Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге менин бир өтүнүчүмдү орундатып коюуңуздарды суранам. Ырчы Айбек Карымов менен Гүланданы мындан эки жума мурда Акталаада бир машинада кетип бара жатышканын көрдүм. Балким, концерт койгону келиштиби дейин десем, эч кандай деле концерт беришкен жок. Эмнегедир элдер экөөнүн ээрчишип жүргөнүн...
    толугу менен
    «ПАЧЧАГЫҢДЫ ЧЫГАРЫП ТАШТАЙМ»
    №2451 7688 0
    Өткөн саныбызда бул рубрикабыздын коногу Сапар Эркебаев болгон эле. Шарт боюнча Сапар кийинки тамаша эстафетасын бир ырчыга сунуу менен бирге ал ырчынын жашыруун же биз билбеген жактарын айтып, “розыгрыш” кызыктуу болуусуна шарт түзүп бериши керек болчу. Бул жөрөлгөнү Сапар эске алып, учурда Замир менен Нелянын “Кайып булак” деген кинодогу негизги каармандардын ролдоруна тартылып жатышкан кездерине байланыштырып, Замир Мырзаны...
    толугу менен
    МИТХУН ЧАКРАБОРТИ
    №2450 5414 0
    Кинотеатрларга барып алып жүрөк козгогон индия кинолорун көрүп көз жаш куюлган учурлар эсиңизде болсо керек. Ал эми жөн гана кино көрүп отурган адамды ыйлаткан актёрлордун талантына тан берсе болот. Ошондой таланттуулардын бири болгон легендарлуу Индия киноактёру Митхун Чакраборти тууралуу кененирээк маалыматтарды сиздерге гезитибиздин бүгүнкү санында сунуштайбыз.
    толугу менен
    «АРТЫК & САПАР» ДУЭТИ ЭМНЕ ҮЧҮН ТАРКАДЫ?
    №2440 3263 0


    Шоу-бизнестин кезектеги дагы бир сенсациясы пайда болду. Башкача айтканда, сахнада такай эгиз козудай ээрчишип жүргөн ырчы жигиттер Артык менен Сапар чыгармачылыкта эки башка жол менен кетүүнү туура көрүшүптүр. Мунун себебин Артык, Сапар жана алардын продюсери Дана төмөнкүчө тү­шүн­дү­рүш­тү...

    толугу менен
    САЙКАЛДЫ АПАСЫ НАЧАР ОКУГАНЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫ
    №2440 3973 0

    Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары...

    толугу менен
    КЛИП КАНТИП ТАРТЫЛАТ?
    №2440 4919 0

    Кийинки учурларда телевидениеден жаңы клиптер биринин артынан бири көрсөтүлүп жаткандыгы маалым. Мындан аз гана жыл мурункуга салыштырганда клип тартуу жагынан өсүп баратканыбызды далилдеген бул көрүнүш албетте, кубантпай койбойт. Даяр болгон клипти көргөн адамга бул өнөр жеңил туюлганы менен анын ичиндеги түйшүктү көпчүлүк сезе бербесе керек...

    толугу менен
    АРТТА КАЛГАН АЛТЫН БАЛАЛЫК
    №2440 6807 0


    Балалык. Кандай жакшы сөз. Мүмкүн болсо ошол кезге бир барып, кайра кайтып келгиң келет. Биздин белгилүү адамдарыбыз да кезинде бала болушкан. Алардын балалыгына саякаттагыңыз келсе, биздин “Артта калган алтын балалык” рубрикабызды калтырбай окуңуз. Бул жолу белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов балалыгын эскерет.

    толугу менен
    ЖАНЫБЕКТИН ЖАШ АНЫКТОО ЫКМАСЫ
    №2440 5236 0
    Кадимки эле Жаныбек жөн турбай бир кызга тийишип атат дейт:
    – Чоң кыз, “аялзатынын жашын сурабайт” деп коюшат. Бирок, сиздей кыздан кантип сурабай коё алам? Атыңызды сурабаганым үчүн кечиресиз, жашыңыз канчада?
    – Канчада экеним сыртымдан эле көрүнүп турса керек, канча бересиз?- десе, анда Жаныбек:
    – Эми-и, оймоктой оозуңузга караганда, 16да окшойсуз. Кашыңыздын серпилишине карап, «17деби?» деп да ойлоп кеттим. Жүзүңүздөн чачыраган нурлардын айтымында, 20да...

    толугу менен
    К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
    Супер-Инфо 20 жашта
    Шоу дүйнө
    Маданият
    Саясат
    Иликтөө
    Турмуш
    Крим-инфо
    Спорт
    Эробекет
    Жан дүйнө
    Түркүн дүйнө
    Алтын балалык
    Укуктук кеӊеш
    Илим жана техника
    Ден соолук жана сулуулук
    Психология жана үй-бүлө
    Тиричилик, бизнес
    Ашкана сырлары
    Жылдыз төлгө
    Маалымдама
    Көз караш
    Эмгек жарчысы
    Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
    Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
    Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
    Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
    SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    p
    Рейтинг@Mail.ru
    Биз социалдык тармактарда:
    Кирүү
    Каттоо