Жолдошу Мирлан менен дуэт ырдоодон тышкары “Арман эй”, “Сагынам”, “Кумарым” жана башка түркчө, англисче ырлары менен эл оозуна алынган Асел Кыдыкова эки жылдан бери сахнадан көрүнбөй келет. Буга анын сахнаны таштап, Кудай жолуна түшүп, беш маал намаз окуп кеткени себеп болгонун көпчүлүк билсе керек. Биз билген ырчы кыз азыркы убакта эмне менен алектенип жүргөнү тууралуу Аселдин өзү менен маек курган элек. Кызыгы, Асел атайын гезитке сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты...
Кыргызстан эмес, Казакстанга келин болгон Кенже Дүйшеева чыгармачылыкка кайрадан киришкени турат. Бирок бул жолу легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунда эмес, жеке ырдап калат окшобойбу...
Башына чыгыш жоолугун салынып, чөл кезип, дербиштин кейпин кийип ырдаган Мистер Кредо чындыгында эле табышмактуу адам. Анын табышмактуулугу ырларында, өзүнүн эч кимге окшобогон имиджинде жана сырга бекем мүнөзүндө. Ушундан улам Мистер Кредонун көзүнүн өңүн, улутун билбей келгендер бар. Анын “Мама Азия”, “Медляк”, “Чудная долина”, “Я улетаю” деген ырлары миңдеген мызыка күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып келет.
Роза уулдуу болду... Алпаруучу Роза Ибраимова уулдуу болуп, энелик бакытка балкып жаткан чагы. Ырчы Данияр Эрматов имиджин өзгөртүү алдында турат. Ал "чачымды кырдырып, таз болом" дейт.
Айчүрөк Иманалиева тарбиялаган кыздарын кийингенинен тартып ырдаганына чейин өзүнө окшоштуруп таптап келет эмеспи. Алсак, Айчүрөк айымдын колунан Анжелика ырчы болуп чыккан. Эми Айко жана Жазгүл аттуу кыздарды сахнага үйрөтүүдө...
Баку шаарындагы “Азербайжан” кинотеатры “Август. Сегизи” деген тасманы коюудан баш тартты. Фильмде 2008-жылы август айынын сегизинде Түштүк Осетияда болгон согуш баяндалат. Эсиңиздерде болсо, август айында грузиндер...
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |