Ылгоо: күнү | кароолор | пикирлер | рейтинг боюнча
УМА ТУРМАН КОШ БОЙЛУУ
№4100 2085 0
Атактуу актриса Ума Турмандын манжасында нике шакеги пайда болгонуна көп болгон. Бирок суроо салгандарга ал табышмактуу жылмаюу менен кутулчу. Бул жолу ал өзүнүн боюнда бар экенин жана баланын атасы миллиардер Арпад Бюссон экенин коомчулукка айтууга аргасыз болду.
толугу менен
ЛЕСЛИ НИЛЬСЕН ДҮЙНӨ САЛДЫ
№4222 2085 0
Ар кандай ролду тартын­бай аткарган комедиялык актёр Лесли Нильсен 84 жашында дүйнө салды. Ал үстүбүздөгү жылдын ок­тябрь айында өпкөсү сезгенип, ооруканага жаткан эле. Карылык бул ооруну көтөрө албай койгон көрүнөт. Нильсен бул күнгө чейин 100дөн ашык тасмада роль жараткан.
толугу менен
ЫРЫСКЕЛДИ ОСМОНКУЛОВ МЕЛДЕШ ӨТКӨРӨТ
№4300 2085 0
28-январь – КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун туулган күнү. Тармал чач агабыз билинбей кырктын кырынан ашып калыптыр. Жыл сайын бул датада ырчы досторунун башын бириктирип, алардын арасында бильярд боюнча мелдеш өткөрүп келет...
толугу менен
«ГОРОД 312» ТОБУ 3D ФОРМАТЫНДА КЛИП ТАРТТЫ
№4141 2086 0
Кыргызстандан чыккан "Город 312" тобу Орусиянын шоу-бизнесине жаңылык киргизди. Алар алгачкылардан болуп 3D форматында клип тартышты. Ыр “Жардам бер” деп аталат. Клипти атайын көз айнек менен 3D-манитордон гана эмес, кадимки компьютерден да көрүүгө болот...
толугу менен
БИКБАЕВ МЕНЕН МЕЛАДЗЕ ЭМНЕНИ ТАЛАШЫШАТ?
№4410 2086 0
Продюсер Константин Меладзе жана “БиС” тобунун экс-ырчысы Дмитрий Бикбаевдин ортосун кара мышык аралаган. Учурда Меладзе топто ырдалган ырларды Бикбаевдин аткарып чыгуусуна тыюу салды. Эгер аткара турган болсо, ал автордук укугунан пайдаланып сотко арыз менен кайрыларын жашырган жок...
толугу менен
БАЙЫШ МОМУНОВ «ЗАМАНАНЫ» САГЫНЫП...
№4371 2087 -1
Коомдук каналдагы “Замана” берүүсүнө Байыш Момунов кайрадан кайтып келди. Жетекчиликтен иштөө сунушу түшкөндө, чындыгында, ырчы сүйүнгөн. Анткени алпаруучулук ишин таштагандан кийин деле Байыш Момунов “Замананы” сагынып жүргөн...
толугу менен
АЛИША КИЗ ЭНЕ БОЛДУ
№4161 2088 0
29 жаштагы америкалык ырчы Алиша Киз продюсери жана жолдошу, рэп ырчы Свиз Битц экөө уулдуу болушту. Ымыркайга ата-эне Египт Дауд деген ысым ыйгарышты. Египт Дауд ырчы кыздын тун баласы болсо, Свиздин төртүнчүсү. Анткени мурунку никесинен балдары бар.
толугу менен
АЙБЕК МЕНЕН ГҮЛАНДА “КЫЗДУУ” БОЛУШТУ
№3690 2090 0
Ыя, деп калдыңызбы? Гүланда “сүйүнчү, кыздуу болдук!” деп биздин да оозубузду ачырды. Тактап сурасак, Сабира, Максат аттуу жаш...
толугу менен
ТЭЙЛОР МОМСЕН АКТРИСАЛЫКТЫ ЖЫЙЫШТЫРДЫ
№4620 2093 0
«Ушакчы» («Сплетница») сериалынан кийин популярдуулукка ээ болгон актриса Тэйлор Момсен актрисалыкты таштоону чечти. Мунун себебин ал рок ырчысы болууга бел байлаганы, бул жан дүйнөсүнө жакын нерсе экендиги менен түшүндүрдү.
толугу менен
ЭЛТОН ЖОН ТУУРАЛУУ ТАСМА ТАРТЫЛАТ
№4301 2096 0
Бир гана таланты эмес, жүрүм-туруму ме­нен дайым сен­сация чордонунда келген ырчы Элтон Жон өзү тууралуу тасма тарттырууну туура көрдү. Ырчынын өмүр баянынын кызык экенинен шек болбосо керек. Анын сценарийин Ли Холл жазууда. Баса, ырчы жакында эркек түгөйү экөө уул багып алышты.
толугу менен
АЛЕК БОЛДУИН ҮЙЛӨНӨТ
№4610 2096 1
53 жаштагы актёр Алек Болдуин эми бойдок эмес. Анткени бир нече айдан бери актёрду 27 жаштагы йога боюнча инструктор Хилари Томастын компаниясында жүргөнү айтылууда...
толугу менен
ЖОН ТРАВОЛТА УУЛДУУ БОЛДУ
№4220 2097 0
2009-жылы актёр Жон Траволтанын үй-бүлөсүндө трагедия болгон. Ал 16 жаштагы уулунан ажыраган. Эми бул үй-бүлөдө кубаныч, күлкү. Анткени наристелүү болушту. Ымыркайга Бенжамин деген ысымды ыйгарышкан. Учурда наристенин да, эненин да абалы жакшы.
толугу менен
КУУРЧАКТАР ТОМОГО САЛАТ
№4331 2097 0
Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры жазында Түркияга барууга камынууда. Алар эл аралык фестивалга Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде коюлган “Томого” спектакли менен барышат...
толугу менен
СЕМА КӨП АКЧАДАН БАШ ТАРТТЫ
№3840 2100 0
Сема 6-7-мартта Москва шаарындагы элита каймактары эс алган ресторандарда кыргыз ишкерлери үчүн концерт коюп келди.
Кызыгы, ресторанда музыкант...

толугу менен
ЖАМИЛЯ МЕНЕН СОТТУН ТӨРАГАСЫНЫН ЭМНЕ БАЙЛАНЫШЫ БАР?
№4370 2100 0
Бир гана ырчылык менен эмес, Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүндө вокалдан сабак берген мугалим Жамиля Муратова продюсердик иштерге көбүрөөк басым жасап жаткан кези. Алсак, Силима Абдылдаева, Назик Кудайбердиева жана башка көптөгөн кыздарды тарбиялоодо...
толугу менен
«АЯН» ТОБУ ШОУ-БИЗНЕСТИН ЭЛЕГИНДЕ
№4090 2102 0

Өзгөндүн өрт жигиттери Жумали менен Санжар буга чейин жеке ырчы катары ырдап келишсе, эми топ ачышты. Топко ырчылар “Аян” деген ат коюшту. Жигиттерден түзүлгөн топ алымдуу болбойт дешкенби, ырчы кыздар үчүн кастинг да өткөрүшкөн...


толугу менен
ПИТТ МЕНЕН ЖОЛИ ДАГЫ ОСОБНЯК АЛЫШТЫ
№4040 2103 0
“Солт” тасмасынан кийин атактуу актриса Анжелина Жолинин капчыгы мурункудан да калыңдай түшкөнбү, айтор, жолдошу Питт экөө Италиядан 40 миллион долларга дагы бир особняк сатып алышты...
толугу менен
МАКСАТ ДАГЫ АТА БОЛОТ
№4241 2103 0
Коён жылы баш багары менен Максат Бегалиевдин үй-бүлөсүнүн курамы көбөйгөнү турат. Дегенибиз, ырчы жигит өмүрлүк жары экөө январь айында перзент күтүшүүдө. “Буюрса, Айтоо балам инилүү болот”,- дейт кубанычын жашыра албаган Максат.
толугу менен
«ПАРИЗАТ» ТОБУ САХНАДАН АЛЫСТАБАЙТ
№4140 2104 0
“Арашан” ансамблинин алдында түзүлгөн “Паризат” кыздар тобуна быйыл 5 жыл болот. Топтун негиздөөчүсү – “Кыз-Бурак” эстрадалык тобунун алгачкы карлыгачтарынын бири Кишимжан Мамытова. Аталган топ кыргыз фольклоруна басым жасап, элдик ырларды аткарып жүргөнү көпчүлүккө маалым...
толугу менен
ЫРДАЙМ ДЕСЕҢ, ИСЛАМГА БАР
№4300 2104 0
Шоу дүйнөгө жаңы толкун келери менен аларды жандай продюсерлер да көбөйгөн. Кумар Асанов менен KG Эльмураттын продюсери Ислам Сатаровго эки ырчы аздык болуп жатканбы, айтор, продюсерлик кылуу жаккан окшойт, учурда жаңы долбоор ачып, таланттарды издей баштады...
толугу менен
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо